№1201
Бул жолу редакцияга кайрылган каарманыбыз “9 жаштагы кызым тубаса оор дарттар менен туулган. 3 ай мурун башына операция жасатканбыз, дагы операция жасатууга аргасызбыз. Анткени омурткасынын сыртка чыгып турган жеринин эти чирип, ириңдеп жатат” дейт. Жаш кыз кандай дарттардан жабыркап жатат? Аларды айыктыруунун кандай жолдору бар?
“Кызым бир нече илдет менен төрөлгөн”
– Аты-жөнүм Канзада Абдирасулова, учурда 27 жаштамын. Туулган жерим Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылы. Айылдагы мектепте 9-класска чейин окуп, анан Ошто колледждин модельер-конструктор бөлүмүнө тапшыргам. 2 жыл окуган соң университеттин юридикалык факультетине которулдум. Бирок атамдын көзү өтүп кетип, каржылык жактан кыйналганда сырттан окууга которулуп, Москвага иштегени кеттим. 5 ай иштеген соң Москвада бариста болуп иштеп жүргөн оштук жигитке баш коштум.
Турмушка чыккан соң үйдө отуруп калдым. 1 жылдан кийин, тагыраагы, 2016-жылы 23-сентябрда тун кызыбыз Марал төрөлдү. Ыйлабай жарыкка келди. Төрөлөрү менен эле москвалык врачтар “ымыркайдын мээсинин 2 жарымында тең гидроцефалия бар” дешти. Андан тышкары арнольд-киари синдрому, мултьтикистоздуу энцефолопатия жана бифида омурткасы илдеттери бар экенин айтышты. Бифида омурткасында түйүлдүктүн кайсы бир омурткасы толук өсүп-жетилбей калып, мунун айынан омуртканын жүлүн өтүүчү каналынын ошол туштагы жери толук жабылбай калат экен. Жабылбай калган жерде ичине жүлүн суусу толгон баштыкча (грыжа) жаралып, ал сыртка томпоюп чыгып калат тура. Мындан улам ортопедиялык, нейрохирургиялык маселелер пайда болот экен.
“Төрөлөрү менен грыжасын кесип салышты”
– Ошентип кызым төрөлөрү менен аны балдар ооруканасына алып кетип, мен төрөт үйүндө калдым. Алып барары менен кызымдын омурткасындагы грыжаны кесип алып салышты. Кызым реанимацияда 40 күн жатты. Мен төрөт үйүнөн 3 күн дегенде чыгып ооруканага барсам, врачтар кызымдын жашабай калышы мүмкүн экендигин айтышты. Кош бойлуулугумдун үчүнчү айында сасык тумоо менен ооруган элем. Врачтар “мүмкүн, ошонун терс таасири тийип кызың ушундай төрөлгөн болушу ыктымал” дешти.
40 күндөн кийин кызымды Москвадагы батирибизге чыгарып келдик. Эмчек эме албагандыктан курсагын даяр аралашма менен тойгузууга туура келди. Аймактык педиатрлар келип карап турушту. Врачтар жазып берген дарыларды үзгүлтүксүз 5 ай ичирдик. Үйдөн жолдошум жалгыз иштегендиктен батир акысы, кызымдын дарылары менен такма жалаягына, тамак-ашка акча тартыш болуп кыйналып кеттик. Ошондо кызым менен Ошко учуп келип, кайнежемдикинде убактылуу жашап турдук.
“Отура да, баса да албайт”
– Иммунитети алсыз болгонго кызым кызамык, суу чечек, пневмония, сасык тумоо сыяктуу оорулардын баары менен ооруп чыкты. Ал ооруганда ооруканага жатып калчубуз. Кызым оорубаган учурда арабага салып жаныма коюп алып, сулуулук салонунда иштеген күндөрүм болду. Күйөөм 1 жылдан кийин кызынын майыптыгынан улам бизден баш тартты, ажыраштык.
Кызымдын төрөлгөндөн бери акыл-эси өскөн жок. Отура да, капталына оодарыла да, сүйлөй да албайт. Кечке бир абалда жатат. Таңдайында да кемтиктер болгондуктан тамакты чайнай албайт. Тамактын баарын блендерден өткөзүп берем. Апасы болгонумдан го, сүйлөсөм түшүнгөндөй болот. Суусаганын, ысыганын ыйлап билдирет. Колдорун бир аз көтөрө алганы менен, белинен ылдый жагы иштебейт, буттарын кыймылдата албайт.
“Башына шунт коюшту”
– Бишкекке 2020-жылы көчүп келдик. Кызымды апама каратып, 1 жыл өзүм жеке үйлөрдү, подъезддерди жыйнап-жууп иштеп жүрдүм. Бир аз акча чогулта коюп, курстан окуп, азыр үйдө соодагерлердин товарларын жарнамалап берип акча табам. Контентмейкерликтен да акча түшөт. 1 айда орточо 40 миң сомдон ашык акча табам. Кызым улам катуу ооруп кыйнала бергендиктен 2025-жылдын 17-сентябрында Түркияга алып барып башына операция жасатып келдик. Башына чогулган ашыкча суу агып чыгып турсун деп шунт коюшту. Ага 25 миң доллар акча кетти. Мынча каражатты өзүбүз таба алмак эмеспиз, элден чогулттук.
“Омурткасы кыйшык болгондуктан ички органдары кысылып калды”
– Экинчи операцияны жасатыш үчүн кайра эле Түркияга, ошол клиникага алып барышыбыз керек болууда. Омурткасынын томпоюп сыртка чыгып турган жеринин эти чирип, ириңдеп жатат. Омурткалары кыйшык болгондуктан ичи органдарын кысып, алардын иштеши начарлоодо. Врачтар операцияда омурткаларын түздөп, протез менен бекитишет экен. 17 миң доллар кетет деп эсептеп беришти. Бирок басып кетет, отуруп калат дегенге кепилдик жок дешти. Болгону кысылган ички органдары бошоп, иштеши жакшырат экен. Учурда атамдан калган 1 бөлмөлүү батирде апам, сиңдим болуп турабыз. Бул батирге туугандар менен соттошуп жүрүп зорго ээ болдук. 2 иним айылда таякемдин колунда. Чоңу 23 жашта, кичүүсү 8-класста окуйт. Улуу эжем үй-бүлөлүү, бала-чакалуу.
17 миң долларды элден жардам сурап чогултпасак, өзүбүз таба албайбыз. Балаң ооруп, жалдырап ыйлап турса, энеге эле түшкөн түйшүк экен. Кызымды кыйнаган оорудан дагы бир жолу жеңилдеткенге жардам бериңиздер, кайрымдуу элим.
Жардам берүү үчүн реквизит:
ОДеньги: +996 707 511 588
Мбанк: +996 770 134 888
Мбанк: +996 997 060 487
Оптима: +996 770 134 888
МИР: +7 996 995 2674
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |