Эллада Асылбекова, ырчы: “ТАЛАНТ ДА ШИБЕГЕ СЫЯКТУУ, КАПКА КАТА АЛБАЙСЫҢ”

№1200

Каарманыбыз – ырчы Эллада Асылбекова. Ырчылык таланты, сахнага таштаган алгачкы кадамдары, турмуштук сыноолор тууралуу сүйлөштүк. “Эң чоң мотиваторум – 5 кызым” дейт ырчы айым.

 

– Эллада айым, талантыңызды биринчи байкап, ырчылыкка кадам таштооңузга ким себепчи болгон?

– Апам белгилүү акын, жазуучулардын адабий кечелерин алып барчу. Мен комуз чертип ырдап баштагандан кийин Бишкекке алып келип, мага акындардан бата алып берген. Ошентип биринчи жолу 16 жашымда акын, жазуучулардын кечелеринде ырдап чыккам. Демек, апам себепчи деп айтсам жарашат. Бир жолу өнөр адамдары мектептерди кыдырып таланттуу балдарды издеп келишкен. Ошондо биздин мектептен эки окуучу тандалганбыз. Ата-энем музыкалык жатак мектептен билим алышыма макул болушкан эле. Бирок эртең кетем деп даярданып жатканымда жибербей коюшкан. Качып кетүүгө аракет кылып, бирок кармалып калгам (күлүп).

Бир тууган эжелерим Динара жана Венера Асылбековалар Бишкектеги Шубин атындагы музыкалык мектепте окушчу. Жайкы эс алууда Динара эжем айылга келип, комузун таштап кеткенден кийин, ошол комузду чертип жүрүп өзүм эле үйрөнүп кеттим. Ошондон тарта мектептеги кароо-сынактарга катыша баштадым, кийинчерээк Бишкек гуманитардык университетинин атынан сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жүрдүм. Чыгармачылыкта Улукмырза Полотов, Майрамбек Осмонов, Рысбай Исаков сыяктуу атактуу инсандар колдоо көрсөтүштү. Азыркы учурда чыгармачылыгыма белгилүү ырчы Кенже Дүйшеева жол көрсөтүп жатат.

– Чарчаганда, эргүү алыстаганда кантип, эмнеден энергия аласыз?

– Жакшы ырдаган ырчылардын чыгармаларын уксам эс алам. Анан өзүм жөнүндө маалымат желесине чыккан маалыматтарды окуп калмайым бар. Мага бата берген, ишеним көрсөткөн, колдогон инсандардын сөздөрүн эстеп, күч алам. Ошол нерселер мени кайрадан чыйралтып, алдыга умтулууга түрткү берет.

– Бир жылдары чыгармачылыктан алыстап кеткен экенсиз, буга эмне себеп болгон?

– Ооба, бир кезде жолдошум экөөбүз Америкага барып иштеп келгенбиз. Азыр ал жакта иштеп жүрөт. Мен болсо 5 кызым менен Ош шаарында жашап жатам. Үй-бүлө, бала-чаканын жоопкерчилиги ар дайым биринчи орунда эмеспи. Кызыбыздын диагнозун уккан күн мен үчүн эң оор мезгил болду. Ошондо ичимден “кайсы арыма ырдап жүрөм?” деп, чыгармачылыкты жыйыштырып салгам.

– Кызымдын диагнозу деп калдыңыз, кайсы оорудан жабыркайт?

– Кызымдын дарты – аутизм. Биринчи укканда кабыл ала албай койдум. Кийин түшүндүм, менин маанайым жакшы болсо, кызымдын да көңүлү ток болорун. Эч нерсеге кайгырбайм. Жакшы адамдардын курчоосунда жүргөнүмө бактылуумун.

– Ырчылыкты токтотуу чечимин кабыл алуу деле оңойго турбаса керек?

– Албетте. Бирок шибегени капка канчалык катсаң да, тешип чыгары бар экен... Өнөр да аманат. Аны кандай кырдаал болбосун жашырып коюу мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Кызымдын абалы мени кайрадан күчтөндүрүп, “аракет кыл, токтобо” деп түрткү берди. Ошондуктан чыгармачылыкка толугу менен кайтып келдим. Былтыр жеке концертимди бердим. Быйыл дагы андай пландарым бар. Бир нерсеге ишенем – адамдын күчү түгөнбөс, айрыкча балдарыңа болгон үмүт кайра-кайра ордуңдан тургузат экен. Мен да ошондой үмүт, дем менен кайра сахнага чыктым. Кудайым берген талантты катпай, колдон келишинче элге тартуулап жүрө берейин дедим.

– Ар бир үй-бүлөнүн жазылбаган ички мыйзамдары бар. Сиздин үйдө баалуулуктар эмнелер?

– Мен үчүн материалдык байлык биринчи орунда эмес. Эң чоң байлыгым – кыздарымдын бактысы, ата-энемдин ден соолугу жана алардын дайыма берип келе жаткан колдоосу. Ушулар менен гана бай, бактылуу адам сезем өзүмдү. Калган нерселер убактылуу. Инсан үчүн жакындарынын жыргалчылыгы гана чыныгы бакыт деп эсептейм. Үйдө баары жакшы болсо, чыгармачылык гүлдөйт. 

– Үйдө кандай адамсыз? Тамашакөй, позитив чачып турган аялсызбы же олуттуусузбу?

– Өзүмдүн жаман сапатым – уйкучумун десем болот (күлүп). Үйдө тамашакөймүн, куудулданып сүйлөп, жакындарыма позитив тартуулап турам. Өзүмдөгү баалаган сапаттарымдын бири – баштаган ишимди сөзсүз аягына чыгарам. Бир ишти баштап алсам, орто жолго таштап кетпейм.

Маектен улам апаңызга деген мамилеңиз өзгөчө экенин байкадым. Апам деп ардактап турат экенсиз...

– Ооба. Апам чыгармачыл инсан. Тагыраагы, кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим. Китептери жарык көргөн. Ар бир чыгармам эң алгач апамдын сынынан өтөт, чогуу талкуулайбыз. Апам мыкты ырдайт. Мага талант апамдан өтсө керек.

Кыздарыңыздан ырга шыктуусу барбы?

– Экинчи кызым Кундуздун үнү жакшы, бирок студияда ырдатып көрө элекмин. Төртүнчү кызым Софиянын “Жоогазын гүлү” деген ыры бар.

– Жашоодо ишенчээксизби?

– Адамдардын жакшы жагын гана көрүп жашаганга аракет кылам. Табиятымдан абдан ишенчээкмин, бирок күчтүү интуициям бар. “Болушу мүмкүн эмес” деген нерселерге, албетте, оңою менен ишенбейм. Ошондуктан кызымдын сүйлөбөй калышына да ишенгим келбейт. Ар дайым жакшылыктан үмүт кылып, жакшы нерселерди күтүп жашайм.

– Эллада айым, күчтүү сапатыңыз жана жашыргыңыз келген алсыз сапатыңыз кайсы?

– Сабырдуулугум, ички туюмумдун күчтүүлүгү күчтүү сапатым болуш керек. Ал эми алсыз сапатым – унутчаактыгым жана уйкучулугум.

– Өмүрдө сиздин көз карашты өзгөрткөн эң чоң сабак эмне болгон?

– Жашоодо мени өзгөрткөн эң чоң сабак – кызымдын диагнозу жана мен жакшы көргөн досторумдун башыма мүшкүл иш түшкөндө алыстап кетишкени. Ар бир сыноо мага чоң сабак болот.

– Сиз үчүн эң маанилүү үч нерсе?

– Ден соолук, көңүл жана тарыхта из калтыруу.

– Аялдын түйшүгү көп эмеспи. Жумушка да, үй-бүлө иштерине да кантип жетишип жатасыз?

– Жакындарымдын ар тараптуу колдоосу жардам берет. Балдарымдын мени карап турган көздөрүнөн мотивация алам. Алардын бакубат, жыргалчылыкта жашоосу үчүн иштейм.

– Эгер балалыгыңыздагы бир күнгө кайтууга мүмкүн болсо, кайсы күнгө кайтып бармаксыз?

– Балалык дегенде ата-эне, бир туугандар эске келет эмеспи. Ал күндөр – бал күндөр. Андай мүмкүнчүлүк берилсе, чоң атам менен чогуу өткөргөн күндөргө кайтып бармакмын.

– Көрөрмандардан алган унутулгус белек?

– 20 жылдык жолугушууда жайлоого чыкканыбызда бир кичинекей кыз ак ташты жүрөкчө формасында оюп белек кылган. Ал ташты узак убакыт бою жаныма көтөрүп жүрдүм. Ошол белек бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпей, жакшы бир жылуу эстелик катары сакталып калды.

 

  Мээрим Дербишалыева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо