Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КУЛКУ КУЛАКТЫН САКЧЫСЫ

№1200

Жабышчаак затты 200дөй без иштеп чыгарат

Кулактын түзүлүшүн карап көрсөк, ал үч бөлүктөн турарын билебиз. Алар ички, ортоңку жана сырткы кулак. Кулактын кулкусу бул сырттан кирген кир эмес. Аны кулактын сырткы өткөөлүндөгү кемирчекте жайгашкан 200дөй без айына 12-20 миллиграммдай иштеп чыгарып турат.

Кулку жабышчаак зат болгондуктан угуу жолу аркылуу кирген чаң, ылай, бактерия, козу карын сымал майда организмдер (грибок), курт-кумурска, чаңдар ага жабышып, кулактын тереңине кирбей калат. Кулкуда өзгөчө фермент – лизозималар бар. Аталган клеткалар чоочун бактерияларды өзүнө жабыштырып алып, анан аларды эритет. Кулку адам тамак жеп чайнагандагы, сүйлөгөндөгү жаак булчуңдарынын кыймылы аркылуу сыртка чыгарылып турат. 

Кулакты көп чукуласа кулку көп чыгат

Маселе аталган зат көп бөлүнүп, бирок катып, сыртка чыкпай калганда жаралат. Мындайда сырттан кирчү үн толкундары ичкериге жакшы өтө албай, угуу начарлайт. Аталган заттын топтолуп калышына дайыма кулакка кулакчынды тагып жүрүү, дерматологиялык оорулар алып келет. Кулакты улам кебез таякчалары, ширеңкенин башы жана башкалар менен чукуп тазалай берүүнү организм “кулкуну аз бөлүп чыгарып жатыптырбыз” деп кабыл алып, аны бөлүп чыгарууну көбөйтөт. Чукугандан кулак дүүлүгүп, сезгенип да ашыкча кулку топтоло баштайт. Анын үстүнө учтуу нерселер кулактын тарсылдагын жарып коюшу мүмкүн. Андыктан чукулоону токтотуу кажет.

Айрым адамдардын кулагынын угуу жолу тубаса ичке болуп, кулку сыртка чыга албай чогулуп калат. Муну ЛОР врач гана тазалап ала алат.

Айрымдар кулакка суу кирип кеткенде да сөз болуп жаткан зат көп бөлүнүп чыгат деп жаңылыш ойлошот. Суу киргенде адам түз жатып, анан суу кирген кулагы тарапка башын кыйшайтса суу чыгып кетет.

Инфекциялык ооруларда, мисалы, сасык тумоо, ангина, кызылча, кызамыкта айрым учурларда угуу түтүкчөсү аркылуу ортоңку кулакка кирип кетип, сезгенүүнү чакырат. Мындайда кулку суюк түрдө болуп, ириң да бөлүнүп чыгып баштайт. Дарыланбаса кулактын тарсылдагы акырындап жукарып, тешилип калуу коркунучу чыгат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо