Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Туулганда эле күлүк болору билинген АКБАЙПАКТЫН ТАРЖЫМАЛЫ

№1200

Бул жыл ичи мамлекеттик, Аргымак федерациясы тарабынан жана аймактар аралык ат чабыштар арбын уюштурулду. Көңүл буруу, колдоо, уюштуруу деңгээли жогору болгонго жараша тулпарлар да, ат чабышка кызыккандар да көбөйдү. Буга 4-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулган жыл мыктыларын аныктоо иш-чарасында Аргымак федерациясынын “Жылдын мыкты федерациясы” наамын алганы далил. Кийинки сандарда мыкты аталган аргымактар тууралуу толук маалымат беребиз. Ага чейин жыл ичинде көрсөткөн ийгиликтери менен эл оозуна алынган мыкты кунандардын бири Акбайпак менен тааныштырабыз. Саяпкери Элшат Абдрамановдон аргымагы тууралуу кызыктуу кеп болсун.

Акбайпактын теги

Акбайпак жайында Айыл чарба министрлигинин кубогун утканда көпчүлүктүн көзүнө илинди. Кыргызстанда туулуп, алгачкы жылы эле ийгиликтери мол тулпардын таржымалы тууралуу жаш саяпкер буларга токтолду.

– Акбайпак учурда 2 жашта, быйыл кунан чабышка салдык. Кол туума жылкы. Энеси – орус күлүгү Рестика, тукум алуу үчүн Орусиядан алып келинген. Келгенде бир тууп, андан бери туубай жүрдү. Акбайпак акыркы баласы болду, анткени бээ былтыр өлүп калды. Атасы Растов да мыкты орус күлүгү, түбү барып америка аргымагына такалат. Энесин Сокулукка алып барып Растовко кошконбуз. Туурга жакын калганда кайра Көлгө алып келип, туудуруп алдык. 

Мүнөзү

– Күлүктүн алдынкы эки буту байпак кийгендей туягына чейин ак болгондуктан Акбайпак деп койгонбуз. Туулганда эле тулку боюнан, мүнөзүнөн күлүк болору билинди. Ойноок, мени да ойноп тиштегилеп, чаап жиберет. Сергек, буту-колу бышык ат. Жарыштарга даярдоо жеңил, секиргени жеңил. Жумушту жакшы көрөт, муну аябаш керек. Таптаган сайын жеңилдеп, мүчөлөрү чыгат. Ошентсе да маанайына карап машыктырабыз, маанайы жок болсо жумуш берилбейт. Булардын деле кабак-кашына карап иш кылабыз. 

Ийгиликтери

Аргымак федерациясы жыл жыйынтыгын чыгаруу алдында турат, Акбайпак мыкты кунан боюнча катарга кошулганын саяпкери белгиледи. Эми ал кунандардын арасынан жыл ичиндеги ийгиликтери саналып, анан жыйынтык чыгат. Ага чейин Акбайпак кандай ийгиликтерди жаратканын билели:

– Кунаныбыз жыл ичинде 6 жолу чабылып, 4 жолу биринчи, бир жолу үчүнчү, бир жолу төртүнчү келди. Былтыр декабрдан тартып даярдап баштаганбыз. Эрте жазда Ак-Суу районунун шеринеси болуп, ошондо биринчи келген. Туристтик сезондун ачылышына карата уюштурулган кунан байгеде экинчи келе жатып секирип кетип, төртүнчү болуп калды. Кийин эле Айыл чарба министрлиги уюштурган беттеште 1-орунду алып, кубок менен кошо 150 миң сом байгенин ээси болдук. Ортодон Түптөн чабылганда 3-орунду алып калды.

Мындан кийин чоң байгелер коюлган жарыштарга катышып калдык. Сентябрь айында Оштун Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык тою болуп өтпөдүбү. Анда да биринчиге озуп келип, президенттин колунан автоунаанын ачкычын алып сүйүнгөнбүз. Мында ат жакшы даярдыкта болчу, алдыга озуп келет деген ишеним менен барып, үмүтүбүз акталып кайттык. Мындан кийин эле 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Ош мэринин кубогунда кунан чабышка Шевролет үлгүсүндөгү автоунаа коюлуп, аны да утуп алдык. Ошентип эки жеңишинде автоунаа, экөөндө акчалай сыйлык алды.

Акбайпак кийинки жылдан тартып аламан ат чабышка салынат, буюрса, кышы бою даярдыктарды көрөбүз.

 

Жаш саяпкердин жолу...

Акбайпакты таптап жаткан жаш саяпкер Элшат Абдрамановду убагында атактуу Каракыз күлүгүн чапкан чабандес катары тааныгам. Белгилүү саяпкер Изат Сыргак уулунун кол алдында чоңоюп, шакирти болгон Элшат учурда 19 жашта. Бир жылдан бери өзүнчө бөлүнүп, аргымактарда даярдай баштаптыр. Жаңы баштап жаткан ишинде кимдер колдоочу, кеңешчи болуп жатканын сурадым:

– Өзүм Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынан болом. Ат жалында чоңойдум десем жаңылышпайм, анткени атам Ильяз Жумакеев да саяпкер. 10 жашымдан тартып чабандес болдум. 2019-жылы Бишкекке барып Изат байкеде чабандес болуп жүрүп, 2021-жылдан тартып кол алдында ат таптоону үйрөнө баштагам. Былтыр ал байкеден бөлүнүп, учурда Көлдө атам менен бирге ат таптап жатабыз. Карамагыбызда жыл башында беш ат бар болчу, учурда үчөө сарайыбызда. Ортодо жаракат алгандар болду. Атам каражат жагынан да колдоочу болсо, Изат, Бекзат деген саяпкер байкелеримден кеңеш алып жатам.

Каракыз тууралуу кеп...

– Чабандес болуп жүргөндө көп аттарды чаптым, арасынан кыргыз-казакка атагы чыккан Каракызды 3-4 жолу чаап, баарында баш байге менен келгенбиз. Квартира, автоунааларды уттук. Каракыз чанда кездешүүчү күлүктөрдөн. Анын мүнөзү такыр башкача, катуу, жарышка аз калганда ачуулуу болуп, жанына эч кимди жолотпой калат. Чаба турчу эле бала калат. Келбети да келишимдүү, сулуу жылкы. Ошондой аргымактарды чаап, тапка келтирүүгө жардам берип жүрүп тажрыйба топтодум. 

“Алдыдагы максатым...”

– Саяпкерлик өтө чыдамкайлыкты, сезгичтикти талап кылат. Ашыкча эт, ашыкча майы жок аттарды таптоо, жыл ичиндеги чабыштарга чучугун толтуруп даярдоо көп убакытты алган мээнет. Мындай жагымдуу “түйшүк” менен алек болгон жагат, атсыз өзүмдү элестете албайм, ошондуктан ушул тармакта келечегимди көрөм. Буюрса, мыкты саяпкер болсом деген тилектемин. Учурда тааныш байкелер менен сүйлөшүп жатабыз, дагы башка аттарды алдыртып, акырындан ишибизди уланта беребиз. 

 

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо