ЖАҢЫ ҮЛГҮДӨГҮ АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК КӨРСӨТҮЛДҮ

№1199

Өкмөт айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсүн бекитти. Бул тууралуу 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

– Жаңы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана үлгүсү бекитилди. 2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү берүү бул айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт,- деп айтылат маалыматта.

Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн узундугу 8,5 сантиметр, туурасы 5,4 сантиметрди түзөт. Ал эми калыңдыгы 0,76 миллиметр болору айтылды.

Жол кырсыктарынын көбөйүшү өлкөдөгү автомектептердин, айдоочулук күбөлүк берүүчү мекемелердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Буга чейин жеке менчик автомектептерди жоюп, бул ишти толугу менен мамлекеттин колуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Андан тышкары 2026-жылдан тарта эски айдоочулук күбөлүктөр жаңысына алмаштырылууга тийиш. Алмаштыруу акысыз, экзамендер талап кылынбай турганы айтылган. Ошондой эле күбөлүктүТүндүктиркемеси аркылуу онлайн форматта алууга мүмкүн. Жаңы күбөлүктөр деле мурдагыдай 10 жылдык мөөнөткө берилет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо