№1200
Мода дүйнөсүнө саякат. Дүйнөгө белгилүү модель, анан да көпчүлүктүн кумири, ырчы Жастин Бибердин жубайы катары таанымал Хейли Бибер макалабыздын каарманы. Жылдыздуу үй-бүлөдө чоңоюп, атактуулуктун оош-кыйышын көрүп калган сулуунун жашоосунда бир топ кызыктуу фактылар бар. Анда назар салыңыз.
Туулган жери: АКШ, Тусон
Туулган жылы: 1996-жыл, 22-ноябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Кесиби: модель, ишкер
Бою: 171 сантиметр
Байлыгы: 300 миллион доллардан жогору
1. Голливудда белгилүү киночулардын үй-бүлө мүчөсү Хейли. 4 бир тууган Болдуиндердин кланы кино дүйнөсүндө эмгектенишет. Арасынан атактуусу Алек Болдуин, андан кийин Хейлинин атасы Стивен, анчалык популярдуулукка жете албаган Патрик жана Уильям Болдуиндер. Апасы Кенниа Деодато жаш кезинде актриса, дизайнер болчу. Таятасы Эумир Деодато бразилиялык музыкант, Эмгек сиңирген артист. Эки тараптан тең чыгармачылык адамдар менен курчалган Хейлиде англичан, ирланд, шотланд, француз, немис, итальяндардын каны аралашкан.
2. Балерина болуу кыялы ишке ашпай калган. 5 жашында апасы балет бийине жетелеп барган эле. Кызга бийлеген аябай жакчу, көпөлөк сезчү өзүн. Бирок бутунан алган жаракаты бийди таштоого аргасыз кылды. Анын үстүнө тубаса жүрөк кемтиги дартынан улам врачтар активдүү кыймылдоого тыюу салышкан. Азыр да бийлегенди жакшы көрөт.
3. Чыгармачылыкка кызыккан кызды театралдык багыттагы мектепке беришкен. Кичинесинен же ата-энесин, же агаларын жетелеп кызыл килемден өтүп, камералардан коркпой калганы менен, бул жашоо образы кадимки жашоосуна терс таасир тийгизчү. Таанымал үй-бүлөнүн кызын мектепте караган көздөр, сынаган сөздөр көбөйүп, 8-класска жеткенде Хейли чыдабай мектептен чыгып, үйдөн окууга өтүп кеткен.
4. Кичинесинен камерага көнгөн дебедикпи, 9 жашында Алек Болдуиндин документалдык тасмасына тартылган. Андан сырткары музыкалык клиптерге, телеберүүлөргө тартылып баштаган. Күндөн күнгө бой-келбети түзөлүп, көзгө алына баштаган сулуунун моделдикке кетери убактылуу көрүнүш эле. Ошентип моделдик карьерасы 2014-жылы Ford Models агенттиги менен келишим түзгөндөн кийин башталган. Мода журналдарынын башкы бети, подиумдар, атактуу бренддердин жүзү болуу менен мода дүйнөсүндө атактуулукка жеткен.
5. Жеке ишкер. Ооба, Хейлини модель катары гана таанысаңыз жаңылышасыз. Мода көрсөтүүчү эле эмес, мода жаратуучулардын да катарына кирет. Дизайнер катары бут кийимдер коллекциясын, аксессуарлар линиясын чыгарган. 2022-жылы Rhode аталышындагы бьюти-брендин түзгөн, анда косметикалык каражаттардын түрү өндүрүлөт.
6. Сүйүү баяны. Азыркыга чейин батыш шоу-бизнесинде поп-жылдыз Жастин Бибер менен Хейли Бибердин үй-бүлөлүк тандеми кызыгуу жараткан, ызы-чуудан түшпөгөн ысымдардын катарында. Хейли менен Жастин 9 жашынан бери тааныш (ата-энелери аркылуу таанышкан), 13 жашынан баштап достук мамиледе болуп келгенин айтышат. 2016-жылы достук кокустан сүйүүгө өтүп кеткен. Ага чейин Жастин дагы бир атактуу ырчы кыз Селена Гомес менен 2 жыл сүйлөшүп, жаңы эле эки ажырым жолго түшкөн маал эле. Хейли горизонтто көрүнгөндө Селенанын күйөрмандары аны Жастинди тартып алгандай көрүп катуу сынга алышкан. Экөөнүн романы деле көпкө узаган жок, Жастин Селенага кетсе, Хейли канадалык ырчы Шон Мендес менен сүйлөшө баштаган.
7. Үйлөнүү той. 2018-жылы Хейлинин жашоосунда кайрадан Бибер мырза пайда болду. Ошол эле жылдын күзүндө экөө үйлөнүп, модель күйөөсүнүн фамилиясын алган. 2024-жылы түгөйлөр Жек Блюз Бибер аттуу уулдуу болуп, ата-эне статусуна ээ болушту.
8. Антифанаттар. Түгөйлөрдүн жашоосунда баары бир калыпта эмес экени интернет желесине тараган сүрөттөрдөн, видеолордон байкалгансыйт. Бирде “ажырашты” кайра “жарашты” деген маалыматтарга эч ким ишенбей да калды окшойт. Анын үстүнө Селена Гоместин фанаттары дале Хейлини кечирбегенсийт. Андыктан анын “жинине” тие турган нерселерди көп кылышат. Мисалы, Жастиндин жубайына жасаган орой мамилеси видеокамераларга илингенде “сени сүйбөйт, ошон үчүн ушундай мамиле жасайт” деп моделди шылдыңдашат. Кызыл килемден өтүү учурунда “сен Биберди тартып алгансың”, “Жастин Селенаны гана сүйөт!” деген сыяктуу сөздөрдү кыйкырышат. Бир иш-чарада мындай сөздөргө чыдабай Хейлинин ыйлап жиберген видеосу да бар. Селена Гомес күйөрмандарын “жумшагыраак болгула” деп чакырганы да бар, бирок моделдин антифанаттары токточудай эмес.
9. Жогоруда тубаса жүрөк кемтиги бар дебедикпи, оорусу тынчын ала берип, операция жасаткан. Андан кийин микроинсультка шектелип ооруканага түшүп, врачтар моделдин мээсинде кичинекей тромб бар экенин айтышкан. Операция керектелген эмес, дары-дармек менен дарыланууга мүмкүн болгон. Ден соолугундагы бул мүчүлүштүктөргө карабай спортко жакын, учурда бокс менен активдүү машыгып келет.
10. Байлыгы. Ата-энесинин же атактуу күйөөсүнүн жардамы жок эле, өз күчү менен тапкан байлыгы аз эмес. Анын байлыгы болжолдуу 2025-жылга карата
300 миллион доллардан жогору деп эсептешет эксперттер. Пайда булактары: Моделдик. Мода көргөзмөлөрүнөн, жарнамалык келишимдерден жана социалдык тармактардагы жарнамалардан (1 постко 100-250 миң долларга чейин алат) түшөт. Rhode компаниясынан өткөн жылы тапкан пайдасы 212 миллион доллар делген. 2025-жылы бул брендин e.l.f. Beauty компаниясына 1 миллиард долларга сатып жиберди, башкы креативдүү директор статусун сактоо менен. Ал эми брендди саткан каражатын “мынча суммадагы каражатты кантип пайдаланууну билбейм. Андыктан уулум Жектин келечегине инвестиция катары сактаганым туура болсо керек” дейт.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |