№1200
Сантехник – азыркы учурда суроо-талап абдан көп адистердин бири. Кышы-жайы иши токтобойт. Кызматынын баалары да арзан эмес. Каарманыбыз Камбарбек Алимжанов менен кесибинин ысык-суугу тууралуу пикир алыштык.
– Камбарбек мырза, эмне үчүн сантехник болууну тандагансыз?
– Өзгөндүн Алтын-Булак айылынан болом. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкекке келип, сантехник агаларга кошулуп 3 жыл иштедим. Атайын окуусун окуган жокмун. Анан Москвага барып бир компанияда 3 жыл сантехник болуп эмгектендим. Ал жерде дароо эле чоң жумуштарды алып иштегенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Мага окшогон мигранттарды майда-чүйдө, жаман, оор жумуштарга салып коюшчу. Анткен менен жумуш тандабай, жумшаган жагына чуркап, берилген тапшырманы так аткарып иштеп жүрдүм. Жарым жылдан кийин мени чоң объекттерге жибере баштады. Кайра Бишкекке келип, ишимди улантып жатам.
– Ошондо бул кесипти окубай деле үйрөнүп алса болобу?
– Негизи окуш керек. Мамлекеттик мекемелерде сантехник болуп иштөө үчүн диплом талап кылынат. А мен жеке сантехникмин. Менден эч ким деле диплом сурай элек (күлүп). Биздин жумуш – жеке жана көп кабаттуу үйлөрдө, мекемелерде раковина, унитаз, ванна сыяктууларды орнотуу, жылытуу системин, радиатор, жылуу полдорду монтаждоо. Канализацияларды тазалоо, авариялык винтилди алмаштыруу, суу түтүктөрүн, суу ысыткыч шаймандарды орнотуу жана алмаштыруу, унитазды оңдоо, септик жасоо жана башка иштер бизге тийиштүү.
– Жумуштун артыкчылыгы жана кыйынчылыгы эмнеде?
– Артыкчылыгы – айылдабы, шаардабы, биздин ишке суроо-талаптын көптүгү. Ал эми кыйынчылыктары көп. Мисалы, суу түтүгү, батарея, аристон сыяктуу оор буюмдарды көтөрүүгө, оор шайман, аспаптарды колдонуп иштөөгө, суу каптаган жерди басып иш кылууга туура келет. Эң жаманы – канализацияны тазалоо, андан чыккан сасык жытка чыдоо. Авариялык учурларда түндө да чакырык түшөт, уйкуну жыйыштырып, шарт туруп жөнөп кетесиң. Дайыма үстүң кир, булганыч жүрөт. Абайлабасаң жаракат алып калышың да мүмкүн.
– Сантехникте кайсы сапаттар болушу керек деп ойлойсуз?
– Жоопкерчиликтүүлүк, чыдамкайлык, стресске туруктуулук, кылдаттык жана тактык. Ушул сапаттардын болушу зарыл. Негизи мен буюртманы аткарып, иш бүткөндөн кийин жок болуп кетпей, буюмду туура колдонуунун ыкмасын үйрөтүп берем. Ушул кезге чейин бир да кардарым кемчилигимди айтып, даттанып кайрыла элек.
– Тапканыбыз жакшы дедиңиз, ошондо 1 айда канча табасыз?
– Бизде көбүнчө күзүндө иш көп. Бир жагынан жаңы үйлөр бүтүп, бир жагынан кышка даярдык жүрүп жаткан болот. Эң аз иштедим дегенде 30 миңден кем эмес табасың. Тынбай иштесең 70 миңге чыгат, ашып да кетет. Үйдө оорукчан апамды карап, буюртманы аз алам. Көп иштегендер мындан да көп табышат.
– Кызмат акыңыздар үчүн бааны эмнеге таянып коёсуздар? Арзыбаган эле жумушка асман чапчыган бааны айтышат деп нааразы болгондор бар.
– Мамлекеттик ишканаларда иштегендердин атайын тарифи бар. Биздики деле ошого карап түзүлөт. Бирок биз унаабызга бензинди өзүбүз куйганга, сантехникалык тетиктерди, шайман, аспаптарды өзүбүз сатып алганга кызмат акыбыз тигилердикинен 200 сомго кымбатыраак. Мисалы, бир ишти тигилер 1000 сомго бүтүрсө, биз ошол эле иш үчүн 1200 сом алабыз. Бааны көп көтөрүп жиберсек, эл жеке сантехниктерди чакырбай калышпайбы. Кышында суу түтүктөрү тоңуп калганда аны эритип берүүдө ар бир метрине 300 сомдон алабыз. Унитаздын эскирген системин жаңысына алмаштырып берсек 1000 сом төлөшөт. Сырттагы сууну үйгө, бөлмөлөргө түтүктөр менен тартып киргизүүдө ар бир точка үчүн 1000 сомдон алабыз. Мисалы, 2 раковина, 1 ванна, 1 унитаз болсо 4000 сом алабыз.
– Сиздин жумуш эмнени кечирбейт?
– Биздин жумуш көңүл коштукту, шалаакылыкты, ишти эптеп-септеп жасоону кечирбейт. Эптеп жасап, оңдоп койсоң көп өтпөй кайра бузулат. Анан чалышат, урушат, сотко берем дешет. Ошондой жаман сөздөрдү укпоо, башкысы адамгерчилик үчүн деле баарын өзүң үчүн жасап жаткандай мыкты бүтүрүшүң керек. Канализацияны тазалаганда, суу системин орноткондо үйлөрү булганып калса урушкандар болот. Ишти бүтүрсөң рахмат айтып, чай бергендер бар.
– Сантехник катары алгачкы өз алдыңызча бүтүргөн ишиңиз эмне болгон?
– Жеке үйдөгү даараткананын канализациясын тазалагам, суу кетпей калыптыр. Тазаласам ичинен нымдуу салфетка, вата дисктери, аялдардын гигиеналык каражаттары чыккан. Алар бир жерге чокмороктошуп калыптыр. Ушул жерден айта кетчү нерсе: нымдуу салфетка эч качан эрибейт. Гигиеналык каражаттардан гель сууну жутуп, көөп тура берет. Үй ээлери ушуну эске алышы керек.
– Элге таанымал адамдардын да үйүнө барып иш кылган учурлар болобу?
– Ооба, көп эле болот. Мен ырчы жубайлардын ваннасынын суу чабыштыргыч крайниктерин алмаштыргам. Бир актрисанын эски суу түтүктөрүн алмаштырып бергем. Белгилүү саясатчынын үйүндө канализациясын тазалап бергем жана башка.
– Суу түтүгүнө кымбат буюмдарын түшүрүп жиберип чакыргандар барбы?
– Бир жолу Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чакырык түштү. Барсам, аялы унитазга алтын чынжырчасын түшүрүп жиберип, алам деп ары кетирип алыптыр. Канализациясынан алып чыккам. Баасы 150 миң сом экен. Акыма 5 миң сом берип ыраазы кылышкан.
– Кыргызстанда жер титирөө көп болот. Монтаж иштеринде аны да эске аласыздарбы?
– Ооба. Мисалы, жылытуу системин орнотуу үчүн суу түтүктөрүн үйгө киргизгенибизде аны дубалга же жерге анкерлик болт менен бекем катырабыз.
– Кышкы суукта сыртта иштеген оор болуш керек?
– 2023-жылы ноябрда түнкү саат 2де Калыс-Ордо конушуна чакырык менен бардым. Көчөдөгү суу кудугунун (люк) ичине суу толуп, көчөнү каптап жатыптыр. Көчөдөгүлөрдүн үйүндө болсо суу жок. Кыштын күнү суукка карабай чечинип, тереңдиги 2,5 метрлик суу толгон кудуктун ичине түшүп, бузулган винтилди оңдоп чыккам. Ошондо ооруп калганым эстен кетпейт.
– Маек соңунда окурмандарга сизден адистик кеңеш болсун...
– Ваннанын канализациясы көбүнчө чачка толуп калат. Ошого аялдар жуунганда тарактагы чачтарын суу менен агызып жибербей, чогултуп таштандыга ташташы керек. Айрымдар ваннаны кир, акыр-чикирден тазалайт деп атайын химиялык каражаттарды колдонушат. Алардын жардамы деле жок. Андыктан чач, ыпыр-сыпыр таштабоо кажет. Ашканадагы раковинага идиш жууганда майды ага төкпөө керек. Раковинанын алдындагы гофри түтүгүнүн ичинин капталдары майга толуп, капталып, ошого суу кетпей калат. Майды желим пакетке куюп, таштандыга таштаган оң. Унитаздан суу чыкпай калса, анын алды жагындагы атайын торчосу кирге толуп калды, аны тазалатуу керек деп билүү кажет. Унитаздагы суунун токтобой калышы ичиндеги системинин жараксыз абалга келгенинен кабар берет. Жаңысына алмаштыруу шарт.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |