ЧАЙНЕКТЕГИ КЕБЕРДИ КЕТИРҮҮ ЖОЛДОРУ

№1202

Газдалган таттуу суусундук

Чайнектин ичиндеги жука кебер (накипь) үчүн кадимки биз ичип жүргөн таттуу газдалган суусундуктар (кола, спрайт) жардам берет. Негизгиси курамында лимон кычкылы бар болсо болду. Ал үчүн чайнектин жарымынан газдалган таттуу суусундукту куябыз. Газы чыкканча 1-2 саат коё туруңуз. Андан кийин кайнатабыз да, муздагандан кийин төгүп, губка же чүпүрөк менен кеберди сүртүп тазалоо керек. Бул ыкма дат баспаган болот материалдан жасалган чайнектерге болот. Темир же эмаль чайнектерге суусундуктун өңү чыгып, кетпей калышы мүмкүн.

Сода

Аш содасы кебердин курамындагы туздарды жакшы эритүүчү щелочь болуп эсептелет. Аны кантип колдонобуз? Электр чайнегинин жарымынан муздак суу куябыз. Ага 1-2 аш кашык сода салып аралаштырабыз. Анан кайнатып, кайнагандан 5 мүнөттөн кийин кайра кайнатыңыз. Кайнаган сууну 1 саатка коюп коюңуз. Андан кийин чайнектин ичиндеги сууну төгүп, 2-3 сыйра таза суу менен чайкоо керек. Эгер кебер жумшарбаса, аталган ыкманы улам жаңыртып 2-3 жолу кайталоо керек. 

Лимон

Бир лимонду ичке тегерекчелерге бөлүп кесип алыңыз. Чайнекке салып, үстүнөн 2/3 бөлүгүнө муздак суу куюлат. Чайнектеги суу 15 мүнөт кайнашы керек, анан 30 мүнөт тыныктырып коюп коюңуз. Аягында чайнекти таза суу менен жууп салыңыз.

Лимон кычкылы (лимонная кислота) менен да жууса болот. Чайнектин 2/3 бөлүгүнө суу куюлат, ага 50 грамм лимон кычкылын аралаштыруу кажет. Чайнектеги сууну кайнатып коюп коюңуз, 30 мүнөттөн кийин төгүп, таза суу менен чайкоо керек.

Уксус

Чайнекке жарымынан көбүрөөк суу куюп, ага 9% уксустан 200 миллиграмм куюу керек. Эгер уксус 70 пайыздык болсо, анда 2-3 аш кашык жетет. Ичиндеги суу кайнагандан кийин 2-3 саатка коюп коюңуз. Анан тазалап саласыз. Бул ыкмада идиштен уксустун жыты көпкө кетпей сакталып калышы мүмкүн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо