№1200
(Башталышы өткөн сандарда)
Кызыма энчилеп койгон үй бар. Мен баягы Акбар белек кылган үйдү кредиттен кутулуп, залогдон бошогон соң сатып жибергем. Бир топ акча болду. Ошол эле көчөдөгү бир бай сатып алган. Оюмда үйүмдү сатып, ал акчага масштабдуураак бир иш баштасамбы дегем. Көпкө ойлонуп жүрдүм. Ал ортодо Эрнист экөөбүздүн мамилебиз өөрчүп бара жаткан. Анын чөнтөгү калың экенин билдим да, акчамды коротпой шаардын бир башка жеринен чоң үй сатып алып, ордун тургузууну ойлодум. Мен ойлогондой эле Эрнист мени камсыздап калды. Батиримдин акчасын төлөп, кийген кийимимден ичкен тамагыма чейин алып берчү. Бир жылдан кийин кылдаттык менен издештирип жүрүп, шаардын конуштарынын биринен чоң, кооз, эки кабат үйдү сатып алдым. Жолдуумун. Азыр сүйүнөм. Ал үй жөнүндө эч ким билбейт. Кызыма белек кылам. Эрнистке рахмат. Бутка туруп кетишиме өбөлгө болду. Анын жубайы бар экенин башында эле билчүмүн. Бирок мен аны кичине пайдаланып эле коё бермекмин. Тартып алуу оюмда жок. Бирок канча жыл өттү арадан? Ага көнүп калгандаймын. Анан да ал менден оңою менен баш тартпасын билем. Жашай береличи, убакыт көрсөтөт. Бир жүрөктү сыкканы Данек болуп жатат. Шаарга келген күндүн түнү ыйлап баштаган, 2 күн болду маанайы жок, көзү кургай элек. Алдасам да болбойт, апалап ыйлап. Эжемди сагынды окшойт, жаман болдум. “Ушунун ордуна мени апа десе эмне?” деп кыжалат болдум. Эжем дагы күндө чалат, Данектин ал-акыбалын сурайт. Жакшы жүрөт деп коём. А кызымдын ыйы басылбайт. Таттуу алып берсем бир аз басылат да, кайра эле баштайт. Бүгүн да адатынча ыйлап жатканда эжем чалып калды. Айла жок алдым. Алсам эле “кызыма берчи. Сагындым, үнүн угайын” деди. Аны дароо байкаган Данек жүгүрүп келе калып, колумдан телефонду ала: – Апаааа, сизди сагындым,- деп жиберди.
– Ананайын, мен дагы сагынбадымбы. Эмнеге ыйлап жатасың? Бирөө бир нерсе кылдыбы?
– Ыкы... Сизди сагындым.
– Эжең менен жүрүп тур бир аз.
– Жок, Бишкек мага жаккан жок. Атама, Жантай байкеме баргым келип жатат.
– Каралдым менин, эжеңе берчи телефонду,- дегенде алардын сөзүн тыңшап, жан дүйнөм аңтарылып жаткан мен сүйлөштүм. Данекти алып келүүмдү суранды. Макул болдум. Чай ичип отуруп, Данекти карап: – Мени жаман көрөт экенсиң, ээ?- дедим аны сынай. Торт жеп жаткан кызым күнөөлүүдөй мени карап:
– Жо-ок. Сизди жакшы көрөм. Апамды сагынып ыйладым да.
– Хм... Сен жакшы көргөндөрдүн арасынан мен канчанчы орунда турам?
– Ммм... Биринчи апамды, анан атамды, Жантай байкемди, анан сизди жакшы көрөм.
– Ммм... Болду, жей гой...- деп ордумдан туруп, терезени көздөй басып, эшикти карап туруп калдым. Көзүмдөгү жашымды көрсөтпөйүн дедим.
xxx
15.04.ХХХХ. Шүмшүк Бекзаттан кабар жок. Мени жөн эле алдап кетем деп ойлоп жатат го. Көргүлүктү көрсөтөм ага. Баягы күндөн бери чала элек. Жубайын кайдан тапсам экен деп башым катып жатат. Бекзатты талуу жеринен кармайын дедим. Кызым менен жүрүп, алаксып калыптырмын. Данекти Ошко алып барып, эжемдин колуна тапшырдым. Менин кызым тың. Кетип бара жатсам мени кучактап өөп, "сизди жакшы көрөм" деп ичимди элжиретти шумпай кыз. Барып эле жездеме жабыша калды. Кызыгы, жездем да аны сагынып калыптыр. Ал жакшы адам. Бир чети кызымдын ушундай тынч, бактылуулук өмүр сүргөн үй-бүлөдө чоңоюп жатканына ыраазы болуп кеттим. Кайда жүрбө, аман болчу. Чоңойгондо, акыл-эс кирип калганда өзүмдүн жаныма алып келип алам. Баса! Ага чейин Бишкектин аэропортунан каттоого кезек күтүп жатканбыз. Данек жанымда ойноп отурган. Өзүм телефон менен сүйлөшүп жаткам. Бир карасам Данек жок! Издеп жөнөдүм. Тентек да аябай, кайда кетти десем, менден алыс эмес жерде эле таттуу саткан дүкөн бар экен. Ошол жерде колуна шириндик кармап, бир киши менен сүйлөшүп туруптур. Чочуп кетип, жанына жете келдим. Азыр жашоо кооптуу. Канча наристелер уурдалып жатат. Жетип келип эле, Данекти колдон ала:
– Кетпей жүргүнүң экинчи. Мен коркуп кетпедимби,- десем, тиги киши мага “коркпо, мен бала уурдагыч эмесмин” дейт. Үнү тааныш болуп кеткенинен карасам, Адилет! Менин айылдагы балалык сүйүүм! Оозума сөз келбей калды. "Кандайсың? Жакшысыңбы?" деп эле өзү биринчи акыбалымды сурап кирди. Өзгөрүп кетиптир. Салабаттуу эле мырза болуп калыптыр. Мындайда мага биринчи эле кийимдери, тагынган буюмдары көрүнөт да. Адатымча баштан-аяк карасам, жөнөкөй эле көк рубашка жана кара өңдөгү джинсы кийген, бирок колундагы Швейцария өлкөсүнөн чыккан сааты Адилеттин бир топ эле тыңып калганын айтып турду. Бул саатты жөнөкөй малчы тагынбайт. Көптөн кийин гана сөзүнө көңүл буруп, жооп бере баштадым.
– Кызыңбы?- десе, Данек чекилдеп "бул эжем болот" деп жооп кайтарып жиберди. Адилет кызымды карап күлүп: – Аа, сен сиңдиси болосуңбу, ээ?- деп кайра жүзүн мага бура:
– Кызың экен деп ойлоптурмун. Окшош экен. Көздөрү, оозу, мурду, жүзү баары сеники. Кичинекей кезиңде дал ушундай кыз элең,- деп кашын серпе “бир каттамда кетет экенбиз да” деп жылмайды. Чынында эле бир каттамда катарлаш отуруп алып жол тарттык. Адилет сурабасам деле өзү жөнүндө айтып кирди. Жакында эле үйлөнүптүр. Кытайдан люстра ташып бизнес кылат экен. Баары жакшы дейт. А мен? А мен болсо унчукпай эле келе бердим. Мага болгон таарынычы бар экенин көзүнөн байкап койдум. Өткөндү козгогусу келди. Бирок мен бир сөз менен оозун жаптым. Эмне кереги бар өткөндү козгоп? Өткөн өттү, кетти. Ошко конорубуз менен муздак гана коштоштук. Кызымды калтыра, кайра эле Бишкекке учуп келдим. Келип эле Бекзаттын аялы жөнүндө издештире баштадым. Көпкө кыйналган жокмун. Эрнист Бекзаттын атасы менен атаандаш экен. Сөздөн сөз чыгып айтып калды. Эрнисттен сураган жокмун дарегин. Анын жанында жүргөн жардамчысынан билип алдым. Бекзаттын келинчеги сүрөтчү экен. Өзүнүн сүрөт студиясы бар. Сабак да берет экен. Эх, Бека... Жубайын иштетип койгону эмнеси? Байдын аялы дагы иштейби? Билишимче, кадыр-барктуу эле жердин кызын алган эле. Студиянын дареги колумда... Эми өзүм каалаган күнү барам.
xxx
29.04. ХХХХ. Салам! Жаңылыктар көп. Кайсы биринен баштасам? Бекзаттан баштайын. Келинчегинин сүрөт студиясына барсам, бактыма өзү бар экен. Тааныштардай эле учураштык. Мен андан башкача реакция күттүм эле. Бирок таң калтырганы, аябай жөнөкөй, ачык келин экен. Мени сөзгө тартып, бат эле тил табышып кеттик. Калем менен сүрөт тартат экен. Мага ар бир картинасын көрсөтүп чыкты. Жакында көргөзмөсү болорун билдим. Мен бул тармакка кызыкпагандыктан, сүрөттөргө анча кызыгуум арткан жок. Жөн эле чиймелер. Бирок Айсандын айтып берүүсүнө караганда, бул картиналарда көп маани жатат. Мени келерки аптада боло турган көргөзмөсүнө чакырды. Барам дедим. Андан соң мени менен коштошо башка бир бөлмөгө кирип кетти. Акырын эшиктин кыйыгынан карасам, өспүрүм балдарга сабак берет экен. Айсанды көпкө карап турдум. Бул келин Бекзатты эмнеси менен арбады экен? Кызык... Өң-келбети... Жөнөкөй, орто бойлуу, чачы кыска, кара-торусунан келген, толмоч... Курсагы бир аз чыгып турат. Ушунун эмнесин жактырды? Балким, атасынын байлыгы үчүндүр.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |