№1200
Бул жолу атактууларга “Акча табыш кыйынбы?” деген суроо узаттык. Албетте, иштин жеңили жок. Ошентсе да чыгармачыл инсандардын түйшүгү тууралуу кызыктуу окуяларын уктук.
Кубик Калыков, куудул: “Чүчпарага уулансак да, концертти аягына чыгарганбыз”
– Айрымдар “артисттер акчаны оңой эле таап аласыңар” дешет. Чынында концерт уюштуруу, программа түзүү кыйын иш. Билеттер сатылдыбы, даярдыктар бүттүбү деген ойлор болот. Ооруп жатсаң да сахнага күлүп чыгып, көшөгө артына өтүп ыйлап кызмат кыласың. Сценарий боюнча, бир сатираны аткарууда көшөгөнү айланып чуркап чыкчумун. Ошондо демиккен абалымда “силерди күлдүрүш кыйын, ушинтип чуркашым да керек” десем “дуу” кол чаап жиберишчү.
Кубик Кубик болуп турганда Гүлчөдө 2 сеанс менен концерт койдук. Түшкү сеанстан кийин “тамактанып алалы” деп калдык. Ал кезде Гүлчөдө кафе жок, тамак саткан 2 вагон бар болчу. Барып эле “эмне бар?” десек, “лагман, чүчпара бар” дешти. Чүчпара жеп баарыбыз ууланып калганбыз. Кечки концертти улам бирибиз сыртка чуркап отуруп араң бүтүргөнбүз. Мына, акчанын оңой табылбашына далил.
Канат Мамырканов, актёр: “Өмүрү ичпесем да, аракеч деген ат жармаштырдым”
– Актёрлор аткарган ролуна жараша ыйлайт, сууга агат, бийиктен кулайт, мушташат, аракеч болот, “өлөт”, атүгүл “Айыл өкмөттөгүдөй” болуп казан да уурдайт. Жалпы 30дай тасмага тартылдым. Ар биринде тоодой мээнет жатат. Бир жагы – кадимки актёрдук ишиң, бир жагы – акча табуудагы мээнет.
Бир жолу кызым мага “бир курбум "сенин атаң быйыл арак ичпей жакшы жүрөт, ээ?" деп айтты” деп жатпайбы. Көрсө, кебетеме карап мага аракеч, байкуштун ролун бере беришип, тиги кыз мени аракеч деп ойлоп алыптыр. Курмандык деген ушул да, роль аткарам деп өзүңө ушундай атты да жармаштырасың. Болбосо өмүрү ичимдик ичпеген жанмын.
Канат Мадымаев, куудул: “Аялдардай боёнуп жатып каткырганбыз”
– Акча табыш кыйынбы? Кыйын болгондо да кандай кыйын. Вайн тартып контентти жакшыртуу, бир нерсени жарнамалап акча табыш үчүн эмнелерди гана кылбайбыз. Куудул Каныбек Разыков өкүл атам болот. Бир жолу экөөбүзгө аялдардын халатын жарнама кылып берүүгө буюртма түштү. Аялдарча кийинип, жасанып вайн тартмак болдук. Анан отуруп алып боёно баштадык, мен аялдардын паригин кийип алгам. Өкүл атам бетине крем чаптап жатат. Мен кирпигим менен оозумду боёп отурам. Мени карап өкүл атам “ай, сен өкүл кызымдан да кыйын боёнуп калыпсың го?” дейт күлдүрүп. Мен “ушинтип боёнуп отурганымды кайненем көрсө эмне демек эле?” деп күлсөм, өкүл атам “а менин кайнатам кирип келсе эмне демек?” деп каткырып жатпайбы.
Кутман Султанов, тамада: “Артисттин жашоосун бир хан көрбөйт, бир ит көрбөйт”
– Ар бир кесиптин кыйынчылыгы бар. Тамадаларга айрыкча 400-500 адам чакырылган тойлорду башкарыш кыйын. Микрофонду кармап алып, залдын улам бир бурчуна чуркай берип суй жыгыласың. Желкеңден ылдый тер кетет. Машинаң бузулуп, жолдо калган учурларың, барган жериңде таштай муздак бөлмөдө жаткан кезиң болот. Айтор, артисттин жашоосун бир хан көрбөйт, бир ит көрбөйт деп коюшат го, ошондой.
Быйыл келинчегим экөөбүз 1,5 жашар кызыбызды, анын “нянькасын” алып, бир тойго 1 ай мурун барып алган учурубуз болду. 30-июнда Аксыга барып той ээсине “той канчаларда башталып калат?” деп чалсак, “силер саат 4-5ке келсеңер, 7де баштай беребиз” деп калды. “Ой, биз келдик, эл жок го?” деп коёбуз. Ал күлөт “той 30-июлда, бир айдан кийин” деп. Келип калыпсыңар деп үйүнө чакырып чай берди. Акчанын күчү керемет болуп, алыска ушинтип туура эмес датада барып алган учурлар болот.
Калыбек Турдубаев, шоумен: “1 мүнөттүк вайнга 10 күндүк эмгек кетет”
– Албетте, акча табыш кыйын. Мен тамадалыктан жана жарнамадан акча табам. Жарнаманын видеосун көчөдө тартуу кыйын. Тартып баштаганыңда же жаныңдан машина өтүп кетет, же курулуштан перфоратордун үнү угулат. Же өтүп бараткандар сени таанып калып кыйкырып алаксытышат. Ошентип 1 мүнөттүк видеону тартуу учурунда көп тоскоолдуктар болот. Вайнды клиптей кылып тартыш үчүн ырдын текстин, үнүн жаздырып, монтаждоого туура келет. 1 мүнөттүк видеого 10 күндөй даярдык, эмгек кетет. Программа түзүп, ар бир сөзгө, ар бир тамашага маани берип отуруп, концерт коёбуз. Анан андан акча түшөбү, түшпөйбү, ал жагы белгисиз.
Камчы Сарыбаев, актёр: “Той ээси ары тартып, ырчылар бери тартып кыйнашат”
– Кинолорго 10 күндөп, айлап ысык-суукта жүрүп тартылабыз. “Тойго барсаң тоюп бар” деген сөз бизге, тамадаларга тиешелүү. Анткени коноктор тамак ичип жатса деле алардын көңүлүн ачуу үчүн сайрайсың. Антрактта той ээлери “мындай кыла коёлу” деп сени ары тартат, “шашылышмын, мени эртерээк ырдат” деп ырчылар бери тартышат. Кыскасы, той бүткүчө чарчабаган робот эле болосуң.
Бир жолу Кантта үйлөнүү тойдо тамада болуп калдым. Залда 400дөй киши отурган. Көнгөн адатымча “эми кыздын сулуу-сулуу таежелерин тостко чакырып алалы” десем, айрымдар күлүп жиберишти. Карасам, кара тору, толук эжелер ортого чыгып келе жатышат. Ичимден “ай, кашайгыр” дедим да, шашып “аялзаты балдарды төрөп чоңойткону менен сулуу, кайын журтуна кызмат кылганы менен сулуу!” деп сөзүмдү оңдоп кеттим. Болбосо “бизди шылдыңдадың” деп тил укмакмын. Ушинтип абалдан чыгып кетүүгө да жан үрөйсүң. Тойду жакшы алып барсаң деле кээде той ээси сага берген акчасына ичи ачышып “мындан да жакшы болсо болмок” дегенде күйүп кетесиң.
Зияш Турдубеков, каскадёр: “Оорукананын эшигин ичинен кулпулап алып вайн тартканбыз”
– Албетте, акча мээнет менен келет. Бир жолу вайн үчүн үйүбүздүн терезесин сындырып секирип чыккам. Денемди айнек тилип кетүү коркунучу бар болчу, ага да караган жокмун. Анан жаңы айнек сатып келип таккам.
Бир жолу жарнамага буюртма алдым. Апамды кошуп вайн тарталы деп турганда апам ооруп, ооруканага жатып калды. Келинчегим экөөбүз ооруканадан тарталы деп барсак “тихий час” экен, киргизишпейт. Врачтарды “тамакты таштап эле чыгабыз” деп алдадык. Палатага кирип эшикти ичинен кулпуладык да, 2 саат вайн тарттык. Чыксак, врачтар “бизди алдап кирип, вайн тарттыңар, ээ?” деп күлүшөт. Акча табыш үчүн ушундай тобокелдиктерге барууга да туура келет.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |