Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1200

(Башталышы өткөн сандарда)

Акбардын жүрөгү солк эте түштү. Айкөл эч качан телефонун өчүрүп койчу эмес эле. Эгерде бир иши чыгып калса сөзсүз кайда бара жатканын, эмне кыларын айтып же жазып койчу. Балким, бир нерсе болдубу, телефону бузулуп калдыбы деп күттү. Бир саат өттү. Телефон чалса дагы деле өчүк. Эки саат өттү. Эми чындап корко баштады. Эптеп туруп кийинмей болду. Мууну калтырап, жыгылып кете жаздаса да болбой кийимдерин шкафтан чыгарды. Муну байкаган Мариям жанына келди. 

– Эмне болду?

– Машинемдин ачкычы кайда?

– Кайда барасың?

– Айкөлгө, телефон чалсам албай жатат. Ага бир нерсе болдубу деп коркуп жатам.

– Бул абалыңда машине айдай албайсың.

– Анда такси чакыр. Мен барышым керек. Башына бир сыноо келдиби...

Акбар туталана кийимдерин кие баштады. Эпке келбей жаткан бир колун катуу булкуп, кыйналып кийинип жатканын көрүп Мариям чыдабай кетти.

– Ал аман-эсен, бирок Кыргызстанда эмес.

– Эмне-е?

– Кетти.

– Кайда кетти?

– Билбейм, айткан жок.

Акбар ок тийген аюудай бакырып жиберди.

– Эмне деп жатасың, кантип эле мени бул абалда таштап кетип калсын? Жок, жок, ал андай кылбайт. Айкөл антпейт. Мени таштабайт ал...

Мариям колундагы конвертке салынган, дыкат чапталган катты сунду.

– Бул эмне?

– Кат.

– Ал каттын сенде эмне иши бар? Сен бир нерсе кылдыңбы? Сен мени түшүнгөндөй болдуң эле го. Дагы эмнени ойлоп таптың? Мени эч эле жайыма койбой койдуңар го...

Акбар кыжырлана катты жулуп алды.

– Мен эч кимге, эч нерсе кылганым жок,- деди Мариям ызалуу.

– Өзү кетти, өзү чечти. Менден болгону сага ушул катты берип коюшумду суранды. Башка эч нерсе билбейм. Бирок менден көрөрүңдү билгем.

– Сен кылдың, сен!

Ушинтип кыйкырып барып айласыздыктанбы же болгон ишти моюндагандыктанбы, буркурап ыйлап жиберди Акбар. Буттарынан ал кетип, отуруп калды, бирок жүрөгүнүн титирегени токтобой жатты. Мариям анын мындай абалына ичи ачышты. Же жанында карап тура албай, же жоошута албай, эмне кыларын билбей бир топко турду да, бөлмөдөн чыгып кетти. Акбар бир топто барып эсине келди. Уучунда мыкчыган катты ачкандан корккондой бир топ отурду. Бирок ачууга аргасыз эле. Жаштуу көздөрү менен окуй баштады.

... Жарык ... деп баштаптыр катта Айкөл. – Жарыгым, сизди оор абалда таштадым. Билип турам, азыр абдан мага жиниңиз келип жатат. Бирок бир аз убакыт өтүп, ойлонгондон кийин менин кылганымды туура деп ойлойсуз. Анткени сиз даанышман адамсыз.

Сиз мени керек болсо өлүмдүн чеңгээлинен сууруп чыккансыз. Оор абалымда жанымда болгонсуз. Жылыткансыз, дары болгонсуз мага. Мен да аз да болсо ошол жакшылыктын кайрымжысын кылгым келди. Кээде кетүү да бир жакшылык болот. Жакын адамыңа жакшылык кылуу үчүн кетүү керек болот экен. Сизге жакшылык кылгым келди. Жашооңузду мындан башкача жеңилдете албай турганымды билдим. Ооба, сиз мени башкача сүйдүңүз. Бирок чыныгы сүйүүдө ар кандай тоскоолдуктар болот экени да чын тура. Бизди эч  жайыбызга койбой коюшту. Түшүнүшпөдү. Мени акчаны көздөп, жашы улуу адамга турмушка чыккан кыз катары көрүштү. Сизди үй-бүлөсүн сыйлабаган, көпкөн эркек катары көрсөтүштү. Жумалап, айлап бизди жаман сөздөр менен  уулантышты. Аброюбузду тебелеп жатышканын да сезишкен жок. Эч күнөөбүз жок жерден карага чыгарышты.

Мага элдин кеби баары бир болчу. Бирок сизге оор тийди. Бизнесиңиз аксай баштады. Мен биздин наристебизди жоготтум. Эң жакын дегендер сизге аркасын салып кетишти. Акыры сизди инсульт кылып тынышты. 40 жашта ушундай ооруга чалдыктыңыз. Ооба, бул нерсенин баары сыноо. Кудайдын буйругу менен башыбызга келген нерселер. Акылым менен түшүнүп турсам дагы, жүрөгүм сиздин кыйналганыңызга чыдабай экиге бөлүнүп, балдарыңыздан эки башка жашап кыйналбасын дедим. Айтсам коё бербейт болчусуз. Ошол үчүн аргасыздан жашыруун кеткенге мажбурмун. Эч ким күнөөлүү эмес буга, мен гана күнөөлүүмүн. Убадама тура албадым! Алсыздык кылдым. Сиздин жаныңыздан артык мен үчүн кымбат нерсе жок. Жашооңуздан акырын чыгып кеткенге уруксат бериңиз. Билем, аябай жинденесиз. Бирок акыры мени түшүнөсүз деп ойлойм. Сиз менен аз убакыт болсо да бактылуу болдум. Жаралуу куш элем, канаттарымдын жарасын айыктырдыңыз. Эми өзүм уча алам.

Сизди аябай жакшы көрөм. Эгерде дагы бир жашоом болгондо сиз менен өмүрүмдү  ойлонбостон чогуу өткөрөт элем. Бирок бизге бир гана жашоо берилиптир. Сизди өмүр бою жүрөгүмдөн чыгарбайм. Устатым, жан жолдошум, акылманым, жакыным! Кудайдан сизге жакшы жашоо тилейм. Дубаларымдасыз. Мени издебеңиз, издесеңиз деле таппайсыз.  Айкөл.

Акбар колундагы кагазды тиктеп отура берди. Кечээ эле күлүп-жайнап жанында турган жакыны бүгүн жок. Мындан көрө өлтүрүп коюп кетсе эмне? Кетиптир, белгисиз жакка жол алыптыр. Кайсы каражат менен жашайт? Эмне кылат? Жок дегенде өзүнө жеке банктык эсеп ачып берип, акча салып койбогонуна өкүндү. Эмне болот, эмне кылат дегенди ойлосо жаны көзүнө көрүнүп жаткандай эле. Жок дегенде ага белек кылган алтындарды алды бекен? Ай, албайт го...

– Кежир кыз...- деп жинденип алды. – Кайда кеттиң сен? Мени ушундай абалда таштап кайда кеттиң. Эми мен эмне кылам?

Ордунан туруп кийинип алып такси чакырды. Мариям анын эмне кылып жатканын көрдү, бирок токтоткон жок. Баары бир токтото албасын билди.

Акбар Айкөл экөө жашаган үйгө келди. Жылуулугу сакталып туруптур. Эми эле алдынан чыга калчудай сезилип кетти. Мунун баары, балким, түш, азыр көзүн ачса жанында болот, балким... Көзүн ачты. Үйдү айландыра карап койду. Жалгыз экенин сезди. Барып Айкөлдүн кийимдерин карады. Көп нерсе албаптыр. Алтындары турган кутучаны карады. Баары ордунда турат. Шалдырап отуруп калды. Жүрөгүн кыскан кусалыкка чыдабай керебетке сулк кулады. Айкөлдүн жаздыгын кучактап алып жата берди. Жата берди...

 ххх

Аэропорттон чыккан Эламан эки жагын карады, көзү менен досун издеди. Акбар көрүнгөн жок. Тосуп алам дебеди беле, чын эле катуу ооруп жаткан окшобойбу... Бир аз карап турганда маңдайында турган Мариямды көзү чалды. Жүрөгү тыпырап кеткенин сезди. Мүмкүнчүлүк болсо артты көздөй качат болчу ушул тапта. Аргасыз ага кадам таштады.

– Мариям? Сенби?

Өзгөрүп кетиптир. Аябай өзгөргөн экен. Сулуу, кашы-көзү капкара болуп чийилген келинден ушундай санаалуу, муңайым бир аялга айланган экен. Болгону бою узун, арыкчырайлыгынан жазбаптыр. Канча болду көрбөгөнүнө...

– Менмин, эмне таанылбай калыпмынбы?- деди жылмайган Мариям.

– Жок, тааныдым. Кантип тааныбай калайын. Болгону Акбар тосуп алам деди эле, ал келген жокпу?

– Жок, ал азыр сенин келериңди деле эсинен чыгарып жиберди окшойт.

– Ушунча абалы оорбу?- деди коркуп кеткен Эламан.

– Жок, абалы жакшы эле... Өзү айтса керек. Кана, болгон жүгүң ушулбу?

– Ушул.

– Үйгө кеттик анда.

Эламан ийинин куушуруп анын аркасынан басты. Бишкек аябай өзгөрүп кетиптир. Келбегенине он жылдай болуп кеткен. Таптакыр башка шаарга келгендей таңыркап жатты.

– Шаар өзгөрүлүптүр,- деди күбүрөп.

– Ии, өзгөрдү, шаар дагы, анда жашаган эл дагы өзгөрдү,- деди салмактуу сүйлөгөн Мариям.

– Сен баягыдай калыпсың. Баягыдай эле сулуу...

Эламан чын дилинен айтты. Кайра эмне деп жатам дегенсип кыжалат боло түштү. Мариям ага таң кала тиктеп койду. Кичи пейилдик үчүн айткандай сезилди. Ошентсе да жагымдуу эле.

 

 

 (Уландысы кийинки санда)

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо