№1200
Жаш муундун күлкү жаратуучулары менен тааныштырууну улантабыз. Бул жолку каарманыбыз КВНдеги оюну, монологдору менен элге жылмаюу тартуулаган Нурназир Талантбекова. Чыгармачылыкка кантип келгенин, максаттарын айтып берди.
– Салам, Нурназир! Кайсы жердин кызы болосуз?
– Жалал-Абаддын кызымын, 1998-жылы төрөлгөм. Орто мектепти айылдан бүтүрдүм. Жогорку билимим боюнча чыгармачылыкка такыр жакын эмесмин. Юридикалык факультетти бүтүрүп, бирок кесибим боюнча иштеген жокмун. Чыгармачылыкка кетип калган боюнча кайрылып бара албай жүрөм (күлүп).
– Болочок юрист чыгармачылыкка кантип аралашып калды?
– Университетте окуп жүргөндө “Тамашоудо” ойноп калдым. Башында “Нур академия” деген командада, кийин “Аксы” командасында ойнодум. Мектепте окуп жүргөндө деле маданий иш-чараларда интермедия аткарып сахнага чыгып калчу элем, бирок ал кезде менин жолум чыгармачылыкта экенин байкабаган экенмин. Биринчи жолу сахнага элди күлдүрүүгө чыкканда эле негедир “сахнага чыксам болот экен, ушул иш меники” деген ишеним пайда болду. Анан эле баары башталып кетти. Кийин “Көңүлдүү жигиттерде”, анан “Кыргыз стендапта” ойнодум. Учурда “Эгемен клабда” ойноп жатабыз, мурунку оюнда баш байгени жеңип алдык.
– Ооба, жакшы оюн көрсөттүңөр. Кыздар командасы кантип түзүлүп калды?
– Нуриса (ред.: Касымбекова) экөөбүз мурунтан эле тааныш элек, бирок ал башка команда менен чыкчу. Мен башка командада ойночумун. Ал эми Азем деген кыз менен стендаптан таанышканбыз. Кыздар стендап командасынын негиздөөчүсү мен. Ал кезде Нуриса Жалал-Абадда окуп, ошол жакта иштеп жүрчү. Аны Бишкекке чакырып, “Эгемен клабга” катышалы деп сунуштадым. Ал макул болуп, ошентип үчөөбүз команда болуп иштеп калдык.
– Айрымдар сиздердин жеңүүчү деп аталышыңыздарга макул болбой, “кыздар командасы болгону үчүн эле берип коюшту” деп айтып чыгышты...
– Биринчи таймашта жакшы оюн көрсөткөн элек, ошондо биринчини алабыз го деп ойлогонбуз. Бирок анда экинчи орунду алып калдык. Ал эми экинчисинде биринчи орунду утуп алдык. Негизи кыздар командасы болгонубуз үчүн эле берген жок болушу керек, анткени "жакшы оюн көрсөттүңөр" деп көптөрдөн угуп жатабыз. “Разминка” бөлүгүндө чын эле биз туура жоопторду көп таптык, экинчи фристайл оюнунда тамашабыз элге өтпөй калгандай, көпчүлүк түшүнбөй калгандай сезилди. Бирок начар ойнодук деп ойлобойм. Насип болгон экен, биз уттук. Эми финалда биринчиликти алсак деп аракет кылып жатабыз.
– Тамашалардын сценарийин чогуу жазасыңарбы?
– Ооба. Үчөөбүз отуруп алып ойлорубузду айтып, анан баарын чогултканда бир бүтүн тамаша келип чыгат. Анан кайра оңдоп-түзөп, алымча-кошумча киргизип, элге тартуулайбыз.
– Кыздар командасы үчүн КВНде жеңилдик көбүрөөкпү же оорчулукпу?
– Бир жагынан жеңилдиги бар, анткени бул жаатта кыздар аз болгондуктан атаандаштык такыр жок. Ал эми оорчулук жагы... Дегеле аялзатына кайсы жерде жеңил дейсиз (күлүп). Эркектер менен тең тайлашып чыгуу, албетте, оор. Мисалы, командадагы Азем деген кызыбыз үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Балдарын бала бакчага таштап коюп келип даярданат. Эл кечки саат алтыда жумуштан үйүнө жөнөсө, биз саат 12де даярданып бүтүп, үйгө чарчап араң жетебиз. Эми оорчулук чыгармачылыктын бардык тармагында бар эмеспи. Бирок сахнага чыкканда кыйынчылыктын баары унутулуп калат. Нуриса экөөбүздүн башка да иштерибиз бар, бирок баарын четке жылдырып коюп, азыр сахнаны гана көздөп жүргөн учурубуз.
– Киреше табуу жагы кандай болууда?
– Азыр атыбыз үчүн иштеп жатабыз. Кыргыз стендапта да жакшы эле атымды түптөп алгам. Азыр да “Эгемен клабда” жалгыз кыздар командасы бизбиз. Бул нерсе азырынча финансылык туруктуулук алып келбесе да, шоу-бизнеске сүңгүп кирип кетүүгө жакшы эле мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.
– Байкашымча, өжөр кыз окшойсуз? Бул тарбияданбы же тубасабы?
– Туура байкадыңыз (күлүп). Биз үйдө алты кыз, бир уулбуз. Атам бизди алдыга койгон максаттарга жетүүгө аракет кылуу керек деп тарбиялады. Эжелерим, мен, баарыбыз эркектин да, аялдын да жумушун кылып, өз жашообузду жөндөп кете тургандай бышык тарбияландык. Өжөрлүк бар менде, сегиз жылдан бери ушул күлкү жаратуу тармагында бир чоң иш кылсам деп келе жатам.
– Ата-энеңиз колдодубу сиздин ушул тармакты тандаганыңызды?
– Башында Бишкекке келип-кетип, убараланып жүргөндө каршы болушкан. Баары бир бул кыз өзү каалаганын кылат дештиби, кийин көнүп беришти. Атам мектепте тарых сабагынан мугалим болчу, азыр иштебейт. Апам үйдө эле.
– КВНде ойноо убактылуу эле жумуш да, өмүр бою жүрө албайсыз. Жашоодо кандай максаттарыңыз бар?
– “Кыздар стендап” деген долбоор баштаганыбызга бир жыл болуп калды. Негизи кыргызда юмор тартуулай турган аялдардан турган команда жок. Чет өлкөлөрдө бар, бизде андай контент түзүүчүлөр жокко эсе. Келечекте ошондой күлкү тартуулай турган кыздардан турган команданы түптөгүм келет. Азыр үч эле кыз болсок, балким, келечекте академия катары ачылып, жүздөгөн таланттуу кыздар тарбияланып чыгышат. Бизге окшоп юмор менен элге таанылгысы келгендер көп, ошолорго жол көрсөткүм келет. Сегиз жылдык тажрыйбам бар, убагында мен да урунуп-беринип, кантип чыгарымды билбей жүрдүм. Ошондуктан ушул тармактын жолу башка кыздар үчүн жеңил болсо деген тилегим бар.
– Турмушка чыгуу темасына кандай карайсыз? Жүрөгүңүз бошпу?
– Түптүз карайм. Эгерде менин чыгармачылыгымды колдой турган адам болсо, азыр деле күйөөгө тийип кеткенге даярмын. Жүрөк бош. Көп жигиттер батынышпайбы, даай алышпайбы же ылайыгы келбей жатабы, билбейм. Негизи эл алдына чыгууга көп мээнет кылдым, баары эми башталып келе жатканда чыгармачылыктын үзүрүн көрбөй токтотуп койгум келбейт. Эгерде чогуу ушул багытта жүрөбүз, чыгармачылыгыңды колдойм деген баатырлар чыкса, албетте, жок дебейт элем.
– Мүнөзүңүздү кантип сыпаттайт элеңиз?
– Тааныбаган адамдарга ачылышым кыйын. Баары эле күлүп-жайнап жүрөт деп ойлошот, ал сахнадагы образ. Жашоодо түнтмүн десем болот, элге тез аралашып кете албайм. Эгер аралашып кетсем, анда бат эле “свой человек” болуп калам.
– Ийгилик каалайбыз! Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |