№1200
Өлкөнүн Конституциялык соту 10-декабрда “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушту карады. Долбоордо балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү кылмыштары үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган эле. Бирок Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга каршы келет, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес. Аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык соттун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш,- деп билдирди Конституциялык соттун маалымат кызматы.
Баш мыйзамды өзгөртүүнү, өлүм жазасын колдонууга киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору быйыл октябрь айында резонанстуу кылмыштардан кийин коомдук талкууга коюлган эле. Бул арада БУУ Кыргызстанды өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесинен баш тартууга чакырды. Ал эми Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев өлүм жазасын киргизүү же киргизбөөнү эл референдум менен чечиши керектигин айтты. 2-декабрда президент Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүү боюнча сунушту Конституциялык сотко жөнөткөн.
Учурда өлкөнүн Баш мыйзамы өлүм жазасына тыюу салат. Тышкы иштер министрлиги да Конституциялык соттун чечимин колдоп, өлкө эл аралык милдеттенмелерди аткарышы керектигин белгиледи.
– Өлкө кошулган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана мында денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички мыйзамдарга өлүм жазасын киргизүү өлкөнүн өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келмек,- деп билдирди ТИМ.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |