Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “ЭЛДИН ПИКИРИН АТТАП ӨТӨ АЛБАЙМ, ЭСЕПТЕШЕМ”

№1201

Эстрада жылдызы Гүлназ Чыныбек кызы эмоцияга эркиндик берип, дайым позитив маанайда баарлашат. Оюндагысын тартынбай, жымсалдабай, түз айтат. Ушул сапаттары анын маектерин ого бетер кызыктуу кылары ырас. 

 

– Саламатсызбы, Гүлназ айым? Жыл аяктап баратат, 2025-жылы сизде кандай ийгиликтер болду?

– Саламатсыздар, жалпысынан көп  ийгиликтер болду. Мен үчүн өзгөчө болгон жаңылык – Маданияттын мыкты кызматкери деген төш белгиге ээ болгонум. Башкалар үчүн кандай билбейм, бирок мен үчүн аябай чоң кубаныч тартуулады.

– Албетте. Аял киши катары каржылык эркиндик, материалдык байлык деген нерселер сиз үчүн канчалык маанилүү?

– Азыркы замандын талабына ылайык караганда, бутка туруу зарыл нерсе болуп калды. Биринчи үйүмдү 26 жашымда Ош шаарынан алгам, ошондо кубанганымдан ыйладым эле. Кийин андай толкундануулар болгон жок, көнүмүш эле болуп калды окшойт (күлүп). Эмнеге ыйладым десеңиз, ысык-суукта Казакстанда төрт жарым жыл соода кылып жүрүп тапкан акчама сатып алгам. Соода кылганда да азыркыдай бардык шарты бар дүкөн эмес, чүпүрөктөн төрт жагын тосуп, чатырча кылып алып, кийимдерди илип сатат элем. Кар жааганда азап башталчу. Ошол жакта жүрүп “болсо болуп кетет, болбосо кайра келип соода кыла берем” деп ырчылыкка кадам таштагам. Карасам, окшошуп бара жатат (күлүп). Ошентип сооданы жыйыштырып, шоу-бизнеске аралашканыма сегиз жылдай болду. Вокалдан сабак алып, учурда эл алдында ырдап жүргөн убагыбыз.

– Адам каалап койсо эле ийгилик жарала береби? Бул өжөрлүктүн жемиши эмеспи?

– Ооба, каалап койсоң эле болуп калат деп көп айтышат. Жөнөкөй эле сөз, бирок мага аябай жагат. Себеби Кудай “сурагыла, мен берем” деген эмеспи. Ниет чындап эле түз болсо, керектүү адамдар жолуңдан жолугуп эле колдоп кете берет экен. Жолум ачык, кадам таштап аракет кылсам, мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктери ачылып келе жатат. 

– Өзүн-өзү жасаган, каржылык эркиндикке жеткен аялдын бирөөгө баш ийиши кыйын дешет, бул пикирге кошуласызбы?

– Менимче, оңой эле баш ийем. Дайым улуулардын, ата-энемдин, устаттарымдын акылын, кеңешин угуп, алар айткандай жасаганга аракет кылам. Менде бир мүнөз бар, “эл эмне десе ошо десин” дей албайм. “Эл эмне дейт?” дегендин чынжырындагы адаммын. Биздин каныбызга сиңип калган “улууларга урмат” деген нерсени аттап өтүп кете албайм. Ошол эле убакта кичүүлөрдөн акыл сурап, тажрыйба бөлүшкөндөн деле уялбайм. Менден кыйынбы, менден акылдуубу, тартынбай барып сурап, билбегенимди үйрөнө берем. Ал эми эркек адамга баш ийүү тууралуу сурап жатсаңыз, ушул жерде бир аз маселе бар. Бул каржылык эркиндикке эле байланыштуу деп айтпайт элем. Себеби ушул деңгээлге чыгышым үчүн мээнет кылдым. Балким,  айрымдар уктап жатканда мен уктаган жокмун, кээ бир адамдар такыр чыдабай турган ишке чыдагандырмын. Өзүмдү камырдай ийлеп жасадым. Ушул процессте аял киши өзү да байкабай катуу болуп калат экен. Ийкемдүү боло албай калат окшойт. Көбү “турмушка эмнеге чыкпай жүрөсүң?” деп сурашат. Ошол нерсеге да жооп берип жатат окшойм чагымда (күлүп). Жөнөкөй эле  инсандардын катарына кошом өзүмдү, бирок ошол эле убакта бузгум келбеген жеке принциптерим бар. Катуу болуу аялдын табиятында жок, кыйын боло берип деле чарчап калат экенсиң. Дайыма маселени өз алдыңча чечкиң келбей, бирөөгө таянгың келген учурлар болот экен.

– Айрым чыгармачыл адамдарда материалдык кызыкчылык болбойт, алар үчүн искусство биринчи орунда. Сиз акчасы аз чыгармачылыкта кала алат белеңиз?

– Азыр “ооба, чыгармачылыкты сүйөм, чыдамакмын” деп айткым келип жатат. Бирок реалдуулукту эске алганда, азыркы замандын түшүнүгү менен алып караганда, андай мүмкүн эмес го деп ойлойм. Ырчылардын жумушу оңой туюлат болуш керек, бирок оор. Бир жерде туруктуу жашабайсың, өмүрүң жолдо эле өтүп жаткандай сезилет. Арыздангандай болбоюн, ырчылык менин кыялым, каалаган кесибим. Бирок медалдын экинчи тарабы да бар.

– Принциптерим бар деп калдыңыз жогоруда. Болочок жолдошуңуз сиздин ал принциптериңизге каршы болуп калса кандай болот болду экен?

– Болочоктогу жолдошум менин принциптеримди сыйлаш керек деп ойлойм. Анткени мен да аныкын сыйлаганга аракет кылам да. “Ушундай болот же болбойт” деп столду катуу уруп башкаруу биздин жаш куракка туура келбейт го. Мен мамиле кура турган адам менден улуураак болот болуш керек. Жана менин курагыма жараша талаптарын койсо керек. Маселени сүйлөшүп, пикирлешип чечип алууга аракет кылсак керек.

 – Демек, аялдык бакытыңызды табууга аз калган көрүнөт...

– Көп күйөрмандарым менден күткөн жаңылык  ушу десем аша чаппайм го. Көптөр мага аялдык бакыт каалап жазып, сурап турушат. Акыркы убакта ушул эле нерсени сурап калышты. Буюрса, мага аялдык бакыт каалагандардын тилеги орундалышына аз убакыт калды окшойт.

– Той жакындап калдыбы?

– Буюрса, силерге биринчи айтам.

– Сүйүү келгенде аялдар назик болуп, же тескерисинче, күчтүү жанга айланышат дешет адистер. Сиз кайсынысына кошуласыз?

– Биринчисине кошулам. Өзүм күчтүү болсом да, жактырган адамымдын жанында алсыз жана назик болуп калам. Эркектин жанында назик болуп эле калгым келет.

– Өзүмдүн алсыз жана күчтүү жагым деп кайсы сапаттарыңызды айтат элеңиз?

– Алсыз жагым – уйку (күлүп). Анан дисциплинага түшө албайм. Атайы машыктыруучулар менен да иштешип көрдүм, болбоду. Азыр эми “мейличи” деп калдым. Күчтүү жагым – жакшылыктан эч качан үмүт үзбөйм. Бир жаман иш болуп жатса деле ошонун ичинен кенедей болсо да жакшылык издей берем. Издеп отуруп табам. Жашоомдо бир учур болду, ден соолук жактан, каражат жактан аксап турдум. Бардык тараптан сыноо болуп туруп алды. Ошондо сабыр кылдым, “Кудай, мага ушул сыноону жөн берген жоксуң, мунун аркасында чоң бир жакшылык даярдап жатасың” деп үмүт кылып, ошол абалдан чыгып кеттим. Наалыган жокмун. Ушул сапатым өзүмө жагат.

– Өзүңүзгө өзүңүз суроо беришиңиз керек болсо, эмне деп сурайт элеңиз?

– Суроо жаралганда өзүмдөн тез-тез сурап турганым үчүнбү, азыр эмне сурарым башыма келбей жатат. Адатта “Гүлназ, бактылуусуңбу?” деп өзүмдөн  көп сурайм.

– Сиз үчүн учурда эмне актуалдуу?

– Баарына Кудайга шүгүр. Мага азыр сүйүү жана сүйүлүү актуалдуу болуп турат окшойт.

– Маегиңизге рахмат.

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо