№1200
Жаш талант Арууке Абдыкалыкова чыгармачыл кыргыз жаштарынын жаңы өкүлү катары элге тааныла алды. Ырчылык жана актёрдук чеберчиликти айкалыштырган Арууке айым “Раймалы менен Бегимай” мюзикли аркылуу жарк этти. Көркөм тасмаларда да баш каармандын образын жаратууга жетишти.
– Салам, Арууке айым! Атактуу мюзиклдан кийин эле көркөм тасмада башкы каармандын ролун аткардыңыз. Сизге ийгилик жылмайды көрүнөт?
– Саламатсыздар. Ооба, Бегимайдын ролунан кийин дароо эле “Агатай” тасмасында башкы каармандын ролун жараттым. Режиссёр Самат Эркинбеков тасмага чакырып калды, сценарийин окуп жактырдым. Ал ролду аткарыш үчүн үч музыкалык аспапты үйрөнүшүм керек болду. Сыбызгы, жетиген, комуз. Үчөөнү тең тез арада үйрөндүм. Киночулар “киного бир келген адам оңою менен ал жактан кете албайт” деп коюшат экен. Анын сыңарындай мага да роль аткаруу жакты. Азыр тартуу учурун кубаныч менен эстейм, команданы сагынам.
– “Раймалы менен Бегимай” мюзикли элге жакты. Режиссёр элдин маанайын байкап, ушундан улам Бегимайды ойногон сизди тасмага чакырдыбы?
– Жок, билишимче, бул сценарий мюзиклга чейин жазылыптыр. Самат Эркинбеков андан мурун “Карындаш” деген тасма тартпады беле? “Агатай” тасмасы ошонун уландысы катары болду. Сценарий боюнча кыз мурунку заманга түшүп калыш керек болгондуктан, биринчи тасманын уландысы катары тартылды. Башкы каарманды издегенде эски заманга ылайыктуу жүз керек дешип, мени тандашыптыр.
– Аздыр-көптүр элге тааныла алдыңыз. Бул сиздин мээнеттин үзүрүбү же бактылуу кокустукпу?
– Биринчиден, бардыгы Кудайдын буйругу менен болот. Азыркы ийгилигим – менин көп жылдык эмгегимдин үзүрү десем болот. Анткени музыка жаатында сегиз жыл окудум. Азыр да студентмин, он гүлүмдүн бири эле ачылды деп ойлойм. Дагы бир нерсени айтып кетким келет, жогоруда “менин ийгилигим” деп баса белгилеп айтып алдым. Чындыгында бир жүздү элге таанытыш үчүн көп адамдын салымы болот экен. Артымда мени элге таанытууда көп адамдын эмгеги бар. Ата-энем, устаттарым, жолдошумдун мага болгон колдоосу менен ушул нерселерге жетип келе жатам.
– Жылдыз болууну кандай кабыл алдыңыз?
– Көптөн күткөн нерсе болчу. Музыка тармагында окуп жүргөндүктөн элге таанылуу – бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп кабыл алдым. Ар бир ырчы кайсы бир күнү жылдыз болом деп максат кылат эмеспи. Мен буга моралдык жактан даяр болчумун. Жылдыз болууга ушунча жылдан берки устатың даярдайт, түшкөн жолуң даярдайт, өзүң деле даяр болуп каласың. Ал эми процессте өзүмдү токтото албай калдым (күлүп). Анткени төрт ай бою Бегимайдын ролу менен алышып, тытынып отуруп чыгардык, күн сайын даярданчубуз. Кийин тасмада да ошондой режим менен иштедик. Жайында бир-эки ай бош болгондо өзүмдү токтото албай “дагы эмне кылып жиберсем” деп жулунуп жатканымды байкадым.
– Ырчылык жана актрисалык. Бул экөө эки башка максат, эки башка багытпы сиз үчүн?
– Мен үчүн түпкүлүгүндө бир эле нерсе. Учурда опера жаатында окуйм. Арияларды, опералык ролдорду аткарганда сөзсүз бир каармандын ички сезимдерин, уйгу- туйгусун ырдап жана аткарып бериш керек. Аны да, муну да бир алып кеткенге болот. Бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай колдонуп калгым келет жана колдонуп жатам.
– Ыйлаш керек болгон жерден ыйлап, баарын шыр эле аткарган экенсиз да...
– Ооба, ал жактан маселе болгон жок. Болгону башында өзүмө өзүм ишенбей ойноп жаткансыдым. “Кайра бир дубль кылалычы” деп суранган учурлар болду. Ошондо Самат байке мага түшүндүрдү. “Эгерде режиссёр ошол эпизодду тартылды десе, демек, тартылды. Сен өзүңдү “сулуу тартылдымбы?” деп карайсың, ал эми режиссёр жалпы образды ачып бере алдыбы деп карайт. Эгерде окшошпой калган жерлери болсо өзүм айтам” деди. Ошондон кийин көңүлүм тынч алды.
– Ырчылык карьераңызда чоң тобокелчилик кылдым деген кадамдарыңыз болдубу?
– Болду. Төрт жыл флейта аспабында ойноп, окуусун окугам. Аспапчы элем, Улуттук консерваторияга да флейта бөлүмүнө тапшыргам. Бир айдан кийин эле күтүүсүздөн опера-вокалга которулуп кеттим. Бул чечим абдан тез чыккандыктан өзүм деле бир айдай кабыл ала албай жүрдүм. Ага чейин да актёрдук чеберчилик боюнча Москвада окуу же Кыргызстанда калуу деген тандоонун алдында туруп, мекенимде калууну чечтим эле. Ушул эки чечимимди тобокелчилик деп ойлойм.
– Канча музыкалык аспапта ойной аласыз?
– Флейтаны абдан жакшы ойнойм деп айта алам. Домбраны мюзиклга катышып калганым үчүн үйрөндүм, комузду, жетигенди, сыбызгыны тасмага тартылыш үчүн үйрөндүм. Мурда флейтада ойноп жүргөнүм үчүн сыбызгы, жетигенди үйрөнүп кетиш оңой болду. Негизи музыкалык база болсо жакшы эле алып кете алат экенмин.
– Жеке жашооңуз, жолдошуңуз тууралуу айтып берсеңиз...
– Кудай кошкон адамдар деп коюшат эмеспи, биз ошондой болсок керек деп ойлойм. Мен 24 жаштамын, ал менден бир жаш кичүү, музыкант. Студентпиз экөөбүз тең. Бардык эле үй-бүлө башында бир нече этаптардан өтөт эмеспи. Таң калуу, кабыл алуу деген сыяктуу. Эки жыл болду баш кошконубузга, азыр бир бүтүн болуп калгандайбыз. Бардыгын ага ишенип тапшыра алам.
– Эрте баш кошуп алыптырбыз деген ой болгон жокпу? Анткени учурда 22 жашта турмушка чыгуу эрте деп кабыл алынып калгандай...
– Турмушка чыгып жатканда эле өзүмө “эч качан өкүнбөйм” дегем. Фокусту үй-бүлөгө коюуну, өзүм тандаган адамга баш кошууну, мындан башка эч бир нерсе биздин жашообузга кийлигише албайт деп чечкем. Кыскасы, эмоция эмес, акылдын жана жүрөктүн бекем чечими менен турмушка чыккам. Эми кимдин жашоосунда кыйынчылык болбойт, бирок берген сөзүмө турдум. Азыр ырас эле ошондо турмушка чыгыптырмын, ырас эле азыр жолдошум бар деп ойлойм. Анткени ал мени бардык жактан коргоп алды. Фокусум чачырабай, үй-бүлөмө анан карьерама гана арналып жаткан учур.
– Андай болбой эле койсун, бирок карьера же үй-бүлөнүн бирин тандаш керек болуп калса, тараза ташы кайсы тарапка оойт?
– Сөзсүз үй-бүлө тарапка оойт. Бирок андай тандоо болбой эле койсун деп тилейм.
– Сүйүү жок болбосо да, убакыттын өтүшү менен басаңдайт, формасын өзгөртөт дешет. Андай этапта жубайларды эмнелер бири-бирине байлап турушу керек деп ойлойсуз?
– Сый-урмат байлап турушу керек го. Сүйүү кетсе деле ордуна сый, жакындык, көнүмүш адаттар калат эмеспи. Ошолорго байланып жолду улантуу кажет. Бирок сүйүү толугу менен өчпөйт...
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |