№436 11-17-март, 2011-жыл
Адамды бирде тоого чыгарса, бирде аңга түшүргөн анын өз сөзү эмеспи. «Айтылган сөз – атылган ок» деп бекеринен айтылбаса керек. Төмөндө айрым атактуулардын мурунку айтылган сөздөрүн эсине салып, жооп алганга аракет кылдык.
Гүланда:
«ҮЙЛӨНҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ МАСЕЛЕГЕ ЧЕКИТ КОЙГОНБУЗ»
«...Кудай сактасын, Айбек байке экөөбүздү чыгармачылык гана байланыштырат. Мындан башка нерсе болушу мүмкүн эмес. Анан да менин жигитим бар».
«Супер-Инфо», №-228, март, 2007-жыл
Мезгилдин канат кагышы менен баары өзгөрүп, бир кезде чыгармачылык гана байланыштырган байкесинин жары болуп отурган Гүландага кайра эле ушул суроо менен кайрылдык.
Гүланда: – Ал убакта Айбек экөөбүз жаңыдан иштеше баштаган кез эле. Чындыгында эле мен Айбекти агамдай сыйлачумун, ортобузда сый жана чыгармачылык гана мамиле болчу. Арадан 4 жыл өттү, ошондогу сый мамилебиз сүйүүгө айланды. Кудайдын маңдайга жазганы экен, үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болду, азыр бактылуу жашап жатабыз.
«...Буюрса, окуумду бүтсөм, кесибим боюнча юрист болуп иштесем деген оюм бар. Анткени мен бул кесиптин ээси болуш үчүн көп аракеттенгем. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, өз күчүм менен бюджеттик бөлүмгө өткөм».
«Супер-Инфо», №-214, декабрь, 2006-жыл
«Тамашоунун» «атасы» аталып жүргөн бул жигиттин чыныгы кесибин эсине салып, суроо узаттык.
Эрмек Нурбаев: – Азыр деле көп убактымды өз кесибиме бөлгөн жокмун. Учурда юридика адистиги боюнча аспирантурага тапшырып, окуп жатам. Буюрса, 3 жылдан кийин сабакка жакшы көңүл бөлүп окусам, юридика илиминин кандидаты болуп калам деп ойлойм. Андан тышкары Бишкек шаардык адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы болуп иштеп жатам. 1-курска тапшырган мезгилдеги «юрист болом, адвокат болом» деген кыялым дагы деле бар, бирок чыгармачылыкка алаксып, өз кесибиме жакшылап көңүл бөлө албай калдым.
«...Продюсерлик деген өтө эле кайрымы жок жумуш экен. Эмгегиңдин баарын жумшап эле, аягында өзүң куру жалак кала берет экенсиң. Эл «продюсерлер ырчыларды иштетип, акчаларын жеп жатат» деп ойлошот. Биздин аз да болсо эстрадага салымыбызды кошолу деп өзүбүз ачка калсак да акыркы акчабызды ырчыларыбызга жумшаганыбызды эч ким түшүнгүсү келбейт. Эл эле эмес, ырчылардын өздөрү да кээде ушинтип ойлошот. Мына ушул нерселерден көңүлүм калып, мен азыр продюсерлигимдин аягына биротоло чекит койсомбу деп турам».
«Супер-Инфо», №-220, январь, 2007-жыл
Шоу-бизнестин чыры көкөйүнө тийсе да, кесибинин патриотубу, Канат Култаев дагы деле жаш таланттарды канатына калкалап келет. Неге десеңиз?..
Канат Култаев: – Мен минтип айткандан бери 4 жыл өттү. Башында продюсер деген түшүнүктү эч ким анчейин биле берчү эмес. Бара-бара продюсердин ким экенин, анын эмгегин, эмне кыларын ырчылар да, эл да түшүнүп калды. «Көңүлүм калган учурлар болот» деген сөздү азыр деле айтам. Бирок өз кесибиңди сүйсөң, көңүлүң калса дагы ак менен кара ээрчишип жүрөт экен. Чекит койгум келген учурлар болгон, бирок эмгегиңди баалаган, сага муктаж болгон адамдын ишеничине киргенден кийин сөзсүз түрдө анын ишеничин акташ керек да. Балдар менен 3-5 жылга келишим түзөбүз, ушул убакыт аралыгында аларга колдон келишинче жардам бергенге аракет кылам.
Асыл Орозбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Олуп баратса да уй-булосунун убалынан коркуп, кудайды бир эстеп коюшу керек эле.
Гуланда акылы тар аял экен.