КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУН КАРЖЫЛОО БОЮНЧА МАКУЛДАШУУ ТҮЗҮЛДҮ 

№1201

16-декабрда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты.

Министрлер кабинети кабарлагандай, макулдашууга “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытайдын Банктар Синдикаты кол койгон.

– “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорунун баасы 4,7 миллиард доллар деп бааланган. Бул сумманын тең жарымын Кытай 2,3 миллиард доллардын тегерегиндеги каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компанияга 35 жылга насыя катары берүүдө. Бул насыяны Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Биргелешкен долбоордук компаниясы төлөйт. Ал эми калган 2,3 миллиард долларды үч мамлекет чогуу чыгарат, сумманын 51 пайызын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5 пайыздан чыгарат,- деп айтылат маалыматта.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо