№1201
Таланттуу актёр, шайыр алып баруучу Нурдөөлөт Копоевди кандай эне төрөп, тарбиялап-өстүргөн? Анын кандай кеп-кеңештерин жашоодо колдонот? Каарманыбыз апасы жөнүндө кызык баян куруп берди. Бул баарлашуу сизди кайдыгер калтырбайт, окурман.
– Нурдөөлөт мырза, бул жолу апаңыз тууралуу кеңири айтып берсеңиз деп турам...
– Жакшы болот. Менин апам – Копоева Ырыскан 1939-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында тегирменчи Маамыт таятамдын тогузунчу баласы, көкүрөк күчүгү болуп төрөлүптүр. Апамдын учуру ошондой болгон да, окубай калган. Бирок окубаса да уз, чебер, сөзмөр, жамакчы, кошокчу, тамашакөй адам. Учурда 86 жашка келип калды, Кудайга шүгүр, азыр деле тың. Урушса да уйкаш сөздөр менен урушат дегендей (күлүп).
Ал эми атам – Копоев Азис, чоң уста болгон. Темир уста, жыгач уста, зергер, айтор, устачылыктын бардык түрү колунан келчү. Апам экөөнүн баш кошуп калышы да өзгөчө окуя. Атам 20 жашка чыкканда согуштан келбей калган агасынын жесирин атама баш байлап коюшат. Кыргыздын ушундай салты бар эмеспи. Атам 20 жашта болсо, жеңеси 30дан өткөн аял экен. Ал энебиз 3 бала менен келип, атамдан 2 кыз, 2 уул төрөп, кийин ажырашат. Атам мына эмесе деп тегирменчи Маамыт таятама барып апамдын колун сураса, таятам дароо макул болуптур. “Оо, уста киши үй-бүлөсүн ачка калтырбайт. Чайнек жамап иштесе да багат” деп кызын берген экен. Ошентип атам менен апам баш кошуп, 16 балалуу болушат (10 кыз, 6 уул). Союз учурунда далай жерди кыдырышты. Жүз ууктуу чоң боз үйүн тигишип Москва, Киевге чейин барышкан. Ата-энем тууралуу Төлөмүш Океев 1984-жылы “Устанын өз бактысы” аттуу даректүү тасма тарткан. Азыр ал тасма архивде сакталуу, кез-кезде телеканалдардан көрсөтүлүп турат. Атам 2002-жылы каза болуп калган.
– Өзгөчө окуя экен. Эркек баланын инсан катары калыптанышында апанын ролу канчалык чоң деп эсептейсиз?
– Раматылык атам мага “колхоздун коюн алып берем, койчу бол” дечү. Кудай жалгап колхоздор жоюлуп кетип койчу болбой калгам (күлүп). Эң улуу Нурийла деген эжем Нарын шаарында химия мугалими болсо да, чыгармачылыкка жакын эле. “Сен актёр бол” деп мени ошол киши окуткан. Эжемдин сунушун апам колдогон. Атам “Москвадан эмес, Кыргызстандан эле окуса болбойбу?” десе, апам “Москвадан эле окуйт” деп мен жакшы көргөн оромону сүрсүгөн эт менен жасап берип окууга узатканы эсимде. Ошентип ийгилигимдин башаты апамдын колдоосуна байланыштуу. Ал кишинин батасы менен агарып-көгөрүп келе жатам деп ойлойм.
– Тентектик кылып, апаңыздын сөзүн укпай койгон мезгил сиздин башыңыздан деле өттү да?
– Албетте, бала кезде далай болгон. Мектепте президент элем, кээде линейканы мен өткөрчүмүн. “Тимур жана анын командасы” деп топ түзүп, жетим-жесирлердин жумуштарын кылып берчүбүз. Мектептин жумушу деп жүрө берип, үйдөгү жумуштар жасалбай калганда далай тил уккам апамдан. Мектепте ар кандай кечелерди уюштуруп, ийгиликке жетем деп апамды алдап, тилин укпай койгон күндөр көп эле болгон.
– Апаңыз сиздин кайсы мүнөзүңүздү айтып мактачу же азыр деле мактайт?
– Менин мүнөзүмдү апам башка балдарына мисал кыла берет. “Кыйналып жатса да жаркылдап турат. Өзүндө жок болсо да, эмне сурасаң таап берет” деп мактап, ыраазы болуп келет. “Ушунуңдан жазба” деп кеңешин айтат. Апамдын жанына көбүрөөк жүргүм келет, бирок театр, дубляж, иш деп жүрүп жанында көп боло албай калам. Шаарга келсе биринчи меникине келет, анан ээрчитип алып башка балдарыныкына коноктоп жөнөйбүз. Санаторийлерге барабыз. Жок дегенде телефондо “ушакташабыз”. Сөзүбүз айылдан башталат да, Ат-Башыны аралап, чет өлкөгө чейин кетет (күлүп). Бир убакта апам чет өлкөдөгү жаңылыктарды айтып жаткан болот. “Апа, муну каяктан билесиз?” десем, күлүп калат.
– Апаңыздын алдында уят болгон, бирок эч ким билбеген окуяңыз барбы?
– Бала кезде теңтуштар вино ичип жатпайбызбы. Башым айланып, эптеп үйгө жетип эле куладым. Апам байкуш байкап, бирок атама билгизбей “ооруп калыптыр” деп калкалаганы эсимде.
– Көйгөй басып, чечим таба албай кыйналып турганда апаңызга кайрылып көрдүңүз беле?
– Апам анча-мынча маселени алеки заматта чечип коёт. Азыр айылдын эң улуусу апам, жаштарга ак батасын берип, кеп-кеңешин айтып келет. Бир көйгөй жаралып, аны чече албай чүнчүп турганымда “ай, аны минт, тигини тигинт” деп чечип салса “апам баары бир кыйын” деп калам. Кээде кыйналып турганда апамдын бир эле сөзү чоң дем берет.
– Апаңыздын кандай кеңеши сиздин жашоодо өзгөчө эсиңизде калды?
– Тун балабыз чарчап калып, жерге жашырып келгенден кийин апама телефон чалып өңгүрөп ыйласам, “чапкан сайын көз чыга бербейт, келерки жылы эле балалуу болосуңар кайра” деп бир сөзү менен эле сооротуп койгон. Дайым эркек балдарына “үй-бүлөңөрдү таштабагыла, аял менен аракка азгырылбагыла” деп эскертип турат.
– Балдарды тарбиялоодо ата-энеңиздин сиздерди тарбиялоодо колдонгон кайсы ыкмаларын колдоносуз?
– Нурбайыр деген уулубуз, Нуршайыр деген кызыбыз бар. Уулума “жата бербей тур да” деп көп айтат экенмин. Анткени апам бизге “эрте тургула, эрте турсаңар көп жумушуңар бүтөт. Чала кайым кылбай, ишти так бүтүргүлө” деп көп айтчу. Туура, түз жүрүүгө тарбиялачу. Апамдын бизге колдонгон ар бир ыкмасын колдонгум келет. Бирок баары бир апамдай боло албайбыз.
– Адам канча жашка чыкса деле апасы үчүн бала бойдон калары ырас. Апаңыздын кандай суроосу тайсалдатат сизди?
– Келинчегим Зулфия бөйрөк оорусу менен күрөшүп келет. Канчалык кыйын экенин апама ачык айтпай “баары жакшы” дей беребиз. Эне да, сезет. “Зулфиянын ден соолугу кандай?” десе, суроосуна араң жооп берем. Ушул суроосуна жооп берүү кыйын окшойт.
Апама ар дайым, ар күнү таң калам. Анткени 16 баланы тарбиялап чоңойтту. Убагында устаканада атамдын барсканчысы болуп аны менен тең жарышып иштечү. Кийиз-шырдак жасап, оймо оюп, айтор, тыным алчу эмес. Бирок эч бир чарчадым дегенин укпадым. Ушул сапаты мага аябай таасир берет. Негизи бардык апалардын эмгегине, мээримине таазим кылам. Албетте, өз апама өзгөчө таазим жана урмат. Апалар аман болушсун!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |