ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-декабрдан 4-январга чейин

№1202

КОЙ
(21.03–20.04)

Майрамга коротчу каражатыңызды алдын ала пландап алыңыз, болбосо керексиз жерге акча жумшап жиберип айдын аягына чейин жетпей калышы мүмкүн. Жаңы жылды өз үйүңүздө эмес, жакын санаалаштар менен биргеликте чогулуп өткөргөнүңүз жакшы. Майрамдык шаң менен эле жүрө бербей, жумушка да көңүл буруңуз. Айрыкча кийинки аптада аткарылчу иштерди көзөмөлгө алганыңыз оң. Дем алыш күндөрүн тынчтыкта, үй-бүлөлүк жагымдуу атмосферада өткөрөсүз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кызыктуу көр ирмемдерге кабылгыңыз, адреналин чыгаргыңыз келет. Ошол эле учурда өзүңүздү кармап, тартипке сала билиңиз, ашыкча сүйлөп, ашыкча ичүүдөн, ашыкча тамак жегенден карманыңыз. Бул аптада суукка урунуп же вирус жуктуруп ооруп калышыңыз мүмкүн, болушунча көп адам топтолгон жайлардан алыс болгонго аракет кылыңыз. Түгөйүңүз менен кеңешпей туруп үйгө конок чакыруу сунушталбайт, болбосо пикир келишпестик жаралып, майрамдык маанай бузулат.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Майрам келе электе эле өзүңүздү чарчаңкы сезип, эч нерсе кылгыңыз келбей калат. Бирок жакшы маанайды жаратуучу өзүңүз экенин эстен чыгарбаңыз. Анын үстүнө үйдөгүлөрдүн жакшы маанайы да сизден көз каранды болот. Күтүүсүз жолугушуулар, жагымдуу баарлашуулар орун алат. Уккан маалыматтардын баарына ишене берген болбойт. Бойдоктор сапар жолунда кызыктуу адам менен таанышуусу мүмкүн. Жумуш жөнүндө ойлонбой, болушунча эс алганга, энергия топтогонго аракет кылыңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Апта жаңы жылдык даярдык, майрамдык иш-чаралар менен башталат. Жеке жашоодо үй-бүлө мүчөлөрү бир түндүккө биригип, бактылуу болосуз. Жеген тамак-ашыңызга көңүл буруңуз, айрыкча майлуу тамактардан баш тартканыңыз оң. Болбосо өнөкөт ашказан-ичеги оорулары козголушу мүмкүн. Бир нече адамдан конокко чакыруу аласыз, сиздин үйгө да конок келет. Түгөйүңүздүн кызганыч сезимдерин чакырган кыймыл-аракет кылбоо сунушталат, болбосо чыр чыгат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Апта башы жумуштагы маселелерден кол бошобойт, мунун кесепетинен жеке жашоого да керектүү көңүл бурулбай түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн. Андыктан алдын ала жакындарга күтүүсүз сюрприз даярдап койгонуңуз оң. Ойлонбоңуз, сизге да белек берген адам чыгат. Жүрөгү бош адамдарда романтикалык жаатта сизге жаккан адам жаңы жыл түнү сезимдерин ачыкташы ыктымал. Финансы тармагы сизден сарамжалдыкты талап кылат. Дем алышта эч нерсени ойлонбой эс алыңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бул аптада сиз үчүн үй-бүлө, достук, сүйүү деген факторлор алдыңкы планга чыгат. Жакындарыңызга символикалык белек болсо да камдап коюңуз. Эски жылга бардык ой-санааларды, жамандыктарды калтырып, жаңы жылды жакшы тилек менен тосуп алыңыз. Аптанын экинчи жарымында жакшы адаттарды ишке киргизиңиз, спорт, туура тамактануу, сейилдөө, китеп окуу сыяктуу. Дем алышта үйдө жата бербей тоого чыгып муз тебиңиз, достор менен жолугуңуз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Ири суммадагы буюм сатып алгыңыз келсе, алдын ала үйдөгүлөр менен кеңешип койгон оң. Өзүңүздү кубанта турган иш жасаңыз, бийге жазылыңыз, сулуулук салонуна баш багыңыз, автомектепке жазылыңыз жана башка. Ал эми балдары барлар циркке барып, кар киши жасап же башка оюндарды чогуу ойноп убакыт өткөрүңүз. Ата-энеси менен өткөргөн убакыт алардын эсинде сакталып калат. Жашооңузга спорт кошуңуз, ошондо көптөгөн ооруларды алдын алган болосуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Кандай компанияда болбоңуз жаркырап көңүл борборуна чыгасыз. Бул күндөрү баарын аралаштырсаңыз болот: үйдөгүлөр менен убакыт өткөрүңүз, досторго жолугуңуз, сапарга чыгыңыз, айтор, көңүл каалаган нерсени жасаңыз. Сизге баары жарашат. Жумушта бүтпөй калган иштер бир аз тынчыңызды алышы мүмкүн. Эгер сүйүү издеп жүргөн болсоңуз, телефондон эмес, реалдуу жашоодон караганга аракет кылыңыз. Таарынышып жүргөн адамдар менен элдешүү күтүлөт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Сапарга чыгышыңыз күтүлөт, бирок бул сапарда ашыкча акча короторуңузду эске салабыз. Бардык көйгөйлөрдү унутуп, акыл-эсти тазалап эс алууга аракет кылыңыз. Жашооңузда өткөн чакта калган адам пайда болуп эски сезимдер, жагымдуу да, жагымсыз да элестер ойгонот. Кызыктуу сунуштар түшөт, ал сунуштардан баш тартпаңыз, жаңы адамдар менен таанышып пайдалуу байланыш күтөсүз. Жумуштан айлыкка кошумча сый акы алып бир чети таң калып, бир чети кубанасыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптанын башы ызы-чуу, көптөгөн жумуштар менен коштолуп, экинчи жарымында көптөгөн позитивдүү эмоциялар менен коштолот. Кыялданыңыз, чон-чоң максаттарды коюп, жакшы тилектерди айтыңыз. Коркунуч, күмөн саноолорду артка калтырыңыз. Бойдоктор күтпөгөн адамдан жолугуу сунушун алышат. Карьераңызда туура багытта кетип бара жатканыңызды сезесиз. Финансы жаатында бир аз кыйынчылык жаралышы мүмкүн, бирок бул убактылуу гана нерсе.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Пландалган, убада кылынган иштерди убагында бүтүрө албай шаштыңыз кетиши мүмкүн. Жаңы жылды бирге тосуу сунушун бир нече адамдан аласыз. Өзүңүзгө жаккан компанияны тандаңыз, жылды кандай тоссоң, ошондой өткөрөсүң деген жакшы сөз бар. Каржы жаатында түгөйүңүз менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн, андыктан коротулчу каражатты алдын ала сүйлөшүп алган туура. Апта акырында эч нерсе жасабай, буту-колду керип эс алыңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Аптанын биринчи жарымында алыскы туугандарга сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Жыл аягына чейин муктаж адамдарга кайрымдуулук иштерин жасаганга аракет кылыңыз. Анан да сизде таарынычы бар адам менен жарашканга мүмкүнчүлүк болот. Бул күндөрү зериккенге убактыңыз болбойт, көп жерге барасыз, көп адам менен жолугасыз, андан сырткары социалдык тармактардагы жаңылыктар да сизди кайдыгер калтырбайт. Бирок бир көйгөй бар – жукарган капчык маселеси.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо