ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫ ИШИН БАШТАДЫ

№1201

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы 17-декабрда ишин баштады. Депутаттар ант беришип, парламент түзүмү аныкталды. Тийиштүү жетекчилер шайланышты.

Креслодо эски-жаңы төрага                    

Парламент төрагасы болуп Нурлан Тургунбек уулу кайрадан шайланды. Ал 7-чакырылышта да спикер болгону белгилүү. Кайра шайланган соң Тургунбек уулу сөз сүйлөп, депутаттарга ыраазычылык билдирди.

– Кыргыз парламенти чөлкөмдө гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде да ачык-айкындуулугу жана демократиялык баалуулуктарды бекем кармангандыгы менен өзгөчөлөнүп келет. Мындан ары ушул багытыбызды сактап калуу менен гана чектелбестен, өнүктүрүшүбүз керек. Биздин ыйгарым укуктарыбыз жетиштүү. Сөз эркиндиги толук сакталат, албетте, ар бир айтылган пикирдин артында жоопкерчилик бар экенин да сезишибиз керек. Бирок кайсы бийлик бутагы болбосун кемчиликтер кетсе, конструктивдүү сындар айтылып, ушул бийик трибунада элдин үнү угулуп турушу кажет,- деди төрага.

Төраганын орун басарлары болуп Чыңгыз Ажибаев, Карим Ханджеза жана Жылдыз Таалайбек кызы шайланышты.

5 депутаттык топ түзүлдү                    

Ошондой эле Жогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү: “Мекенчил”, “Ата-Журт”, “Ала-Тоо”, “Элдик” жана “Адилет Кыргызстан” топтору. Курамына 19 депутат кирген “Мекенчилди” Кундузбек Сулайманов жетектесе, 18 депутаты бар “Ата-Журттун” лидери болуп Нурланбек Азыгалиев шайланды. 18 депутаттан турган “Элдик” тобун Акылбек Түмөнбаев, 14 депутат мүчө болуп кирген “Адилет Кыргызстан” тобун Нурбек Сыдыгалиев, 15 депутаты бар “Ала-Тоону” Жанар Акаев жетектейт. Депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Көкүлов депутаттык топторго кошулушкан жок. 

8 комитет иштейт                                

17-декабрда Парламенттин комитеттери да түзүлүп, алардын төрагалары да шайланышты. Депутат Дастан Жумабеков Талас округунун депутаттарына парламент түзүмүнөн бир дагы кызмат тийбей калганына нааразычылык билдирди. Жаңы түзүлгөн комитеттердин төрагалары булар:   

Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы.

Элдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы.

Бакыт Тентишев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы.

Токтобүбү Ашымбаева Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрайымы. 

Кубанычбек Конгантиев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы. 

Алтынбек Кудайбердиев Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы. 

Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы. 

Гүлсүнкан Жунушалиева Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитеттин төрайымы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо