Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1202

(Башы өткөн сандарда)

Акбар таң кала суроо берди.

– Менин эмнеге сүйүүгө акым жок?

– Досум, коё турчу, мен эч нерсе түшүнбөй жатам. Адам бир өмүрдө бир эле адамды сүйүп өтүшү керек деп өзүң айтчу элең го? Сен ушунчалык түз жүрчү элең. Эмне болду сага? Адамдын акчасы көбөйүп же даражасы көтөрүлгөн сайын сүйүү кайрадан келип турабы? Мен билгенден сен Мариямды сүйөт элең. Бул жагы кандай болуп калат?

Акбар оор үшкүрүп алды. Эламанды карады. Чынында досу менен сырдашчу, экөөнүн түнү менен уктабай сүйлөшүп чыккан түндөрү болор эле. Бирок Мариямга эмне болуп үйлөнүп калганын айткан эмес. Айтуунун кажети да жок деп билчү. Бирок...

– А ким айтты Акбар Мариямды сүйдү деп?- деди ал ойлуу гана.

– Даана кызык турбайсыңбы? Сүйбөсөң он тогуз жашыңда жанталашып үйлөнүп алып, шаарды көздөй качпайт элең го. Силер үйлөнгөндө бүт айыл таң калышпады беле?

– Качканга аргасыз элем...

– Кой, Акбар, сен эч качан эч нерсеге аргасыз болушуң мүмкүн эмес. Сен эмне деп жатасың, досум? Жөн эле моюнуңа ал. “Напсим баш бербей жаш кызды алгым келди. Сулуу экен, жаш экен, ошого башымды жоготуп койдум” дечи. Мариямды сүйгөн эмесмин деп болбогон бир нерселерди айтпачы, суранам. Бул сага жарашпайт экен. Сен ар дайым батыл, эч кимден, эч нерседен коркпогон адам элең, ошол боюнча калышыңды каалайм. Актаныш үчүн жөн эле бир нерселерди ойлоп таба бересиңби? Бул менин досума жарашпай турган жорук.

Эламандын жаны күйүп кетти. Анткени анын да айыкпаган жарасы бар эле. Мариям анын балалык сүйүүсү болчу. Бирок күтүүсүздөн эң жакын деген досу ага үйлөнгөндө аргасыз тилин тиштеген боюнча калып калган. Эми жашоосундагы эң ыйык делген аялзаты тууралуу досунун минтип сүйлөп жатканына түтпөй кетти. Балалык сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгон экен, эч кимге андан кийин көңүлү түшпөй койду. Утурумдук сезимдер, көңүл  ачуулары болду. Бирок көкүрөгүндөгү терең сезиминин деңгээлине жетпей койду. Канчалык кааласа да, канчалык аракет кылса да ушул жашка чейин Мариямдын ордун эч ким баса албады.  Анан өзүн алаксытыш үчүн жер кезип кеткени туура болгон. Андан бери канча жылдар өттү. Эми ушунча жылдан кийин досунан ал тууралуу бул сөздөрдү угуу жанын ачытты. Акбар оор үшкүрүп алды. Сөзүн жай баштады.

– Атамды билесиң да. Катуу эле, айткан сөзү эки болчу эмес. Ага каяша сүйлөп, каршы чыгуу мүмкүн эмес эле. Анан агам капыстан каза болуп калды. Мариям экөөнүн тоюна аз гана күн калганда кете берди. Калың өтүп калган эле. Анын үстүнө атам менен апам аларга бел куда эмес беле, анын ата-энесин жакшы билишчү. Бир күнү ойдо жок жерден атам маңдайына отургузду да айтты. “Акбар, сен эми үйдүн жалгыз эркек баласысың. Менден кийинки эле бул үй-бүлөгө жооптуу сенсиң. Ошондуктан Мариямга сен үйлөнүшүң керек. Агаң кайтыш болду, бирок сен барсың. Ал бечара кызды сен бактылуу кылышың керек” деди. Нес болдум. Каршы болууга аракет кылганым менен, атамдын сүрдүү көз карашынан тартынып эч нерсе дей албадым. Элестет, ал адамга мен жеңем катары мамиле кылчумун. Экинчи жагын ойлосом, агамдын аманаты. Оор чечим болду. Акыры макул болдум. Мариям кандай абалда болду, аны да билбейм. Бир билгеним макулдугун бериптир. Сүйлөшкөн жокпуз. Ата-энелерибиз чечти тагдырыбызды. Ошол боюнча мен аны нике түнү көрдүм. Бөлмөгө кирип барсам, ыйлап жаткан жеринен чочуп тура калган кыз дагы деле көз алдымда. Бөлмөдөн чыга качтым. Ошол түнү биринчи жолу ыйладым. Тез эле шаарга кеттик.

Ишенсең, биз жарым жылдай сөздүн чыныгы маанисинде жубай болгон жокпуз. Колун кармай алчу эмесмин. Ал кандай сезимдер менен алышты билбейм, бирок мен аны караган сайын агамды көрөр элем. Өтмүш бизди көпкө чейин бир арага алып келбей кыйнады. Кийин көнүшүп кеттик. Балалуу болдук. Бала бардык нерсени унуттурат экен, Мариям, менимче, бактылуу эле.

Акыйкатты айтыш керек, ал мага идеалдуу жар болду. Дайыма туңгуюкка кептелгенде анын мээримине жылындым. Анын мага ишенген көз карашы бар эле. Мариям болбосо Акбар бул деңгээлге жетпейт болчу. Мен эмне ийгилик жаратсам, анын салымы чоң. Ал өзгөчө бир аял. Мен да ага өз кезегинде жакшы күйөө болгонго тырыштым. Бардыгы жакшы эле.

Биз бактылуу белек? Эгерде бакыт дегениң үйдөгү стабилдүүлүк, гармония болсо, ал бизде бар болчу. Бирок сүйүү жок эле.

Кийин Айкөлдү көрдүм. Жашоомдо эмне жетишпей жүрсө, ошол кыз толтурду. Таң каларлык сезимдер пайда болду. Мен он сегиз жашымдагыдай сезимдерге чулгандым. Сүйүүгө суусаган экенмин, куду чөлдө калган адамдай суусаптырмын. Бардыгынан баш тарттым, Айкөлдөн башка мени эч нерсе кызыктырбай калды. Ошентсе да балдар менен Мариямды таштап кетип кала албайт элем. Айкөл дагы аларды таштабашымды суранды. Ал таң кала турган кыз, жашы кичүү болгону менен акылдуу, дүйнөнүн жалтырак-жултурагы менен аны эч кызыктыра албайсың. Ушундай бир тереңдикти сезген, ошол сезимдерди да бере алган керемет бир жан.

– Мариямга болгон адилетсиздик эмеспи бул?- деди Эламан уккан окуяны мээсине сиңире албай.

– Башка айлам жок болчу. Эх, эмнелер гана болгон жок. Өз кызым Айкөлгө кол салды, бизнесим артка кетти, элдин талкуусунда калдым, Айкөл экөөбүз болочок наристебизди жоготтук. Кыскасы, болгон балээнин баары менин башыма келгендей эле. Инсульт алып, аркы дүйнөнүн четин көрүп келгендей болдум. Ал ортодо эмне болду билбейм, Мариям менен Айкөл экөө тең жанымда болуп жатышты. Өз ара келишти деп ойлогом, бирок...

– Жаш аялың кетип калды дечи...

– Мага айтпай чет өлкөгө чыгып кетти, мага жазган катында экөөбүз үчүн тең бул чечим туура болорун, мен үй-бүлөм менен анын ортосунда чайналбашым үчүн бул кадамга барганын жазыптыр. Мен биринчи жолу тура албагандай жыгылдым, досум. Ансыз эч нерсе кызык эмес. “Мени издебеңиз...” дептир.

– Өзүнчө эле "Санта-Барбара" го биягың,- деди таң калган Эламан.

– Сен келдиң, эми иштердин башында сен турасың. Мариям жардамчың болот. Эптеп...

– А сенчи?

– Өлүмдөн башка даба жок мага. Жөн гана өлүмүмдү күтөм. Бир нерсе кылганга дарманым жок, каалоом да жок. Кереги жок. Максатым калбады, жашоонун кумары өчтү.

Эламан оозун ачып досун карап калды. Ооба, депрессия деп угуп жүргөн, билип жүргөн. Бирок адам өзүн мындай абалга жеткирет деп эч ойлогон эмес. Жок дегенде ден соолугу болсо кана, кары кишидей калчылдап басып, энтигип токтойт. Жарытылуу тамак да жебей калыптыр. “Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет” деген ушул тура. Кечээ эле Кыргызстанга таанымал бизнесмен, продюсер, эл анын атын угуп эле сүрүнө баш ийген адам эмес беле. Азыр алдында чүкөдөй болгон бир кары адамга окшошуп кетти.

– Канчадасың, досум?

– Ия?

– Сен кырктан эми эле өткөн күүлүү-күчтүү эркексиң! Ушунчалык өзүңдү таштоого болобу? Бир аял үчүн болгондо да.

– Хм, бир аял үчүн дечи. Кээде бир аял дегениң сени жер менен жексен кылат экен. Ушуну унутпа, досум...

Ушуну айтты да шалдайып отуруп калды Акбар. Көзү үмүтсүз, денеси алсыз. Аны канаты сынган кушка окшоштуруп жиберди Эламан. “Бир эле аял кээде сени жер менен жексен кылат экен” дегени кулагына жаңырып турду. Бул сөздүн чыныгы маанисин Эламан билбегенде ким билет. Ал деле бир аялды унутуу үчүн өзүн алаксытып жер кезип, мекенинен алыс жүргөн жокпу? Бир аял бир эркекке бүтүндөй бир аалам тура. 

 

 (Уландысы кийинки санда)

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо