№1201
Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 шайлоо округунан талапкер болгон Элдар Абакировдун арызын канааттандырган жок.
Абакиров соцтармактагы баракчасынан жасаган кайрылуусунда Башкы прокуратурага жана УКМКга кат жазарын, укугун мыйзам чегинде коргоону улантарын билдирди.
Абакиров 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо өзү ат салышкан округдагы жыйынтыкка нааразы. Ал өзү катышкан округда мыйзам бузуулар болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган. 12-декабрда Бишкектин административдик соту анын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы жазган арызын канааттандырган эмес.
ИИМ болсо Абакиров айтып жаткан округда акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастап, текшерүү иши жүрүп жатканын билдирген. БШК 8-декабрдагы отурумунда акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугун билдирип, Саккараев депутат болуп бекитилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |