ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДАГЫ КЫЗЫКТУУ ОКУЯЛАРЫ

№1202

Белгилүү инсандар бул жолу Жаңы жылдагы кызыктуу окуяларын айтып беришти. Балалыкты, өткөн күндөрдү эстеп бир жылмайып коюңуз. Көпчүлүк жактырган бул майрамда эсте каларлык окуялар көп болот негизи. 

 

Канат Шабдалиев, актёр: “Апам экөөбүз түн ортосуна чейин жасаган шляпамды тепселеп кетишкен”   

– Бала кезде Жаңы жылга даярданам деп түн ортосуна чейин токмок жегеним эсимде. Үй-бүлөдө төрт эркек удаа төрөлгөнбүз. Бир жылы балаты майрамына берки 3 бир тууганым кыргыздын улуттук формасын кийип чыга турган болушту. Апам чайдын кутусунун жалтырак кагазынан оюм-чийим кесип, костюмдарынын этегине, чөнтөгүнө чаптап, калпак да даярдап койду. Ошону менен бүттү. Мен болсо “мексиканец” болом деп чыктым. Апам экөөбүз мексикалыктардын  сомбреросун (шляпа) жасай албай түн ортосуна чейин отурдук. Картон кагаздан кесип улам жасаса, улам окшошпой калат. Апам “нерв”. “Ушунчанын ичинен тандап алган каарманын кара!” деп улам картон менен башка “каңк” эттире чабат. Эптеп түн ортосунда шляпаны жасап бүтүп, анан уктадык. Эртеси мектепке “мексиканецтин” костюму менен бардым. Сомбрерону столго коюп, үстүнө плащты (чүпүрөктөн жасалган) жаап койсом, балдар тепсеп кетишиптир. Шляпа жап-жалпак болуп, жараксыз. Ошондо мен үчүн дүйнөнү топон суу каптагандай эле кыямат болгон.   

Тотомидин Жолдошев, ырчы: “Балаты майрамында мушташып...”

– Анда 6-класста окуйт элем, СССР убагы. Ал кезде окуучуларга балаты майрамына бет кап, жомок каармандарынын костюмдарын кийгизишчү. Мени таежем “таанылгыс кылам” деп кызча кийинтмек болду. Узун юбка, кофта кийгизип, жоолук салып, бети-башымды боёп, бет кап тагып койду. Балатыны айланып ырдап, бийлеп жатабыз. Мени эч ким тааныган жок. Бирок бир бала шекшип карай берип, бир кезде бет кабымды жулуп алды. Анан көрө бер кызыкты. Мугалимдерге байкатпай “чоң кыз” деп шылдыңдап, кучактап тийише баштады. Намыстанып тиги бала менен мушташып кеттим. Ошентип майрам бүтө электе үйгө келе бергеним эсимде.

Мектепти бүткөндөн кийин Чаткал райондук маданият үйүндө иштеп калдым. Бойдокмун. Сардарбек Досбаев, Нургазы Шайлообаев деген достор болуп 31-декабрда эмне кылсак деп ойлондук. Анан оорукананын кызматкерлери Жаңы жылдык кече өткөрө турганын угуп калып, ошого бармай болдук. Сардарбекке грузин костюмун кийгиздик. Нургазы сулуу бала болчу, аны боёп, Аяз кыздын формасын, чач тагылган таажысын кийгиздик. Мен Аяз ата болдум. Ооруканага барып куттуктап, ырдап бердик. Жетекчиси Нургазыны кыз деп ойлоп тийишип, белинен кучактап, улам бетинен өбөт десеңер. Бир кезде врачтар "Аяз ата жөн келбесе керек, белек берет го" деп калышты. Биздин болсо белегибиз жок. Ошентип 1-2 саат отуруп, анан качып кеткенбиз. 

Гүлзада Сартмырзаева, актриса: “Саат 12де үйгө жетпей, көчөдөн лимонад ичкенбиз”

– Союз учурунда Жаңы жылга декабрдын ортосунан баштап даярдык көрөр элек. Жалал-Абад шаарында жашап жатканыбызда үйүбүз борбордук аянтка жакын болчу. Бир жылы Жаңы жылдык концертке катышканы жолдошум, куудул Нарынбек Молдобаев экөөбүз балдарыбызды чанага салып сүйрөп алып бардык. Номерлерибизди аткарып коюп эле үйгө шаштык. Бирок саат 12де үйгө жетпей калып, жолдо лимонад менен тост айтып тосконбуз.

Каракөл шаарында жашап жүргөнүбүздө түнкү саат 12де үйдөн шампан аттырып, каалоо-тилектерибизди айткан соң достор болуп ар кимдикине кыдырып майрамдап кетчү адатыбыз бар эле. Ошентип достор болуп майрамдаганы чыктык. Бир досубуздун жаңы төрөлгөн 2-3 айлык ымыркайы бар. Келинчеги аны ороп көтөрүп алган. Бир үйдөн чыгып, экинчи үйгө барганыбызда баланын ороосун ачып коёюн дегенинен карасак эле бетинин ордуна буту көрүнүп жатпайбыБаамдабай баласынын бутун өйдө, башын ылдый каратып көтөрүп келиптир да. Бала кыпкызыл болуп кетиптир. Апасы жүрөгү түшүп коркуп жатса, биз болсо каткырып, күлкүбүздү токтото албайбыз...

Жанета Баялиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Кулап кетип, пирожкилерим чачылып...”

– Бала кезде Жаңы жылда кызыл топучан кыз (красная шапочка) болгонум эсимде. Анын көйнөгүн таежем тигип берген. Апам пирожки бышырып, себетке салып берди. Себетимди көтөрүп балдар менен балатыны айланып жатканда жыгылып кетип, пирожкилерим чачылып ыйлаганым эсимде.

Анан Аяз атага катуу ишенчү элем. Бир жолу Аяз атанын кулагынан сөйкө көрүп калып, ошондон кийин Аяз аталардын кулагын эле карай берчү болгом.

Жаңы жыл сайын үйдө манты жасамай адатым бар. Чакан үй-бүлөгө аз эле жетет да. Бир жолу да Жаңы жылда мантыга кам көрүп, фаршын туурадым. Балам кичине болчу, ошол учурда ооруп жүргөн. Балама ичиргенге таблетка дарысын талкалап, кашыкка салып, үстүнө суу куюп даярдап койгон болчумун. Анан камыр жайып, мантыны түйүп, бышырдым. Бышканда жесек, даамы кычкыл, ачуу тартып калыптыр. Эмне болгон деп түшүнбөй калдым. Көрсө, балам дарысын ичем деп фарштын үстүнө төгүп алыптыр, аны мен билбептирмин. Ошентип мантыбыз жарым-жартылай эле желген.

Венера Назаралиева, ырчы: “Башка балдардын көңүлүн ачып, өзүбүздүн балдар үйдө калган”

– Мурун Ошто бир жакшы кафе бар эле. Биз театрда иштеп, айлыгыбыз аз болгондуктан ал кафеге кирип тамактана албайбыз. Жаңы жыл күнү бизди, театрда иштегендерди ошол кафеге балдарга театралдаштырылган оюн көрсөтүүгө чакырып калышты. Барсак, жаш достор экен, бала-чакалары менен отурушат. Дасторкондо биз көрө элек жер-жемиштер толо. Баары жыргап отурушат. Биз оюн көрсөтүп жатабыз. Бир кезде баары эшикке чыгып кетишти. Көрсө, түнкү саат 12 болуптур. Салют атышты. Бир жагынан “мынча акчаны кайдан табышкан?” деп таң калсам, бир жагынан үйдө калган баламды аяп жаттым. Курсагы ток бекен, ыйлатпай карап жатышты бекен деп. Таңкы саат 5те 500 сомдон алып үйгө кеттик, алар калышты. Ал убакта 500 сом чоң акча болчу. Ошентип ал Жаңы жылда акча үчүн башкалардын балдарынын көңүлүн ачып, өзүбүздүкү үйдө калганы эсимден кетпейт.

Болсунбек Стакеев, куудул: “Отуруштун айынан үйгө кире албай, чөптүн үстүндө түнөгөм”

– Мектепте чоң класс болуп калган кезибизде мугалимдер “майрамдарда өз алдыңарча кече уюштурбагыла, өткөрбөгүлө” деп урушушчу. Бирок уурданып уюштура коюп, аныбыз мугалимдерге билинип калчу. Ошентип Жаңы жылга жакын кече уюштуруп колго түштүк. Класс жетекчибиз баргандарга түшүнүк кат жаздырып кирди. Мени урушуп “сен кечеден келгениңде апаң келе кой деп үйгө киргизип койдубу?” деп сурады. Мен “жок, келсем үй кулпулануу экен” дедим калп айтып. Эжеке “анан таң аткыча кайда жүрдүң?” деди эле, “сыртта отургучта отурдум” деп жооп бердим. Эжеке шекшип “кантип эле кышта таң атканча отургучта отурмак элең тоңуп?” деп бурчка такады. Ошондо “үйгө кире албай, жыйылган чөптүн үстүндө түнөдүм” деп кантип чынымды айтып жибергенимди билбей калгам.

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо