№1202
(Башы өткөн сандарда)
Ошол үчүн болсо да адам баласы бийиктиктерди багынтууну көздөп, байлыкка умтулат экен. Философиялык ойлорго чөмүлүп кетиптирмин. Канча деген тааныштарынын кучагынан эптеп суурулуп чыккан Айсан мени көздөй келип учурашып, келгениме сүйүнгөнүн айтты. Көргөзмө аяктаар маалда Бекзат келди шашып-бушуп энтиге, колуна гүл кармап алып. Бирок мени көрүп эле маанайы чөгө, тескерисинче, жини кайнап кеткенин байкадым. Куу түлкү, сыр бербей жубайынын бетинен өөп, аны куттуктап гүлүн сунуп, анан гана мага карай:
– Кандайсың? Сен кайдан?- деди. Суроосун жоопсуз калтырдым. Айсан менен жакшы санаалаштардан болууну чечтим. Көргөзмө аяктап, ар бирибиз үйлөрүбүзгө жөнөдүк. Мен түндө үйдө отурсам, эшик такылдады. Оюмда бир болсо Эрнист келди дедим. Барып эле ача калсам, Бекзат турат эшикте. Сурабастан эле бут кийимин чечпестен үйгө бастырып кирди.
– Сен бир айтканды түшүнбөйсүңбү?!- деп бакырды.
– Жолугуудан качып жүрсөң ошол да...
– Жап жаагыңды! Айсандын жанынан көрбөйүн сени! Эмненин башын кылтыйтканы турасың? Айтчы, эмне керек сага?
– Өч...
– Муунтуп өлтүрүп салчу эле аялсың. Колумду булгагым келбейт да...- дегенде өтө жаман боло түштүм.
– Унутпа. Бир кезде ушул аялды сүйгөнсүң...
– Ким айтты сүйгөн деп? Жаштыкта жөн эле ойноп койгом. Жакшы көрсөм, алат элем го сени. Сүйүү болгон эмес ортобузда. Болгону мен сени өз кызыкчылыгым үчүн пайдалансам, сен мени акча шыпырыш үчүн пайдаландың. Экөөбүз бирге бирбиз. Же сенин максатыңды билген жок дейсиңби?
– Чыгып кет!- дедим өзүмдү анын алдында араң карманып. Анын ар бир айткан сөзү жүрөктү октой эле тешип жатты.
– Менин үй-бүлөмдөн алыс жүр. Мени коркутар сен эмессиң. Сенин оозуңду бир мүнөттө түбөлүккө жаап коюш колумдан келет. Кимдин ойношу экениңди да билем. Эрнист Жоошевичтин аялына салып берейинби же?- деп жасалма каткырганда аны түртүп барып эшикке чыгарып, эшикти жаап алдым. Отуруп алып көпкө ыйладым. Ушундайда коргоочу адамым жок экенине нааразы болдум. Жаным ачышып кетти. Өңгүрөп бир топко чейин ыйлап, анан гана жеңилдеп калганда өзүмө келип басылдым. Бул кечтен кийин менде ого бетер Бекзаттан өч алуу максаты күчөдү. Мен сөзсүз андан кегимди алам деп өзүмө өзүм сөз бердим. Анан да анын алсыз жерин билдим. Ал жубайын өтө катуу сүйөт экен. Же башка бир сыр бардай. Мен сөзсүз аялы аркылуу өч алам. Менин планым – Айсандын ишеничине кирип, аны Бекзат экөөбүздө байланыш бар болгондой ойдо калтыруу. Анын талуу жерине тием. Шашпай тур, сениби...
14.05.ХХХХ. Алтын күндө үйгө келе баштады. Макул деп киргизип койдум. Мени көндүрө албай, ар мүнөт сайын “ойлончу, үйлөнүп алалычы” дейт. Мен ойлонмок тургай, турмушка чыгар оюм жок экенин билбейт. Мен ага тийген күндө деле экөөбүз Нарынга кетебиз. Өмүр бою качканым – бул түйшүк. Күлкүлүү. Акыркы күндөрү жооп да бербей койчумун. Бирок көпкө калган жок. Бир күнү мени менен коштошуп айылына жол тартты. Жөн кетти дейсиңби?
“Алтын, сен жашсың. Өз теңиңди табышың керек. Унут мени. Менин сенден башка да жигитим бар. Бири-бирибизди коё берели” деп алдап жатып араң жолго салдым. Анткен сайын көнбөй, мени жалооруй карай “антпечи. Мен сага көнүп калыптырмын. Ушул үйдүн эшигин аттап, сыртка чыкканда эле жүрөгүм кысыларын билип жатам” дейт. Мен дагы көндүм студентиме, аны жакшы көрдүм. Бирок аны келечекте өзүм менен көрө алган жокмун. Ал дагы өз бактысын, өз теңин табышы керек. Менин ага жолтоо болгонго акым жок. Ичтен сызып жатып узаттым. Артынан “Бактылуу бол...” деп кала бердим. Эрнистке чалсам, бошобой жатканын айтып, "тынчымды албай турчу" деп корс сүйлөп телефонду өчүрүп койду. Ооба, ал ушундай корс мүнөз адам. Канча анын сөгүүсүн, мага айтылган арам, ыплас сөздөрүн уктум. Чыдадым. Анан да капа кылып алып, кайра баалуу белек тартуулап кечирим сураганды билчү. Көп убакыт өтпөй Адилет экөөбүз жолуктук. Түндө ресторандардын биринде тамактандык. Жагымдуу кеч болду. Өткөндү эстедик. Алгачкы кат жазышуулар, биринчи сүйүүлөр, Адилет экөөбүздүн эң алгачкы свиданиебиз. Айтор, баарын эстедик... Андан соң ал мени үйгө жеткирип келип, коштошуп, мен кирейин деп жатсам колумдан кармап бетимден өбөйүн деп жакындаганда аны түртүп:
– Адик, эсиңе келчи. Сонун кечти ушинтип бузасың,- деп андан боюмду тарттым.
– Жакшы көрөм...
– Кел, сүйлөшүп алалы. Экөөбүз эски тааныш бойдон калалы. Аялыңа боорум ооруп жатат. Ага катуу тиет. Анын үстүнө жаңы эле үйлөнсөңөр. Мени туура түшүн...- деген бойдон үйгө кирип кеттим. Уялгансып, башын тырмамыш болуп кала берди. Адилетти жакшы көрөм, бирок жөн гана эски тааныш, айылдашым катары. Аны менен менин эң бактылуу балалыгым өткөн. Анан да пайдасынан башка мага эч бир зыянын тийгизген жок. Ал мен үчүн сыйлуу адам. Ошол үчүн болсо да жаңы курган үй-бүлөсүнөн ажырап калбасын дедим. Ооба, Адилеттин келинчегин ойлодум. Канча үй-бүлөнү буздум? Башында жаштык менен атайын кылсам, азыр аргам жоктон, бул жашоого тырмышып күн көрүүдөн болсо да ушундай жолго барып жатам. Жакшы көргөн адамдарыма эч зыянымды тийгизгим келбей калды. Анткени алар менде ушунчалык аз.
Бир күнү үйдө атайын баарынан эс алайын деп, салонду кыздарга табыштап, үйдө калып Данек менен жаңы эле сүйлөшүп бүткөн элем. Эшикти ачып, күтүлбөгөн жерден Эрнист кирип келди. “Ии, ушул жетпей жатты эле да” деп аргасыздан күлүп тосуп алдым. Маанайым дагы, каалоом да жок эле. Кирип эле мага бурк эте “массаж жасачы” деп өктөм сүйлөдү. Аргасыздан атайын массажга арналган майларды алып келип, дардайып чечингенге жетишип, көмкөрөсүнөн жатып алган Эрнисттин жанына барып, денесине колумду тийгиздим. Сөз кезегинде эмнеге келбей калганын сурадым. Жөн гана сурап койгом.
– Үйдөгү катыным бүтүп, эми сен калдыңбы?!
– Үйдөгү аялым? Эмне, больницадан чыкканбы?
– Ооба, Америкадан келиним менен балам келиптир. Ошол үчүн да кармалып калдым.
– Америка... Америка деп... Менин дагы Америкага баргым келип жатат...
– Кризисте кайдагы Америка?! - деп дагы бурк этти.
– Болду окшойт. Колум ооруп кетти...- деп ордумдан турайын деп жатсам, дагы жаса деп өктөм сүйлөдү.
Чынында колум талып калган. "Анда бир аз колумду эс алдырып алайын, анан кайра жасайм" десем, тура калып “эмне каадаланып калгансың?” дейт.
– Эрнист, маанайың жок экенин сездим. Бирок аны менден чыгарба, ээ?- деп кабагымды чытый сүйлөсөм жаактан ары чаап жиберди! Алдуу болгондуктан ордумдан жерге кулап түштүм. Бетимди кармап, түшүнбөй отуруп калдым. Өзүнө ыраазы болгондой, ордунан тура тамекисин күйгүзүп, мага сүйлөндү.
– Мен жокто сен жалгызсырабайт экенсиң да, ээ? Ошол үчүн эр албай жүрөт да. Мен жокто кайсы жаш баланы алып келип жатып жүрдүң, ыя?- деп көзүмө тике карады. Баарын билип жана туюп турсам да, унчуккан жокмун. Негедир денем калтырай түштү, ага ашыкча сөз айткандан коркуп турдум.
– Эмне сүйлөбөйсүң? Кайсы жаш бала дейм?! Жооп бер!- деп жаныма келип, кыска чачымды түбүнөн кармап полго башымды сүздүрдү. “Ал жок!” деп кыйкырганга араң жетиштим. Энтиге колун чачымдан бошоткон ал, мени угайын деп кулак салды.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |