САЛТТУУ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК САЛАТТАР ЖАҢЫ ФОРМАТТА

№1202

Оливье, “Шуба” салаттары Жаңы жыл майрамынын символдору экени белгилүү. Булар жасалбай калса, жаңы жылдык дасторконго окшобой калат. Бирок кожойкелерде дайымкы дасторкон дедирбей, конокторду таң калтыруу милдети турат. Бул себептүү ушул эле салаттарды жаңыча жасоону сунуштайбыз. Рецепттер менен ашпоз Нариман Маанаев бөлүштү.

 

“Царь” оливьеси

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Картошка – 2 даана

Сабиз – 1 даана

Жумуртка – 2 даана

Ышталган сёмга эти – 100 грамм

Туздалган корнишон (майда бадыраң) – 70 грамм

Консерваланган жашыл буурчак – 2 аш кашык

Майонез – 2 аш кашык

Кооздоо үчүн – майда ашкөк, бөдөнө жумурткасы, балык икрасын пайдалансаңыз болот

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошка, сабиз жана жумуртканы сууда бышырып, кабыктарын аарчып алабыз. Салттуу түрдө жасалып келген оливье сыяктуу эле азыктар чарчы тууралат.

2. Бул салаттагы өзгөчөлүк – сёмга балыгы, корнишон бадыраңдар. Сёмганы да төрт чарчы туурап, корнишон кичине болсо тегерек туурайбыз.

3. Тууралган азыктарды бир идишке топтоп, жашыл буурчакты жана майонезди кошуп аралаштырабыз.

4. Тарелкага тегерек же чарчы калыптан коюп, салаттын формасын чыгарып салсаңыз болот. Андай жок болсо, кадимкидей эле тарелкаларга салып, бышкан бөдөнө жумурткасын узатасынан тең экиге бөлүп салаттын чекелерине коюп, икра, майда ашкөктүн түрү менен кооздоп коёбуз. Ичтейди ачкан, өзгөчө даярдалган “Царь” оливьеси даяр!

 

“Шуба” салаты жаңы форматта

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Туздалган сельдь балыгы – 80 грамм

Кызылча – 60 грамм

Сабиз – 60 грамм

Кызыл пияз – жарымы

Тостер наны – 2 даана

Желатин – 1 чай кашык

Майонез – 1,5 аш кашык

Туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Кызылча, сабизди сууда бышыруу керек. Тазалап, орточо чарчы туурайбыз.

2. Желатинге өзүнүн өлчөмүндө муздак суу куюп, 10 мүнөттөй көптүрүп алабыз.

3. Сельдь балыгын кылкандарынан таза тазалап, орточо бөлүктөргө бөлөбүз. Үстүнө кызылча, сабизди жана майонез менен татымына жараша туз кошуп, блендер менен эзебиз. Үстүнө желатинди кошуп аралаштыруу кажет.

4. Бизге салаттарга форма берген тегерек же төрт чарчы калып керектелет. Аны менен тостер нанын кесип, калыпты албастан үстүнө эзилген салатты салабыз. Муздаткычка бир саат коёбуз.

Эгер атайын калыптар жок болсо, кекстин формаларын колдонуңуз. Эзменин өзүн салып, муздаткычтан алып чыккан соң тегерек кесилген тостер нандардын үстүнө салып коёбуз.

5. Салатты формадан чыгарып, бальзам соусу, майда ашкөктөр, сельдь балыгынын кесимдери менен кооздоп коюңуз. Жаңыча жасалган “Шуба” салатыбыз даяр!

 

 

Жаңы форматтагы грек салаты

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Консерваланган кара жана сары зайтун мөмөсү – 60 граммдан

Бадыраң – 2 даана

Черри помидору – 100 грамм

Айсберг капустасы – 40 грамм

Фетакса сыры – 100 грамм

Зайтун майы – 30 миллилитр

Кызыл пияз – жарымы

Кургатылган оригано татымалы – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Кара жана сары зайтун мөмөсүн бириктирип, 20 грамм зайтун майын куюп блендер менен эзүү керек. Бир массага келгенде салат салуучу тарелкаларга жаябыз.

2. Фетакса сырын да туурап, зайтун майынын калганын куюп, муну да блендер менен эзебиз. Кондитердик мүшөккө же целлофанга салабыз.

3. Бадыраңды сабиз аарчыгыч менен жука узун тилип чыгабыз. Аларды ороп, тарелкадагы зайтун соусуна тизилет. Черри помидорун да тең экиге бөлүп аралата тизебиз. Канат сымал кесилген кызыл пиязды, кол менен бөлүнгөн айсберг капустасын салып, фетакса сырын аралата сыгып коёбуз. Акырында оригано себелейбиз.

 

Асел Ишенбай кызы

      


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо