10 ЖЫЛДЫК СҮЙҮҮ! КИМ У БИН МЕНЕН ШИН МИН А БАШ КОШУШТУ

№1202

Экөө тең дүйнөнүн төрт бурчуна белгилүү адамдар. Түштүк Кореялык актёр Ким У Бин менен актриса Шин Мин А махабат отунда бирге күйүп жүргөнү, тагыраагы, кыз-жигит мамиледе экени 2015-жылы белгилүү болгон. Андан бери 10 жыл өттү. Айтканга оңой көрүнгөнү менен, бул убакыт аралыгында түгөйлөрдүн башынан бир катар оор сыноолор өттү. Анын баары артта калып, 10 жылдык сүйүүнү мыйзамдуу түрдө бекемдеп 2025-жылдын 20-декабрында экөө баш кошушту. 

 

Корей киносунун титандары

Шин Мин А

Актриса Шин Мин А 1984-жылы төрөлгөн (41 жашта). 14 жашынан баштап чыгармачылыкка аралашып, учурда таланттуу, эмгекчил, татынакай актриса, ырчы, модель катары таанымал. Карьерасын алгач модель катары баштап, дүйнөлүк бренддердин жүзүнө айланган. Азыр да бул ишмердүүлүгүн ийгиликтүү аркалап, анын амбассадор болушун каалаган бренддер кезек күтүшөт.

Моделдиктен кийин музыка дүйнөсүнө аралашты. Алгач башка музыканттардын клиптерине тартылса, бара-бара өзү аткаруучулардын катарына кошулган.

Анан кино дүйнөсү кучак ачты сулууга. Белгилүү долбоорлорунун катарына “О, менин Венерам”, “Менин сүйлөшкөн кызым – кумихо”, “Деңиз жээгиндеги Ча-ча-ча айылы”, “Биздин блюз”, “Карма” жана башкаларды кошсо болот. 25 жылдан ашуун чыгармачылыкта жүргөн Мин А талыкпаган эмгегине жараша көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, корей киносунун титандарынын арасынан орун алган.

Ким У Бин

Көптөгөн кыздардын “крашына” айланган Ким У Бин болсо 1989-жылы туулган (36 жашта). Азыр “краш” болгону менен, кичине чагында өз келбетинен уялып жүргөнүн эскергени бар. Анткени анын жүзү көпчүлүктөн айырмаланып, мектепте “динозавр” атка конгон. Мунун айынан өзүнө толтура “комплекс” топтоп алган. Анан кантип моделдикке баш бакты дейсизби? Орто мектепте эң жакшы окуган окуучулардын бештигинде болчу. Анын келечегине биологиядан берген мугалими таасир эткиси келип, аны окумуштуу болууга үндөгөн. Бирок “Келечекте кандай кесипти тандагың келет?” деген тестирлөөдө кокустан эле У Бин “модель болгум келет” деп жооп берген. Жазганы Кудайдын кулагына жеткенби, айтор, жогорку класста окуп жүргөндө бой-келбети түзөлгөн, өзгөчө көз карашка ээ жигитти моделдик агенттик жумушка чакырып, ошону менен чыгармачылык чөйрөгө өтүп кеткен.

Киного 2011-жылы, 14 жашында аралашкан. "Крашка" айланткан эмгектери: “Мектеп-2013”, “Мураскерлер”, “Офицер: Кара кур”, “Акылдан адашкан сүйүү”, “Сенин бардык каалооң аткарылат” жана башка.

Сүйүүнүн башаты

Чыгармачыл чөйрөдө жүргөн экөөнү бириктирген жарнама болду. 2015-жылы Ким У Бин менен Шин Мин А биргеликте жарнамалык роликке тартылып, фотосессия жасашкан. Иш процессинде эле жылдыздары жымыңдашып, сүйүү оту жанган экен. Башкаларчылап сүйлөшүп жүргөнүн деле көпкө жашырбай, ошол эле жылы коомчулукка ачыкташкан.

Көп өтпөй жылдыздуу түгөйлөр үчүн бир чети мамилени сынаган, бир чети бекемдеген окуя орун алды. 2017-жылы врачтар Ким У Бинге “мурун көңдөйүнүн рагы” деген коркунучтуу диагноз коюшкан. Актёр 2 жылга карьерасын токтотуп, дарыланууга өткөн. Актриса да көп долбоор албай, башынан аягына чейин сүйүктүүсүн колдоп жанында болгон. Бул оор күндөр, жылдар да өтүп баары өз нугуна түштү.

Көрөрманга сүйүшкөндөрдүн бир тасмада роль жаратышы кызык көрүнүш. Ким У Бин менен Шин Мин А бир долбоорго (“Биздин блюз” дорамасы) тартылышкан. Бирок түгөйлөрдүн ролунда эмес.

2025-жыл, 20-ноябрь

* Бул күнү актёр менен актриса эмгектенген AM Entertainment агенттиги күйөрмандар көптөн күткөн жаңылыкты жарыялап, мындан ары да артисттерге колдоо керек экенин билдирген. Анан Ким У Бин социалдык тармак аркылуу кубанычтуу кабары менен бөлүштү:

* “Кубанычтуу жаңылыгымды алгач эле менин бардык кемчиликтериме карабай жакшы көргөн, колдогон, сүйгөн күйөрмандарым менен бөлүшкүм келди. Мен үйлөнөйүн деп турам. Көп жылдан бери жанымда ишенимдүү өнөктөш болуп жүргөн адамга. Экөөбүз бирге кура турган келечек жолуна жакшы каалоо-тилектериңерди айтып, мындан ары да колдоп жүрөсүңөр деп ишенем. Кайрадан көрүшкөнчө. Рахмат!”

2025-жыл, 20-декабрь

 * Башынан эле үйлөнүү той жабык форматта өтөрү кабарланганы менен, атактуу эки персонанын үйлөнүү тоюна көңүл буруу чоң эле. Андыктан тойдун айрым фактылары баары бир ачыкка чыкты. Той 20-декабрда Сеулдагы “Шилла” мейманканасында өттү. Ага түгөйлөрдүн үй-бүлөсү, кесиптеш, достору чакырылган. Жылдыздуу коноктордун арасынан: BTS тобунун солисти Ви, EXO тобунан D.O, Ли Бён Хон, Ан Бо Хён, Ким Тэ Ри, Гон Хё Жин, Ом Чон Хва, Рю Жун Ёль, Нам Жу Хёк, На Ён Сок, Ли Кван Су, Го Ду Шим, Пэ Чон Нам, Ким Ын Сук, Пак Кён Рим, Им Жу Хван жана башкаларды көрсө болот.

 * Тойдун алып баруучулук кызматын Ким У Бин менен көп жылдан бери достук мамиледе болуп келген актёр Ли Кван Су аркалады.

 * Эки жашка арналган негизги лирикалык чыгарманы У Биндин дагы бир досу – EXO тобунун ырчысы D.O (До Кёнсу) аткармак. Бирок үйлөнүү той ошол эле күнү өтүп жаткан ММА-2025 иш-чарасына туш келип, ал жакка EXO менен чогуу барышы керек болгондуктан, үлпөт тойдо ырдоодон баш тартууга туура келген. Ошентсе да ал 15 мүнөткө келип түгөйлөрдү куттуктап, кайра шашып кеткени белгилүү болду. Ал эми тойдо ырчы Car, the Garden колукту тартылган “Деңиз жээгиндеги Ча-ча-ча айылы” дорамасындагы «Romantic Sunday» романтикалык саундтрегин ырдады.

 * Той күнү түгөйлөр дагы бир жакшы саамалык жасаганы белгилүү болду. Ким У Бин менен Шин Мин А биргеликте бир нече кайрымдуулук фонддоруна 300 миллион вон (болжолдуу 18 миллион сом) которушкан. Шин Мин А 2009-жылдан бери оор күйүк алып жардамга муктаж болгон жаш балдарга, кары-картаңдарга материалдык колдоо көрсөтүп келет. Ал эми жолдошу Ким У Бин 2014-жылдан бери Сеулдагы Асана ооруканасындагы рак менен күрөшкөн жаш балдарга туруктуу жардам көрсөтөт.

 * Колуктунун көйнөгү – Elie Saab брендинин 2026-жылы чыга турган жазгы коллекциясынан. Болжолдуу баасы – 31 миң доллар деп эсептелүүдө. Алдын ала карда жасалган фотосессиядагы Шин Мин Анын көйнөгү дизайнер Даниэль Франкелге таандык жана баасы 10 500 доллар турат. Ким У Биндин үлпөт тойдогу кийими Ralph Lauren Purple Label мода үйүнөн буюртма менен жасалган.

 

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо