№1202
2026-жыл – Кызыл от жылкы жылы жолборс, ит, коён, доңуз жана кой жылындагыларга ар тараптан ийгилик ыроолойт. Жыл ичинде бардык адамдар отко байланышкан нерселерди: ачуу, каар, коркунуч, кек, ашыкча активдүүлүк менен ышкыбоздукту четке жылдыра турушпаса, көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн. Ылдамдыкка байланыштуу иштерде (коммуникация, логистика, журналистика, сатуу) иштегендердин кирешеси көп болот. Жылкынын ылдамдыгы менен жарышып акча табууда куу адамдар эмес, чынчылдар жана оюндун эрежесин бузбагандар утушка ээ болушат.
ЧЫЧКАН
(1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020).
Шыктануу, тобокелдик жылы. Жылкы жылы сизге ойлонууга убакыт бербейт. Жалкоолукту, наалып отурууну, өзүн-өзү алдоону да кечирбейт. Шыктанып, тобокелдикке салып, чечкиндүү түрдө аракет кылсаңыз гана ийгиликтерге жетесиз.
Каржы. Оңой акча табууну убада кылган кооптуу инвестиция, авантюрадан баш тартыңыз. Ойлонулбаган сатып алууларды жыйыштырсаңыз, бир топ каражат топтоого жетишесиз. Кошумча акча табуу булактарын караштырыңыз.
Карьера. Чычкандардын сактыгы Жылкынын ылдамдыгы менен кагылыша тургандыктан “Карьерадан жогорулагың келеби? Анда чечкиндүү бол!” деген белги берилет. Иште, иш графигинде, чөйрөңүздө өзгөрүүлөр болот, баарына даяр туруңуз.
Сүйүү, мамиле. Бойдоктор убакытты текке кетирбей, жакпаган адамынан мамилени үзүшкөнү туура. Жаңы таанышынан көптү күтпөй, ага өзүн ар тараптан көрсөтүүсүнө убакыт берүүлөрү керек. Жубайлар ортосунда ачык диалог, көңүл буруучулук болсо мамилелер бекем болмокчу.
Ден соолук. Стресстен оолак болуп, ашказан, боор ооруларына чалдыгып калбоого аракет кылыңыз.
УЙ
(1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009, 2021)
Бат реакцияны талап кылган учур. Уйлар адатынча узакка ойлонуп, баарын таразалап отургуча бир келген мүмкүнчүлүк колдон чыгып кетиши ыктымал. Амбицияңызды ойготуңуз. Тубаса күчүңүз жана өжөрлүгүңүз тоону томкорууга жол ачат. Болгону ылдамдыкты көбөйтүп, чечкиндүү болуу кажет.
Каржы. Акчаны таап жана сактап гана тим болбостон, аны көбөйтүү үчүн бизнес ачуу сунушталат. Карыздарды убагында төлөбөсөңүз, кийин үстөгү менен төлөөгө туура келет.
Карьера. Жаңырган жыл иш ордуңузду алмаштырууга, милдеттериңиздин форматын өзгөртүүгө, жаңы шарттарга ыңгайлашууга аргасыз кылат. Башталган иштерди аягына натыйжалуу чыгаруу, киреше алып келчү идеяларды көтөрүп чыгуу карьералык өсүүнү камсыздайт.
Сүйүү, мамиле. Жубайларда, сүйүшкөн жуптарда бул жыл мамилелерде жаңыланууну талап кылат. Чогуу саякаттоону, сюрприз тартуулап турууну ойлонуңуз. Бойдоктор жаккан адамы менен таанышуу үчүн идеалдуу учурду күтпөй эле таанышып, жолугушуу уюштурушканы оң.
Ден соолук. Өнөкөт оорулардын курчуп кетпешине, ашказан-ичеги ооруларынын жаралбашына кам көрүңүз. Туура тамактанууга өтүңүз.
ЖОЛБОРС
(1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010, 2022)
Жылдын энергиясы өзүңүздү көрсөтүүгө түртөт. Жолборс – Жылкы жактырган жаныбар. Оттуу жылдын энергиясы сизге дараметиңизди толук ачып, өзүңүздүн ким экениңизди көрсөтүүгө, буга чейин жүрөксүп келген иштерге кооптонбой киришүүңүзгө жардам берет.
Каржы. Амбициялуу кадамдардын убактысы. Кызматтан көтөрүлүүгө, жеке иштерди өнүктүрүүгө, так, даана ойлонулган идеяларга киришүүгө умтулуңуз. Башталып, бирок бүтпөгөн иштер менен алаксып аз тапкыча, келечектүү чоң долбоорлорго киришүү туура.
Карьера. Жогорку кызмат үчүн пайда алып келчү идеяларды сунуштап, жакшы иштеп, чечкиндүү алдыга жылып, анан керектүү учурда жолборс секирик жасасаңыз, оң жыйынтыкка жетесиз.
Сүйүү, мамиле. Ышкыбоздук, эмоция, сезимдердин гүлдөө убактысы. Жүрөгүнүн ээси бар бойдоктордун мамилелери бекемделет. Сүйүүсүн таба электерге кокустан болгон жолугушуу, таанышуулар пайда алып келет.
Ден соолук. Тери жана инфекциялык оорулардан сактануу, ооруп калган учурда дароо дарылануу зарыл.
КОЁН
(1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011, 2023)
Энергияны туура колдонгон пайдалуу. Кыймылдуу коёндорго Жылкынын энергиясы кошулат. Аны туура жакка багыттай алса, жашоонун түркүн тармагынан пайда табат. Чыдамкайлыкты сактап, чечимдерди шашпай кабыл алуу керек.
Каржы. Бир жолку кооптуу чоң кадамга караганда чакан, бирок үзгүлтүксүз ташталган майда кадамдар көбүрөөк каражат алып келет. Бизнеси жоктор коркунучтуу болсо да “комфорт зонасынан” чыгып, сооданын күңгөй-тескейин өздөштүрүүгө киришүүлөрү кажет.
Карьера. Иште жаңы милдеттер жүктөлөт, жетекчилик алмашуусу мүмкүн. “Көрө жатарбыз” деп пассивдүү болбой, өзгөрүүлөргө ыңгайлашып, жигердүү иштеп, жетекчилик менен тил табышып, оозго алынууга умтулган оң. Ошондо тапканыңыз көбөйөт.
Сүйүү, мамиле. Бойдокторго чала тааныш адамына жан дүйнөсүн ачуудан кармануу сунушталат. Жубайлар убак-убагы менен үй-бүлөлүк майда кризиске кабылышат. Чатактар убактылуу жана аларды чечүү жолдору бар экенин унутушпаса, баары ойдогудай болот.
Ден соолук. Оор жумуштарды көп жасоодон бел, омуртка ооруларын табуу коркунучу бар. Суукка катуу урунуу бездерди сезгенте турганын эске алган оң.
БАЛЫК
(1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012, 2024)
Бийиктиктерге көтөрүлүү убактысы. Сиздин харизма, лидерлик сапатыңыз карьерадан жогорулоого, көп каражат табууга жеткирет. Чыгармачылык эргүү күтүлөт. Болгону эмоцияны ооздуктап, иш үчүн болгон күчтү рационалдуу пайдалануу керек. Жетекчилик орунга барганда диктатор эмес, акылдуу башчы болууга умтулуңуз.
Каржы. Акча түрдүү булактардан түшөрү күтүлүүдө. Бирок оттуу стихия ашыкча март болууга түртүшү мүмкүн, андыктан чыгашаларга көз салуу кажет. Эмнени болсо да ойлонбой сатып алып, кийин өкүнүп калбагандай болуңуз.
Карьера. Жогоруда айтылгандарды эске алсаңыз, бул тармакта сууда сүзгөн балыктай эркин сүзө аласыз.
Сүйүү, мамиле. Жыл мамилелерде хаосту алып келбеши үчүн ойлонуп сүйлөп, чечимдерди таразалап кабыл алуу сунушталат. Абдан чоң болбосо да майда белектер, көңүл буруу ортодогу чыңалууну жазып, мамилелерди бекемдей турганын унутпаңыз.
Ден соолук. Жүрөккө, кан басымга көңүл буруп, стресстерден качыңыз. Болбосо дарыланууга туура келип калат.
ЖЫЛАН
(1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013, 2025)
Ийгиликтерге чөмүлчү кез. Жыл пландарды аткарууга, карьералык көтөрүлүүгө, каржылык ийгиликтерге жетүүгө убада берет. Кыскасы, ийгиликтерге чөмүлүү убактысы. Бирок акылмандыкты, чыдамкайлыкты, стратегиялык туура чечимдерди талап кылат. Анткени жеңишке бат жетүү жылы эмес, өзгөрүүлөрдүн жылы.
Каржы. Жыл ичинде кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүктөр жаралат. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлк сатып алууда шашпай, бардык жагын караштырып, жакындар менен кеңешип, анан сатып алуу кажет.
Карьера. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө жылдын ортосу ылайыктуу. Ага чейин чечкиндүү, демилгечил, дипломат болуп, өзүңүздү иштен көрсөтө бериңиз.
Сүйүү, мамиле. Романтика абдан көп болбосо да жагымдуу, эсте каларлык болот. Жеке жашоосуна туугандарын кийлигиштирип алгандар жаңылганын сезип, жан шериги экөөнүн мамилесин оңдоого аракет кылышат. Бойдокторго никеге турууга жаздын аягы, күз мезгили ылайыктуу.
Ден соолук. Жылдын биринчи жарымында ден соолукта маселе болбойт, жашоонун ырахатын көрөсүз. Экинчи жарымында иммунитетке, туура тамактанууга көңүл буруу сунушталат. Этиятсыздыктан жаракатка кабылуу коркунучу бар, сактануу керек.
ЖЫЛКЫ
(1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)
Энергияны чоң максаттарга жумшоо керек. Жылкы жылы Жылкылар үчүн активдүү өзгөрүүлөрдүн, карьерада жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, саякаттоонун жылы. Бирок чечкиндүүлүк менен кооптуулуктун, амбиция менен реалдуулуктун тең салмагын сактоо, өз стихиясына “күйүп” кетпөө үчүн сактык кажет. Энергияны жана күчтү ар тарапка чачпай, чоң максаттарга гана жумшасаңыз, жеңиштер сиздики.
Каржы. Бул жыл Жылкылар үчүн узак аралыкка чуркоо менен акча, байлыкты эңип кетүү убактысы. Болгону туура жакка жумшоо, кийинки жылдарга да жете тургандай топтоо сунушталат.
Карьера. Дүйнө сизге эшигин ачып берет, мурун кол жеткистей болгондор эми жаныңызда болот. Карьерада ылдамдык башталат. Чоң долбоорго киришип пайда табууга, лидер болуп чыга келүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат. Болгону өз күчүңүздү ашыкча баалап алып, катуу ташыркап калбаңыз.
Сүйүү, мамиле. Мамилелер убак-убагы менен сыноого кабылат. Сүйүктүүңүздөн башкаларга көз салуудан, аны башкаларга салыштыра берүүдөн карманыңыз. Болочок жан шеригин тапкандар никеге турушат.
Ден соолук. Өпкө, муун ооруларына кабылуудан сактануу кажет. Өнөкөт оорулар жаз, кышта өздөрүнөн кабар берет. Дарылануу зарыл.
КОЙ
(1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015)
Ийгиликтин ачкычы – акылмандык менен иш кылуу. Жыл алдыга күчтүү умтулуу менен башталат. Бир орунда турган план, карьера, долбоорлор “өлүк чекиттен” жыла баштайт. Туура ойлонуу, акылмандык менен иш кылуу, чынчылдык сиз үчүн ийгиликке ачкыч болуп берет. Өзүңүздү ар тармактуу өнүктүрүүнү улантыңыз, өзүңүзгө ишенимди бекемдеңиз.
Каржы. Ири кирешелер түшчү учурлар болот, бирок аларды байкабай же кош көңүлдүүлүк кылып өткөрүп жибербеңиз. Кыялданган чоң нерсени сатып алууңузга туугандар да жардам кылат.
Карьера. Карьерадан жогорулоо үчүн дипломатиялык мамиле, жаңы систем, ыкма менен иштөө, билимди жогорулатуу сыяктуулар керектелет. Эгер кызматка сунуш түшүп калса, кооптонбой макул болуу керек, сиздин колдон келет.
Сүйүү, мамиле. Күз мамилелерди туюкка камайт. Жаман мамиле менен жараканы тереңдетпей, сүйүүнү жашатып кетиш сиздин колдо. Бирөөлөрдүн оюна карап эмес, жүрөгүңүзгө карап иш кылыңыз.
Ден соолук. Профилактика үчүн учурунда дарылануу туура чечим болмокчу.
МАЙМЫЛ
(1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016)
Артылган жүктүн көлөмү оор болот. Бирок маселени чечүүдө тапкычтык, ийкемдүүлүк сапаттарыңызды колдонуп, туура багыт тандасаңыз, алдыдагы тосмолорду жарып өтөсүз. Мүмкүнчүлүктөр ойдо жок жерден пайда болот, а сиз шамдагайлык менен илип алууга жетишиңиз.
Каржы. Харизмаңыз киреше тапчу куралга айланат. Акча табуу жаатындагы идеяларыңызды ишке ашырууга тааныштарыңыз да салым кошушат. Болгону бирөөлөрдүн кызыктырган сунуштарына азгырылып, баарынан куру калуудан сак болуңуз.
Карьера. Стартап, чыгармачылык, билимди өнүктүрүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн мыкты убакыт. Профессионалдык деңгээлде өсөсүз. Пикирлеш адамдардын командасында, жеке чыгармачыл илимий иштерде да мыкты болосуз.
Сүйүү, мамиле. Чатактарды көбөйтпөй, чыккан учурда дароо басуу зарыл. Сүйүктүүңүздүн көзүнө чөп салбаңыз, кесепети оор болот. Эркиңизди тизгиндеп, чыныгы сезим менен убактылуу сезимдин айырмасын сезе билсеңиз, баары жакшы болот.
Ден соолук. Катуу диеталар менен эксперимент жасабаңыз. Оору ашырып алышыңыз ыктымал.
ТООК
(1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)
Маселелер бат чечүүнү талап кылат. Бул жыл долбоорлор, иштеги маселелер бат чечүүнү, адамдар болсо бат реакцияны талап кылат. Өзүңүздүн инсандык сапаттарыңызды бекемдеп, бизнесте жана чөйрөңүз менен мамиле түзүүдө тоскоолдук кылган нерселерден арылууга тийишсиз.
Каржы. Акча аздан, бирок туруктуу түшүп турат. Үнөмдөп чогултсаңыз, жакындарыңыз кошумчалашса, баштапкы төлөмүн төлөп, кыялдагы мүлктү бөлүп төлөө жолу менен сатып ала аласыз. Болбосо саякаттооңузга кенен жетет.
Карьера. Жыл башында эле жасай турган иштердин тизмесин түзүп алып, билек түрө киришсеңиз жакшы жыйынтыкка жетесиз. Жыл бою тынбай иштеп, убактыңыздын көп бөлүгү жумушта өтөт. Ошого жараша карьераңыз да алдыга жылат.
Сүйүү, мамиле. Бойдоктордо мурунку мамилелер үзүлүп, жаңы мамилелер пайда болушу ыктымал. Туура тандоо жасаганды билиңиз, антпесеңиз жыл аягында жалгыз калышыңыз мүмкүн. Өзүңүздүн көз карашыңызды гана туура дей берген мүнөзүңүздөн улам түгөйүңүздү таарынтып алуудан, анын көңүлүн калтыруудан сак болуңуз.
Ден соолук. Спорт менен машыгуу сунушталат. Жаман адаттар болсо таштап, сергек жашоого умтулуңуз. Эс алууга убакыт бөлгөндү да унутпаңыз.
ИТ
(1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)
Жылкы жылы өз камкордугуна алат. Чынчыл, таза дил, асылзаттык сапаттары үчүн Итти Жылкы жылы өз камкордугуна алат. Бирок кандайдыр бир иш кылууда тобокелдикке салып, ойлонулбаган кадамдарды таштоого ашыкпаңыз. Туура мотивацияга таянсаңыз, ал сизге ийгиликтерге жол ачкан эшикке ачкыч болуп берет.
Каржы. Кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн акча топтоого, ишкердикте өзүңүз кыялданган кирешеге чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону ылдам, чапчаң сапатыңыз менен ал мүмкүнчүлүктөрдү шап кармап калыңыз.
Карьера. Башкы куралыңыз – интеллект болмокчу. Жаңы вакансиялардан кабардар болуп туруңуз. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүңүз мүмкүн. Тер төгүп мээнеттенүү менен жетекчиңизден тынбай сый акы алып турган кызматкерлердин арасына кошула аласыз.
Сүйүү, мамиле. Жеке жашоодо мурунку кетирген каталарыңыздан сабак албасаңыз, аны кайра кайталоо коркунучу бар. Түгөйүңүз менен мамилеңизди жыл бою бекемдей жүрүңүз. Жалгыз жүргөндөр түгөйүнө жолугуусу ыктымал.
Ден соолук. Өнөкөт бронхит, аллергиялык оорусу барларга жыл ичи кооптуу. Өздөрүн карашпаса, оорусу улам козголуп кыйнайт.
ДОҢУЗ
(1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)
Акылды да, жүрөктү да уга жүрүңүз. Жылкы жылында сиздин акыл-эс менен ички туюм катарлаш жүрүшү зарыл. Ошондо гана “жекпоттун” ээси болосуз. Жыл жогорку нотада башталат. Жаңы тааныш, байланыш, идеялардын артында өзүңүздү керектүү инсан катары сезесиз.
Каржы. Жылкы жылы акчаны, ийгиликти жөн эле кармата бербейт. Көп сыноолор, тоскоолдуктардан өтүп, убакыт менен тең жарышып, тер төгүп иштешиңиз зарыл. Бирок ошого жараша карыз деген сөздү унута баштайсыз.
Карьера. Иштин туура багытын аныктоо зарыл, болбосо кылган аракетиңизден майнап чыкпай кыйналасыз. Жетекчиликтин талаптарына жооп берип, көп мээнет кылууга жетишсеңиз, жаңы горизонтторду багындырасыз. Саякатка да көп чыгасыз.
Сүйүү, мамиле. Үй-бүлөлүүлөр чакан мамлекеттин жүгүн толук бойдон моюнуна алып, активдүүлүгүн көрсөтүүлөрү керек. Бойдоктор сүйүктүүсүн жакындан билип, ал өзү самагандай жар болуп бере алабы, таразалап көрүүлөрү кажет.
Ден соолук. Иммунитетти көтөрүү үчүн дайым кыймылда болуу кажет. Жазында уйкусуздуктан же муун ооруларынан жапа чегишиңиз ыктымал.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |