№1201
Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Замир Арыкбаев көптөгөн мааниси терең ырлардын автору. Жашоодо да, чыгармачылыкта да ар дайым жоопкерчиликтүүлүктү жана тактыкты биринчи орунга койгон, пунктуалдуу инсан. Маектерге да өз убагында келет. Бирөөнүн убактысын баалоо – айрыкча азыркы учурда абдан баалуу сапаттардын бири экенин белгилей кетким келди.
– Саламатсызбы, Замир байке? Чыгармачылыктагы эң чоң жеңишиңиз кайсы экенин айтып бересизби?
– Саламатсыздарбы! Мен үчүн чоң ийгилигим – ар бир чыгармамдын элге жакканы. Мыкты ыр жаратуу, аны күйөрмандарга тартуулап, жылуу эмоция алуу мен үчүн жетишкендик. Ырларым эл арасында ырдалып калса, мындан өткөн бакыт жок. Шүгүр кылам.
– Эгер сизге 24 саатка гана бир талант берилсе, кайсы талантты тандамаксыз?
– Ойлончу суроо экен. Көп убакыт коротпой, кайра эле чыгармачылыкты тандамакмын.
– Акыркы жолу качан жана эмнеден улам чын дилиңизден сүйүндүңүз?
– Чынын айтсам, акыркы жолу качан жүрөгүм толкуп сүйүнгөнүм эсимде жок. Жашап жатканыма шүгүр кылам. Жашоонун өзү – чоң бакыт. Үй-бүлөм аман, сүйгөн кесибим бар, айланамдагы ар бир нерсе үчүн ыраазымын. Ошол ыраазычылыктын ичинен чыныгы сүйүнүчтү көбүрөөк сезгим келет. Тилекке каршы, азыркы заманда көпчүлүгүбүз майда нерселерге сүйүнгөндү унутуп калгандайбыз. Балким, шашылыш жашоо, түйшүк ойлор, жоопкерчиликтер бизди ошол жөнөкөй, таза сезимдерден алыстатып койдубу деп калам.
– Устатыңыз берген эң баалуу сабак кайсы?
– Устат – өзүндө бар билимин, тажрыйбасын шакиртине жол, жарык кылып көрсөтө алган инсан. Чыгармачылыкта гана эмес, жашоодо да мага чоң таасир берген устатым Матай уулу Кубанычбек. Анын ар бир айткан сөзү мен үчүн үлгү, ар бир насааты терең мааниге ээ. Устатыма болгон ыраазычылыгым чексиз.
– Тажрыйбалуу ырчы катары айтсаңыз, азыркы жаш ырчылар эмнеден аксап жатышат деп ойлойсуз?
– Жаш ырчылардын кемчиликтерин издөө менин принцибим эмес. Керексиз сындын ордуна, ак жол каалагым келет. Жетишпеген жактарын турмуш өзү сабак катары көрсөтүп, аларды туура жолго багыттайт деп ойлойм. Ар бир ката – адамды өстүрүүчү тажрыйба жана аны туура колдонсо чыгармачылыкта чоң жетишкендикке жетүүгө болот.
– Эл билбеген өзгөчө бир сырыңыз же сапатыңыз барбы?
– Ар бир адам өзүнчө уникалдуу. Менин элден жашыра турган өзгөчө сырым жок. Албетте, ар ким өз кемчилигин жашырууга аракет кылат. Ал эми мага жакын, ишенимдүү адамдар менен ачык сүйлөшөм. Жашыруун сапатым – кээде ачуум чукул болуп кетет, бирок аны көзөмөлдөөгө аракет кылам.
– Шайыр мүнөзүңүз кармап калган учурларда өзүңүздү кандай алып жүрөсүз жана ал абал чыгармачылыгыңызга кандай таасир этет?
– Менин шайыр мүнөзүмдү кээде күтүлбөгөн учурларда көрүүгө болот. Айрым адамдар үчүн ал күтүүсүз көрүнүш болушу мүмкүн. Бирок мен аны жашырууга аракет кылбайм. Бул мүнөзүмдү таанып, кабыл алган адамдар кээде таң калышат, бирок ошол эле учурда менин табиятымдын бир бөлүгү экенин түшүнүшөт.
– Чоң сахнага алгач чыккан күнүңүздү эстей аласызбы?
– Ал күн мен үчүн өзгөчө, эсимден кетпейт. “Көлдүк карындаш” деген ырыма ылайык, айымдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган Динара Акулова эженин концертине катышкам. Ага чейин чоң сахналарга чыгып жүрчүмүн. Бирок өзгөчөлүгү – Динара Акулова эженин концертинде биринчи жолу жеке өзүмдүн чыгармам менен чыкканым болду. Бул мен үчүн чоң тажрыйба жана эстен кеткис учур катары калды.
– Сахнада өзүңүздү толук ача албай калган учурлар болгонбу?
– Ооба, чыгармачылыгымдын алгачкы мезгилинде өзүмдү толук ача албай калган учурлар болду. Балким, айрым нерселерди өзүм да байкабай калгандырмын. Бирок убакыт, тажрыйба жана изденүү аркылуу бүгүнкү күндө өзүмдү толук ачып, сахнада эркин сезе алдым деп ишенимдүү айта алам.
– Эмгек сиңирген артист наамын алуу – сыймык жана жоопкерчилик. Бул наамдан кийин өзүңүзгө болгон талап өзгөрдүбү?
– Албетте, өзгөрдү. Мурда эле 100 пайыз чыгармачылыгыма берилген болсом, эми андан да көбүрөөк берилип иштешим керек деген жоопкерчилик бар.
– Бүгүнкү музыкалык агымга карата көз карашыңыз кандай?
– Бүгүнкү музыкалык агым кимдер үчүн ырахат болсо да, кимдер үчүн кыжалат болсо да сыйлайм. Ар бир муундун өзүнө жараша ыргактары жарала берет.
– Ырларыңыздын ичинен кайсынысы жүрөккө өзгөчө жакын?
– Ырларымдын баары мен үчүн жүрөккө жакын. Бирок көпчүлүк угуп, жактырып жүргөн аудиториянын сүйгөн ырларын көп аткарып, эл менен бөлүшүүгө аракет кылам. Ар бир чыгарма өзүнүн сезимин, ой-туюмун алып келет.
– Ырларыңыз аркылуу угармандарга эмнелерди жеткирүүнү максат кыласыз?
– Ырларым аркылуу элдин көкүрөгүндөгү стрессти жеңилдетип, жан дүйнөсүнө тынчтык тартуулагым келет. Угуучуларга жакшы маанай тартуулап, таза сезимдерге бөлөнүшүнө себепчи болууну көздөйм. Ыр адамдарды бир көз ирмем болсо да түйшүктөн алыстатып, үмүт жана жылуулук тартуулаган күч болсо дейм.
– Сиз үчүн сыйлыктын мааниси эмнеде?
– Мен үчүн чоң сыйлык – элдин урмат-сыйы. Ырчыны жакшылыкка чакырган болсо, ырыңды сүйүп укса, колдосо, элдин берген сыйлыгы деп билем. Ошондуктан ар бир жетишкендикти Жараткан менен элдин берген сыйлыгы катары кабыл алам.
– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Жаңы ырлар жазылып жатат. Анын бири “Махабатым” аталышында.
– Үй-бүлөңүз тууралуу уксак...
– Үй-бүлөм мен үчүн эң чоң таяныч. Жубайымдын аты Лера, кесиби – эсепчи. Беш баланы тарбиялап жатабыз: Акбермет, Акмарал, Актилек, Аксана жана Кудайберди.
– Балдарыңыздын ичинен чыгармачылыкка жакыны барбы?
– Ооба. Экинчи кызым Акмарал ырга шыктуу. Эгер келечекте ырчы болом десе, колдойм. Бирок азыр “ырчы болбойм” дейт. Башка кесипти аркалагысы келет. Азыр мектеп окуучусу, калганын убакыт көрсөтөт.
– Ата-эненин эң башкы үлгүсү эмнеде болушу керек деп ойлойсуз?
– Балдар үчүн эң башкысы – ата-эне үлгү болушу керек. Жакындык, баарлашуу, убадага туруу. Алардын жүрөгүндө жылуулук жана ишеним жаралат. Ошондой эле ата-эненин бири-бирине болгон сый-урматы, үй-бүлөнүн тынчтыгы, ыйман жана адеп. Балдар үчүн мыкты үлгү боло алат деп эсептейм.
– Ырчы мырзанын балдары азыркы заманбап ырларды да угушабы?
– Мени кызыктырган суроо экен.
Азыркы балдар ыр угабы деп ойлонуп кетем кээде. Менин балдарымдын ыр укканын көрө элекмин. Мен үйдө ырдаганда эле уккандай болушат (күлүп).
– Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз! Бар болуңуз!
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |