№1201
Популярдуулугу артып, рейтинги жогорулап бара жаткан “Розалар жана күнөөлөр” түрк сериалына арнадык макалабызды. Сериалда түрк кинолорунун фишкасына айланган бардык нерселер бар: бай мырза, кедей кыз, чоң үй-бүлө жана андагы чиеленишкен мамилелер, көп жылдык купуя сырлар, маселелер... Бирок ушундай тематикалары үчүн түрк сериалдарын сүйгөн күйөрмандар да көп.
Тарткан өлкө: Түркия
Чыккан жылы: 2025-жыл, 11-октябрь
Жанры: драма, мелодрама
Режиссёру: Челик Дениз Жан
Сценаристи: Йелда Эроглу
Башкы ролдордо: Мурат Йылдырым, Жемре Байсел, Ахмет Сарачоглу, Ойя Унустасы, Яде Арайиджи жана башкалар
Кадердин атасы ким?
Серхат өзүн жашоосунда баарына жетишкен адам катары сезет. Чынында эле ошондой, ийгиликтүү бизнеси бар, артында колдогон чоң үй-бүлөсү, апасы, бир туугандары, сүйүктүү жубайы Беррак жана татынакай эки кызы бар. Ага мындан башканын кереги жок болчу. Бактылуу эле. Анан эле бир күнү астынан бир аял чыгып, жубайы андан бир сыр жашырып жүргөнүн, Беррактын дагы бир кызы бар экенин айтат. Бейтааныш аялга ишенгиси келбей, 18 жыл чогуу жашаган Беррактан суроо үчүн үйүнө барса, аялын башынан жаракат алган абалда бассейнден табат. Аялы комага түшөт. Ошол мүнөттөрдөн баштап бактылуу жашоосунда баары ал ойлогондой эмес экенин түшүнөт Серхат.
Ошол эле учурда Стамбулдун дагы бир жөнөкөй районунда флорист кыз жашайт, Зейнеп деген. Кыздын колунда жок жакыр үй-бүлөсү кредиттерден кутулуу үчүн болгон аракетин жасап жашап келишет. Зейнеп көчөдө гүл сатып отуруп Кадер аттуу кичинекей кызга жолугат. Камкордук көрүлбөгөн кичинекейге боору ооруйт Зейнептин. Акырындап ага кантип жакын болуп кеткенин байкабай да калат.
Серхат жана Зейнеп. Экөөнүн тагдырын бириктирген Кадер болду. Анткени Серхаттын жубайы Беррактын каткан 3-кызы дал ушул Кадер эле. Эми Серхаттын алдында Кадердин атасын табуу милдети турат... Мындан сырткары дагы үй-бүлөлүк сырлардын бети четинен ачыла баштайт сериалда. Кызыксаңыз, көрүңүз.
Өндүрүш
Kanal D телеканалынын буюртмасы менен “Розалар жана күнөөлөр” сериалынын жаралышын NGM компаниясы колго алган. Даярдыктар 2025-жылдын жаз айларынан башталган. Локация болсо – айтылуу тарыхый Стамбул шаары. Стамбулга көп барып, шаардын көчөлөрү менен жакшы тааныштарга айрым аймактар көзгө жылуу учурашы мүмкүн, айрыкча Бейоглу району.
1-сериясы бир канча өлкөдө 2025-жылдын 11-октябрында экранга чыккан. Тасманын режиссёру Челик Дениз Жан, ал эми көрөрмандын талкуусунда калган сериалдын сценарийин Йелда Эроглу жазган. Эгер “Таарынган гүлдөр”, “Сырдуу бакча”, “Түн ханышасы”, “Аралдагы жомок” сериалдарын көрсөңүз, булар да Йелда Эроглунун калеминен жаралган.
Мурат Йылдырым
Серхаттын ролунда белгилүү актёр Мурат Йылдырым. Продюсерлер сериалга кастинг жүргүзөрдүн алдында эле “негизгиси Мурат Йылдырым макул болсо экен” деген кооптонуу болгонун айтышат. Бактыга жараша актёр сценарийди окугандан кийин дароо макулдугун берген. “Розалар жана күнөөлөрдө” Мурат Йылдырымдын каарманы Серхатты “айланасындагы эч нерсени байкабаган сокур”, “ишенчээк”, “тарс-тарс чечим кабыл албаган жүдөмүш” жана башка сөздөр менен сөгүп да, “мүнөзү ушундай болсо эмне кылсын” деп болушуп да жаткандар бар.
Ойя Унустасы
Сериалдагы негизги терс каарман Беррактын образында актриса Ойя Унустасы. Манипулятордук кесип катары каралса, Беррак эң кесипкөй манипулятор катары биринчи орунда турмак. Башкаларды кой, өз кыздарына мээрим төкпөгөн, жакшылык деген эмне экенин билбеген, мыкаачы, куу, айтор, бардык терс сапаттарды камтыган аял. Сериалдын көрөрмандары анын кылыктары көп убакыт эч кимдин көзүнө көрүнбөгөндүгүнө, көрүнгөндөн кийин деле жазасыз калганына таң калып бүтпөй жатышат.
Яде Арайиджи
Эч кандай терс комментарий албаган, тескерисинче, жалаң позитивдүү ой-пикирлерге, мактоолорго кичинекей Кадердин ролун жараткан актриса Яде Арайиджи ээ болду. Кичинесинен ата-энесинин мээрими, сүйүүсү жок өсүп, чоңдордун мыкаачылыгын башынан өткөргөн, коркунучта жашаган кыздын жашоосу оор эле. Актриса ошол каарманынын оор тагдырын кичинекей болсо да ар бир эпизоддо ишенимдүү ачып бере алган. Анын көзүнөн аккан ар бир жаш көрөрманды кошо кайгыртып, анын жанына барып башынан сылап, сериалдан алып чыгып камкордук кылуу каалоосун жаратат.
Жемре Байсел
Зейнептин ролуна Жемре Байсел тандалганы белгилүү болгондо Мурат Йылдырымдын фанаттары жактырышкан эмес актрисаны. Себеп – актёр менен актрисанын ортосундагы 20 жаш айырмачылык. “Мураттын өтө улуу экени билинип, экөө жакшы түгөй болбой калат” деген кооптонуулар ишке ашкан жок, экранда Серхат менен Зейнептин “химиясы” купулга толорлук. Ал эми Зейнепти сериалдын көрөрмандары “эч кандай күнөөсү жок, таптаза кыз катары көрсөтүлгөн. Жомоктогудай баары жакшы болот деген ишеним менен жашайт” деп образына бир аз “стервалык” мүнөз кошкусу келгендер көп.
Кызыктуу фактылар
* Мурат Йылдырым жана Жемре Байсел тандеми үчүн “Розалар жана күнөөлөр” алгачкы долбоор эмес. Алар буга чейин “Рамо” сериалында чогуу тартылышкан, бирок ага-карындаштын ролунда.
* Сериал Түркиянын мамлекеттик ири TRT 1 каналында көрсөтүлүүсү менен канчалык чоң масштабды камтыганын көрсөтө алды. Анткени канал көбүнчө чоң масштабдагы долбоорлор менен гана каржылык келишим түзөт.
* 1-сезону ар бири 2 сааттан ашык убакытты камтыган 20 сериядан турат деген маалымат бар (учурда 10 сериясы чыкты). Бирок сериялардын саны рейтингге жана башка себептерге байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |