Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1201

(Башы өткөн сандарда)

Стамбул. Көп адамдын арманы жана дарты менен батырган, кубанычы менен ийгилигин жараткан байыркы шаар. Айкөлдүн бул жерге келгенине бир топ болду. Азыр курбусу иштери менен кетип, ал деңизди карап жалгыз отурду. Куду деңиздин толкундарынан өзүнүн өткөн күндөрүн көрүп жаткандай сезилди. Дал ушул толкундай атырылган, элдин баарына сүймөнчүк болуп, кыска убакыт болсо да жылдыз болгон убагы болду. Кайра дал толкундай сызыла бүктөлүп жоготуунун азабын тарткан убагы болду. Толкун сымал жапырылды. Тагдырына баш ийди. Айдарды, кийин апасы менен атасын жоготту. Жалгыз калды, баары бүттү деген учурда баары башталыптыр. Акбарды тагдыр жолунан жолуктурду, үмүткө байланды. “Балалуу болуп Акбар менен бактылуу жашайм” деген тилеги таш капты. Бирок мунун баары кыска гана көз ирмемге созулуптур, аз убакытта бир топ окуялар болуп кетти. Эми кайрадан жалгыз. Өлүмдүн, жоготуунун оордугу өзүнчө, тирүү туруп айрылуунун да тозогу өзүнчө тура. Акбардан кабарсыз кетип калгандан бери күндөр өттү. Курбусунун чакыруусу менен дин илимин алууга келип, окуу жайда окуп калды. Жатаканада жатат, элге аралашып, окуп, жанындагылар менен кошо жанталаша аракет кылууда. Мунун баары ичиндеги дарттан кутулуу үчүн болгон далалат. Жалгыз калды дегиче Акбар көз алдына келет. “Мени кантип жалгыз, ушул абалымда таштап кеттиң?” деген таарынычы бар көздөрүндө. Түшүнө да ушинтип кирет. “Мен сенден кетүүнү каалабадым, бирок кетпесем да болбойт эле” дейин дейт. Бирок аны укпай жаткандай, Акбар ага таарынып жаткандай сезилет. Оор нерсе басып тургандай сезимден кутула албай койду.

– Айкөл, сени жанатан бери чакырып жатам. Укпайсың го,- деди аркасынан келген курбусу Чолпон. Айкөл ага билгизбей көз жашын сүртүп алды. Жылмайгансыды.

– Эмне болду? Дагы ыйлап жатасыңбы?

– Баары жакшы.

– Сени тааныбай турам, классыбыздын эң шайыр, эң активдүү, эң жалындаган энергиялуу кыздарынын бири элең. Азыр таптакыр башкачасың. Көп жыл жашап койгон адамдайсың. 

– Ошондой белем, ээ? Эң бактылуу учурум ошол убак болсо керек анда. 

– Эми деле бактылуу болосуң, жапжашсың. Сулуусуң! Сенин бактың али алдыда.

– Сен дүкөндөрдү кыдырып бүттүңбү, кетелиби?- деди Айкөл көз жашын билгизбей сүртүп.

– Отуралычы бир аз. Мага да ушул жер жагат. Деңизге дартыңды айтып алсаң жеңилдей түшкөндөй болосуң.

Эки курбу бир аз отуруп калышты. Бир аздан кийин Айкөл акырын сүйлөй баштады. Өзүнө айтып жатабы, курбусунабы, белгисиз эле.

– Мен андан кетсем ага да, өзүмө да жакшы болот деп ойлодум. Бирок ал менин жан дүйнөмө терең орноп калыптыр, билген эмес экенмин. Андан айрылгандан кийин гана чыныгы мааниде анын менин жашоомдогу ордун түшүндүм. Байланып калган экенмин. Кол үзө албагандай катуу байланыптырмын. Уктасам түшүмдө, ойгонсом оюмда. Көздөрү элестейт. Антип эч бир эркек аялды карабаса керек. Куду мени азыр жоготуп ала тургандай аярлап карачу. Өз көз карашынан да коруп карап жаткандай сезилет эле. Сүйүү жана күчтүү берилүү менен карачу. А мен билбептирмин. Эрким күчтүү, бир аз кыйналсам керек, анан унутам деп ойлогом. Бирок аны унутуш мүмкүн эмес экенин сезип турам. Өмүр бою ушул жарам айыкпай калабы деп да корком. Бирок кайра барып анын жүрөгүн ооруткандан көрө жалгыз кыйналайын деп чыдап жатам. Ким билет, балким, Жараткан ушул чыдаганым үчүн мага чоң сыйлык берет. Кудайдан гана жардам сурайм. Бирок бул азапты көтөрүш оор болуп бара жатат.

– Ал тууралуу жаңылыктарды мага айтпа дедиң эле. Ошого айтпай жатам. Болбосо...

– Жок, айтпа. Билбейин, укпайын, бир аз эле өзүмө эрк берсем, аны көздөй учуп бара калчудаймын. Ошондуктан бардык социалдык тармактарга кирбейм, телефон номерди алмаштырдым. 

– Макул. Баары өз ордуна келет. Жатаканага кетели. Баса, сени мактап жатышат мугалимдер, абдан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатасың. Билесиң го, мектепте деле ушундай жакшы окучу эмес белең. Адам кандай болсо да баштапкы мүнөзүндө калат тура.

– Рахмат. Мага да окуу жагып жатат. Болбосо билбейм, эмне болмокмун.

ххх

Эламан эмне кыларын билбей калды. Америкадан келгенден бери башы маң. Дайыма күчтүү, акылдуу, бардык убакта айла-амалды таап кете турган досу азыр таанылгыстай өзгөрүптүр. Үйдө жатат. Эч нерсе кылгысы келбейт. Баарына кайдыгер жана сыртын салуу менен карайт. Айласы кеткенде Мариямга кайрылды.

– Минтип жата берсе, бир нерсе болбосун. Бир табып-сабып же психолог дегендерге көрсөтүп көрбөйлүбү?

– Мен деле ойлодум. Бирок кимге алып барабыз? Жөнөкөй адам болсо бир жөн, бирөөлөргө сөз болобу дейм да. 

– Ай, кыргыздар, өлүп бараткан күндө деле “эл эмне дейт?” дейсиңер. Эл эмне демек эле, бир маселе болуптур, анан адиске барыптыр дейт.

– Акбар макул болбойт. Сага бир нерсе дедиби, сүйлөштүбү?

– “Мариямга ушул убакта жардам бер, бардык иштеримди сага гана ишенип тапшырам. Балдарга каралаш” деди. Өзү тууралуу эч нерсе айтпады. Фирмадагы иштерин карап чыктым. Көп жерде баш аламандык болуп кетиптир. Иретке келтирүү керек. Түшүнүксүз цифралар, адамдар... Болуптур, ал жагын мага койчу. Мени Акбардын абалы ойлонтуп жатат.

– Мени дагы ойлонтуп жатат, бирок колумдан эмне келмек эле...

– Окуянын эмне болгонун айтып бергилечи, Кудай жалгагырлар, ар кимден бир нерсени угам. Акыры эмне болду ага?

– Өзү айтсын.

Эламан ийинин куушурду. Акбардын ооруп жатканын угуп келген. Бирок иштеринин баарын ага тапшырарын, абалы мынча оор экенин билген эмес. Анан калса Мариям менен эмес, шаардан сырттагы башка бир үйдө жашап жатканына түшүнө албады. Өзү эшиктен араң кирип-чыгып жатса, багууга муктаж эмеспи. Мариям да эч нерсе болбогондой зымпыят да турат. Күн алыс барып досунун абалын сурайт. Бул жолу да азык-түлүктү алып келди. Адатынча эле терезени карап ойлуу отуруптур.

– Мага го бардык иштериңди үйүп койдуң. Сен минтип табиятка суктанып отура бересиңби? Деги тамак ичтиңби? 

Акбар угуп жаткандай, ошол эле убакта укпай эле тургандай. Бир кайдыгер тиктеп койду. Досу тамак жасап, чакырды. Акбар дасторконду карап жылмайып койду. Көңүлдөнө тамак ичти.

– Эми айт, эмне мынча өзүңдү жоготтуң?- деди Эламан. Акбар телефонун алып чыгып, Айкөлдүн сүрөтүн көрсөттү. Эламан ийинин куушурду.

– Ким бул?

– Менин аялым. Жашоом, алган демим, көңүлүмдүн толтосу. Ушул адам кетип калды.

– Эмне? Сенин аялың Мариям эмеспи?

– Сен эмне, социалдык тармактарды окубайсыңбы?

– Жок, сен билесиң го менин мүнөзүмдү. Андайларга убактымды бекер коротпойм.

– Мен адамдарга “терс каарман” болбодум беле? Ушунун баары бул кыз үчүн. Айкөлүм...

– Мына сага, сен кызыксың го. Ушул заманда да ушинтип ачык эки аял алып калдыңар беле, кыргыздар?

– Америкаңда деле бар. Сен болгону эч кимден кабарсыз, өз ааламыңда жашаган жансың да.

– Эми угуп калчумун бар экенин, бирок Акбар ушинтет деп ким ойлоптур?

– Элдин баары ушинтип ойлошту. Балдарымдан да уктум ушул сөздү. “Акбар мындай кылбаш керек эле, сенин мындайга акың жок” дешти. Эмне деген гана сөздөрдү жазышпады. Бирок менин сүйүүгө акым жокпу? Баарынан да ушуга күйдүм.

 

 (Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо