Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: "АТАКТУУЛУКТУН ЗЫЯНЫ ЖОК, ЭГЕРДЕ..."

№1203

Айчүрөк Иманалиева — ийгиликке ашкере шашпаган, бирок өз жолунан тайбаган айым. Аялдык бакыттын баасын, аялзаттын түйшүгүн, ырчылык жолдун ысык-суугун жакшы билет. Атактуулук, өнөрдүн өмүрү, сахнанын табияты тууралуу пикир алыштык ырчы айым менен. 

 

– Саламатсызбы, Айчүрөк айым? Чыгармачыл инсанга эл берген “легенда”, “залкар” деген баалар инсандык өнүгүүнү токтотуп койбойбу?

– Саламатчылык. Эл өзүнүн көңүлүнө жаккан инсанга, жасаган эмгегине жараша ар кандай бааны берет экен. Бирок элдин чыныгы баасы инсандын көзү өткөндөн кийин берилет деп ойлойм. Тирүүчүлүктөн кеткенден кийин да эл оозунда атың аталып, “легенда” болууну Кудай насип этсин. Ал эми атак-даңкка ээ болуу өнүгүүнү токтотпойт, тескерисинче, күчөтөт. Ансайын бийик деңгээлге татыктуу болууга умтуласың, жоопкерчилик күчөйт.

– Тажрыйба, чыгармачылыктагы узак жол сиздин айтылган сындарга карата иммунитетиңизди канчалык деңгээлде бекемдеди?

– Сын дайыма айтылып келет, көпчүлүк болгондон кийин ар кимдин пикири ар кандай да. Эл көзүндөгү адам катары ар бир кишинин пикирин сыйлоого тийишсиң. Баарына өз пикириңди таңуулап, сага жакпагандардын баары менен күрөшө албайсың. Убакыттын өтүшү менен адамга жан дүйнө тынчтыгы келет экен, мен азыр өзүм тууралуу айтылган өйдө-ылдый кептерге, эгер ал мен билген чындыкка коошпосо, көңүл бурбайм деле. Туура, негиздүү айтылган сынды ар дайым кабыл алам. Ал эми негизсиз сын айтып ашыкча кеткендерге жөн гана “ар ким өз пикиринде калганы дурус” деп коём.

– “Жүз жылдар мындан кийин да...” деп Сүйүнбай Эралиев жазгандай, азыркы сахна бир кезде бизсиз калат деп ойлонуп көрдүңүз беле?

– Албетте, бул жашоо чындыгы. Биз жарыкчылыкка жаралганга чейин деле күн чыгып, түн кирип, адамзат тиричилигин жасаган. Биз кеткенден кийин деле жашоо уланат. “Алмаштыргыс адам болбойт” демекчи, баары убактылуу: жаштык да, атактуулук да, байлык да. Мага чейин кыргыздын не деген улуу таланттары, залкар инсандары жашап өткөн. Менден кийин да таш жарган таланттар жаралат. Бул бир гана сахнага, чыгармачылыкка тиешелүү эмес, жалпы адамзатка таандык мыйзам ченемдүүлүк.

– Атактуулуктун жеке жашооңузга терс таасирин тийгизген, тоскоол болгон учуру болдубу?

– Атактуулук эч нерсеге тоскоол болбойт, эгерде аны акыл-эс менен кабыл ала билсең. Мисалы, мен “жылдыз оорусуна” эч убакта кабылган эмесмин. Жаш кезде, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен учурда дагы текеберленип, кандайдыр бир башкача кыял-жорук күткөн жокмун. Кыязы, буга тубаса иммунитетим бар окшойт. Менимче, балээнин баары текеберленүүдөн башталат. Чыгармачылык башка, жеке жашоо башка. Чыгармачылыктагы атагыңды жеке жашооңо сүйрөп кирип, аны менен жеке жашооңдон дагы өзгөчө орун алууга аракет кылбасаң эле, баары жайында болот.

Сахнага чыгып жылмаюу, көшөгө артында муңаюу – бул чыгармачыл көп айымдардын тагдыры сыяктуу сезилет...

– Артты карап ыйлап, алдыга карап күлүү – бул бир гана ырчыларга эмес, жалпы аялзатына таандык көрүнүш. Аялдар ушундай болот экенбиз, өзүбүзгө тоодой жүктү үйүп алып, баланын, үйдүн түйшүгүн көтөрүп, ошол эле убакта бизден өткөн бактылуу адам жоктой жүрөбүз. Мен бардык аялзатынын жашоосунда муңайта турган эмес, кубанта турган, жылмайта турган окуялар көп болушун каалайт элем. Өз түйшүгүн өзү көтөргөн күчтүү эмес, ишенимдүү, эрктүү эркекке таянган алсыз, назик, сүйүктүү айымдарыбыз көбөйсүн.

– Айрым ырчылар “балдарымдын ырчы болушун каалабайм, анткени бул кесиптин түйшүгү оор” дешет. Сиз кызыңыз Аэлитанын сахна адамы болушун каалайсыз, кызыңыздын тандоосун сыйладыңызбы же анын күчүнө ишенесизби?

– Өзбектердин бир ыры бар “мен атамдан баймын, анткени менин атам бар” деген мааниде. Ооба, мен чыгармачылыктын кыйынчылыгын көрдүм, ысыгына күйдүм, суугуна тоңдум. Бирок мен жалгыз болчумун. Бардык тоскоолдуктарды өз күчүм менен гана басып өтүп, кандай кыйынчылык болбосун жалгыз өзүмө таяндым, өзүмдү өзүм колдодум. А менин кызымдын апасы бар. Кудай өмүр-жаш берсе, Аэлитаны дайыма колдоп-коштоп жүрөм, билбегенин үйрөтөм, акыл-насаатымды айтам. Кызым такыр башка тарбияда чоңоюп калды, түз жүрүп, түз сүйлөйт. Кырдаалга жараша ийкемдүү боло калууну, кычык-кучуктан жол таап чыгып кетишти билбейт. Эми азыркы өсүп келаткан муундун баары эле ушундай болуп калбадыбы, булардын баалуулугу такыр башка. Кудайдан кызым жашоодон ордун таап, тамырын кенен жайгыча, акыл-эси токтолгон куракка келгиче жанында жүрүүгө өмүр, ден соолук, күч-кубат бер деп суранам.

– Чыныгы таланттар бааланбай калды деп айтышат, айрыкча улуу муундун өкүлдөрү?

– Чыныгы талант эч убакта өлбөйт. Жалтыр-жултурлар убактылуу көңүлдү алагды кылганы менен, күйгөнүнөн өчкөнү бат. Чыныгы талантты миң ирет жерге көмсөң да, бир күн келет, вулкандай атырылып чыгат. Элден өткөн тараза жок, дарамети чынында күчтүүлөрдү тез эле иргеп алат.

– Ырчы катары сиздин эң чоң коркууңуз эмне экенин айтып берсеңиз?

– Менин эң чоң коркуум – элдин эсинде терс адаттар менен калуу. Чыгармачыл адам үчүн башкы нерсе элдин сый-урматына татыктуу болуу да. Жаман адаттардан алыс болуп, коомго үлгү болуп жашап өтүү маанилүү.

– Акыркы жолу качан “мен чарчадым” деп үн чыгарып айттыңыз?

– Бул сөздү дайыма эле айтасың да. Үй-бүлөңө айтасың, “мен бүгүн чарчадым, бул ишти силер кылып койгула” деп. Бир жактарга чакырган тааныштарыңа “мен бүгүн чарчап турам, бара албайм” деп айтасың. “Чарчадым” деген сөздүн өмүрү кыска. Бүгүн чарчасаң, эртең кайра жаңы дем менен иштеп баштайсың. Кудай тирүүлүктөн чарчагандан сактасын.

– Эл билбеген, бирок сизди ичиңизден кыйнаган маселе барбы?

– Эл билбеген маселени ичке катыш керек да, андайлар ачык айтылбайт эмеспи. Ичтен кыйнаган дегендин өзү маселени сыртка чыгарууга болбойт, жеке өзүңө таандык сыр экенин билдирип турбайбы. Андай маселе ар бир адамда бар деп ойлойм.

– Маегиңизге рахмат! Жаңы жылда жаңы ийгиликтер болсун! 

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо