№1202
“Беш тапандын” бири, белгилүү куудул Ильяз Иманалиев биздин маек төрүбүздө. Маекте чыгармачылыгы, жеке жашоосу жана куудулдар фестивалындагы "адилетсиздик" тууралуу айтып берди. “Төртүнчү орунду алып калганымда 5-6 күн жаман болдум” дейт Ильяз мырза.
– Кош келипсиз, Ильяз мырза! Сөздү сиздин куудулдукка таштаган алгачкы кадамдарыңыздан баштасак...
– Кош келдим, рахмат чакырганыңарга. Кичинемде куудулданганым деле эсте жок, бирок шайыр-шатман жүргөн бала элем. Мектепти бүткөндөн кийин Ош мамлекеттик университетинин музыкалык факультетине тапшыргам. Батирдеги балдар менен чогуу кафелерде ырдап жүрчүмүн. Ошол жерден “куудул Рахман Разыков жаш куудулдарга сынак жарыялап жатыптыр. “Беш тапан” деген топ болот экен” деп угуп калып, кастингине катышып, өтүп кеттим. 18-19 жаштагы балдар элек, “Беш тапан” болдук да калдык. Башында топко музыкант катары кабыл алынгам, ямаха ойноп, балдар форма алмаштырып жатканда ырдап турчумун. Бара-бара эпизоддук ролдордо ойноп, кийин Рахман аке мага арнап сатира жаза баштады. Ал ушундай киши эле, ичиңдеги талантыңды рентген сыяктуу эле тартып алып көрсөтүп койчу. Каныбек Разыков, Болсунбек Стакеев, Тынар Курбаналиев, анан мага арнап көп сатира жазды.
– Музыкалык окуу жай эмне болду анан, аяктадыңызбы?
– 3-курсумда окуудан чыгып калдым. Анткени гастролдоп кетип сабактарга барбай калгам. Алгач окуудан чыкканымды укканда коркуп кеттим. Рахман акеге барып “агай, эми эмне кылам?” дедим. Ал мени карап туруп “сен өзү эмнеге тапшырдың эле окууга?” деди. “Артист болгону” десем, “азыр артист эмей кимсиң?” деп койду. Көрсө, эбак эле артист болуптурмун да (күлүп). Ошону менен окууну токтотуп койгом. Ыр жазам, обон жаратам, ырларым ырдалып жүрөт. Бирок эл мени куудул деп тааныйт.
– Куудулдар Болсунбек Стакеев, Тынар Курбаналиев менен чогуу эле баштапсыз чыгармачылыкты. Бирок сиз элге бир аз кечигип таанылгандайсыз... Эмнеге мындай болду?
– Башында топто музыкант катары жүрдүм да, ошондон улам болуш керек деп ойлойм. Анан сатираларда экинчи планда калып кеткен куудулдар болот. Мени эл көчөдөн көп деле тааныбайт, анткени сахнада дайыма чоң өлчөмдөгү костюм кийип, чапталган мурут, шляпачан жүрөм да. Эл мени ошол образда жакшы тааныйт. Устатыма да ошол образым жагып калса керек, жалаң ошого ылайык сатира жаза берчү мага. Кадимки жашоодо эл катары эле кийинем. Мен кээде тамашалап “дүйнөдө мени жана Чарли Чаплинди гана эл сахнадагы образы менен тааныйт, көчөдөн тааныбайт” деп калам. Кадимки жашоодо Чарли Чаплинди эч ким деле тааныбаган экен.
– Ошондо сиздин образыңыз Чарли Чаплинден улам тандалганбы?
– Болгонум ушул. Образ капыстан эле пайда болуп калган. Устатым Рахман акенин костюмун сахнада азыркыга чейин кийип жүрөм. Ал костюмду бирөө ага отуз миң сомго сатып бериптир кийин уксам.
Окуя мындай болду. Интермедияда чалдын образын аткарчу элем, так эми сахнага чыгарда кийип чыкчу чапанымды таппай калдым. Тызылдап издеп жүрүп, бир карасам, кийим илгичте ушул костюм илинип туруптур. Кие салып сахнага чыгып кеттим. Залдагы эл кебетемди көрүп эле боору эзилип калды. Рахман аке менден кийин чыгышы керек эле сахнага, “эми эмне болот, көйнөкчөн чыгабы?” деп кыжалат болуп жаттым. Эл эмнеге күлдү десеңиз, эми арык кишиге ал костюм чапандай эле болуп калды да. Бир карасам, Рахман аке бетин жаап алып күлүп жатыптыр. Ошондон кийин “ушул костюм сага жакшы жарашты, кийип жүр” деп мага берди. Ушул кезге чейин кийип жүрөм.
– Куудулдук азыркы учурда жан дүйнөңүз тандаган кесиппи же акча табуунун куралыбы?
– Башкасын билбейм, мен акча үчүн куудул болгон жокмун. Башында мага деле "артист болсом акчам болот" деген ой келген, бирок реалдуулукта андай болгон жок. Абдылда Иманкулов “куудулдуктун мөмөсүн кеч жейсиңер, мээнетти катуу кыласыңар, болсо ошондо гана болот” деген. Акча кармап калганыма 4-5 эле жылдын жүзү болду. Куудулдук – мен үчүн акча табуучу курал эмес, эргүүнү кубалап кете берген кумар.
– Куудулдуктан тышкары эмне жумуш кыла аласыз?
– Атам машинист болгон, аны менен жүрүп көп нерсе үйрөндүм. Орто жолдо эки жылдай таксист да болуп кеткем. Анан устатым чакырып жатып чыгармачылыкка кайтып келдим.
– Куудулдук өнөр жемишин кеч берет деп калдыңыз. Турмуш деген бар, жубайыңыз “башка эле кесипти тандачы” деген учурлар болгон жокпу?
– Үйлөнүп жатканда эле келинчегиме “мен чыгармачылыкты таштабайм, ушул жолдон же байып кетем, же тескерисинче” дегем. Келинчегим мени туура түшүнөт, концерт болордо үйгө барбай жок болуп деле кетем. “Кайда жүрөсүң?” дебейт. Концерт бүткөндө салам айтып үйгө кирип барам. Бешенеме жакшы аял жазыптыр Жараткан. Эки уулдун, бир кыздын ата-энесибиз.
– Куудулдар арасында болгон чырдуу окуя тууралуу жакында талкуулар күчөдү, сиздин атыңыз да аталып жатты. Ошону өзүңүздөн уксак...
– Окуя мындан бир жыл мурун болгон. Негизи чыр деле болгон жок, сырттан караганда ошого окшоп калды. Устатым Рахман Разыковду эскерүү кечеси катары куудулдардын фестивалы болгон. Баш байгеге автоунаа коюлган, анан акчалай сыйлыктар да бар болчу. Мага Рахман акенин баласы Каныбек Разыков телефон чалып “катышасыңбы?” деди. “Ооба” деп, катуу даярданып баштадык. Фестиваль шайлоо түрүндө өтмөк болду. Билет алган адамдардын билетинде сынакка катышкандардын сүрөттөрү бар эле. Кимге кайсы куудул жакса, анын сүрөтүнүн тушуна "чымчыкча" (галочка) коюшмак. Кимде ошол белги көп болсо, ошол жеңмек. Тууган-туушкан, дос-тааныштын баарын чакырып “мени колдоп кой” дегенге өтүп кеттик. Фестиваль Ош шаарында болгону үчүн ал жактын туруктуу тургуну, башка куудул утуп кетти.
– Сиздин оюңузча, ал куудулдун эмгеги жеңишке татыктуу болгон эмеспи ошондо?
– Менин оюмча дебей эле коёюн, фестивалды көргөндүн баары эле күбө. Биринчи күнү эле кимдин тамашасы элге өтүп жатканы белгилүү болот. Биринчи күнү эле элди мен “көтөрүп алдым”. Каткырышып, сахнадан кетирбей кол чаап жатышты. Сахнанын артына өтөрүм менен катышуучулар мени куттуктап жатышты. “Гран-при сеники, ушул кетиште сен уттуң. Бирибиздики да мындай болбоду” дешти. Болсунбек Стакеев биринчи чыкканы үчүн тамашасы элге анча өтпөй калды. Ал келди “мен элди ала албадым, эми сага ийгилик” деп. Мен алардын сөзүнө, анан элдин колдоосуна ишендим. Көрсө, эл деген эл экен да. Мисалы, ким билет сатып алып берип, “мени шайлап кой” десе ошону шайлайт. Бирок мени сүрөп, кол чаап коё берет. Мен ушул жерден жаңылып калыптырмын. Жыйынтыгында 4-орунду алып калдым. 5-6 күн жаман болуп жүрдүм. Бирок Орозо айы башталарына аз күн калды эле, орозодо таарынычтын баары унутулду. Кечирдим, катуу сүйлөп алгандардан кечирим сурадым дегендей.
– Ошол окуядан кийин сизде кандай ойлор болду?
– Төртүнчү орунду алып калганда “чыгармачылыкты жыйыштырам, болду” дедим (күлүп). Көптөр телефон чалышып, колдоп “чыңал, кайра талантыңды көрсөт” дешти. Анан чыйралдым, духум көтөрүлдү. Буюрса, алдыда жакшы долбоорлор бар. Болсунбек экөөбүз “Токчулук жана жокчулук” деген программаны жакында элдин алдына алып чыкканы жатабыз.
– Маегиңизге рахмат. Ийгилик коштосун!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |