Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Съездбек Искеналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АКЫРКЫ 5 ЖЫЛДА АБДАН ӨЗГӨРДҮМ”

№1200

Съездбек Искеналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АКЫРКЫ 5 ЖЫЛДА АБДАН ӨЗГӨРДҮМ” бала кездеги кыялдарын ишке ашырып, учурда кыргыз эстрадасындагы таанымал инсандардын бири. Чыгармачылыктын оош-кыйышын, элдин сынын, баарын сабырдуулук менен кабыл алып, ар бирин өсүүгө мүмкүнчүлүк катары карай турганын айтат. Өзгөчө кайрыктары бар хит ырлардын автору Съездбек мырза менен кызыктуу баарлаштык.

 

– Съездбек байке, балалыктагы кыялдар аткарылдыбы сизде?

– Ооба. Эс тарткандан баштап ырчы болууну самачумун. Бүгүн ошол тилегиме жеттим десем жарашат.

– Сиздин чыгармачылыгыңызда бурулуш жасаган ыр кайсы болду?

– “Эсимде” аттуу чыгармам мени элге таанытты. Чыгармачылыгыма чоң бурулуш жасады ушул ырым. Ошондой эле “Селки”, “Жалгыз гүл” деген ырларым жылдызымды жандырды десем болот.

– Азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан жасалма интеллект чыгармачылыкка кандай таасир этүүдө?

– Жасалма интеллектти идея алуу үчүн колдонсоң пайдалуу. Туура эмес колдонсоң зыян. Пайдасы – тез идея берет, чыгармачылыкты күчөтөт. Зыяны – өз ой жүгүртүүң азайып, толук көз каранды болуп калуу коркунучу бар.

– “Кыргыз Манас” деген ырыңыз таасирдүү чыгарма экен. Ырдын жаралуу тарыхын айтып берсеңиз?

– “Кыргыз Манас” ыры менин чыгармачылыгымдагы жаңы тепкич болду десем жаңылышпайм. Бул ыр аркылуу Манас ааламына баш багып, тереңирээк таанышууга мүмкүнчүлүк алдым. Сөзүн Дөөлөт Сыдыков жазып, обонун өзүм жараткам. Алты айдын ичинде даярдап, элдин сынына койдук. Мен үчүн бул чыгарма чоң жоопкерчилик жана  изденүүнүн жемиши болду.

Клиби жасалма интеллект аркылуу тартылыптыр, туурабы?

– Туура. Эл кандай кабыл алды, азырынча толук айта албайм. Манас ааламындагы майрамдык маанай, кыргыздын жашоо образы, каада-салты, ырым-жырымдарын чагылдырып берүүгө аракет кылдык. Жасалма интеллект жеңилдик берди. Анткени кыргыздын бай тарыхын, жашоо образын толук камтыган клип тартууга материалдык мүмкүнчүлүк жетишпейт болчу. Жасалма интеллект аркылуу идеяны так, көркөм формада чагылдырууга шарт түзүлдү.

– Концерт учурунда болгон эң кызыктуу же унутулгус окуя?

– 2005-жылы берген алгачкы “Селкиге” аттуу концертим эсимде. Суурдун ашатылбаган терисинен форма тиктирип кийгеним эстен кетпейт. Ал кийимдин жыты жагымсыз эле, май жыттанат. Ошого карабай сахнада төрт ырды катарынан ырдоого туура келген.

– Угармандар көп суранган, бирок сиз ырдагыңыз келбеген ырыңыз барбы?

– “Саратан” деген ырымды көп суранышат. Көп учурда ырдабай калам. Себеби аранжировкасы эски. Ошол чыгармамды жаңылап коюшум керек эле.

– Байкашымча, ырдын санына гана эмес, сапатына да басым жасайсыз?

– Жалпысынан жыл сайын 5-6 ыр жаздырып, 2-3 клип тарттырам. Ырың хит болбосо байкалбай калат. Өзүмдүн жеке баракчамдан күйөрмандарыма ырдап берем.

– Ырларыңыздын санын так билесизби?

– Репертуарымда 100гө жакын ырым болсо, элге кеңири тараганы 15тей. Андан тышкары башка ырчылар аткарган 40тан ашык обонум бар.

– Айтылган сындар же коомдук пикир сизге кандай таасир берет?

– Туура эле кабыл алам. Анткени сын-пикир жөн жерден айтылбайт. Сын – өсүү үчүн сонун нерсе. Кемчиликтерди оңдоого жардам берет жана түзөлтөт. Сөз көтөрө албаган адам өспөйт. Ошондой комментарийлерди туура кабыл алган үчүн ушул даража жетип отурам. Ошондой эле ашыкча сын айтып, акыл үйрөтө бергендерди укпайм. Керектүү сөздөрүн  кабыл алам, керексизин жүрөгүмө киргизбей өткөрүп жиберем.

– Инсан катары сизде кандай өзгөрүүлөр болду акыркы жылдары?

– 2020-жылдан бери психологияны терең изилдеп, окуп жатам. Билим алгандан кийин таптакыр башка Съездбек Искеналиев болдум. Кыскасы, ичимдеги бурганактаган уйгу-туйгу сезимдер жоголуп, жан дүйнөмдө тынчтык пайда болду.

– Ийгиликтин баасы сиздин оюңузча эмнеде?

– Ийгилик ак эмгек менен гана келет. Ар бир кесип ардактуу, адам өз ишин сүйүп, тырышчаактык менен иштесе, мээнетинин үзүрүн сөзсүз көрөт. Дарак бир жерден көгөргөн сыяктуу, адам да бир багытты туура тандап, ошол жаатта аракет кылганда гана гүлдөп-өсөт.

– Жеке жашоо тууралуу да сүйлөшсөк. Келинчегиңизди сиздин чыгармачылыгыңыздын башкы колдоочусу десек болобу?

– Албетте. Жашоонун толкундары өйдө-ылдый калчаганда да анын сабырдуу көз карашы, жанды жылытар мээримдүү жылуу сөзү, үзгүлтүксүз колдоосу менен  чыгармачылыгыма дем берип, күч-кубат кошуп турат.

– Балдарыңыздын кайсы мүнөз же кыял-жоруктарынан өзүңүздү көрөсүз?

– Эркелигин, тамашакөйлүгүн, талапчылдыгын жана аракетчил сапаттарын көргөндө өзүмдү көргөндөй болом.

– Тамашакөй, дипломат же талапчыл, кандай атасыз?

– Сиз айткан үч талапты тең бирдей колдоном. Абдан аша чаап кетпейм бирок.

– Балдарга эркиндик менен жоопкерчиликти теңдеш үчүн үйдө кандай эреже бар?

– Аябай так эреже жок. Мээрим, сүйүү, убакыт бөлүү керек. Көп нерсеге чектөө койбош керек, менимче. Баланын эркин өскөнү жакшы.

– Канча балаңыз бар?

– Төрт кыз, бир уулум бар. Даткайым, Байамир, Нагима, Аруужан, Ширин. Менин бардык аракеттерим балдарымдын келечеги үчүн. Алар бактылуу, эстүү болуп, туура жолду тандап өссө дейм. Ошондон өткөн байлык жок. Ата-эне үчүн баланын мыкты болушу эң чоң жетишкендик.

 

Мээрим Дербишалыева

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо