ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ – 2026

№1203

Кой

Жылдын алгачкы айларында кошумча жумушка же жаңы кызматка байланыштуу каржылык абалыңыз оңолот. Мындай абал буга чейин сатып ала албай жүргөн нерселерди алууга же саякаттоого мүмкүндүк берет. Апрелде чөйрөңүз, билим кампаңыз кеңейет. Май айында эски чечилбеген маселелер көтөрүлөт. Аны бүтүрүп берем дегендерге ишенип убакыттан уттурбай, өзүңүз бүтүрүңүз. Жайында үйүңүздө гармония өкүм сүрөт. Бир топ пландарыңыз ишке ашат. Күз эркиңизди жана күчүңүздү сыноочу мезгил. Маселелерди жакындарга таянып чечүү сунушталат. Ноябрда туура ойлонуп, баарын тең салмактап иш кылуу ийгиликтин ачкычы болуп бермекчи. 

Букачар

Январь сыноолор менен башталат. Ойду бир жерге топтоп, айткан сөзүңүз менен жасап жаткан ишиңизди анализдеп турууңуз зарыл. Ойлонулбай кабыл алынган чечим, кетирилген катанын кесепети жылдын аягына чейин тийиши мүмкүн. Февралда кыялыңыздын бири ишке ашат. Мартта ишкердик боюнча баарлашууда сиздин тапкычтык сапаттын  пайдасы тийип оозго алынып, айрымдар досуңузга айланышат. Апрелде иштеги өзгөрүү пайда алып келет. Кирешеңиз көбөйөт. Сентябрда иштеги документтерге, сөзгө сак болуу кажет. Октябрь – мамилелерди оңдоо айы. Жакындарыңыздан ашыкча талап кылып жаткан жоксузбу, чыр-чатак сиз тараптан көп чыкпадыбы, аңдап, оңолууга багыт алыңыз.  

Эгиздер

Жыл башында ички дүйнөңүздү, миссияңызды аңдап, өзүңүздү түшүнүп, жашоодо алган багытыңызды, кетирген каталарыңызды талдооңуз кажет.

Февралда кыймылсыз мүлк сатып алууда, жеке бизнес ачууда маселеңизди чечүүгө жардам берүүчүлөр табылат. Пайдалуу кеңеш, колдоонун арты менен жайында мурун башталган оңдоо-түзөө иштерин же курулушту аягына чыгарасыз. Жайында же узак сапарга чыгасыз, же той өткөрөсүз, жолугушуулар да болот. Августта түйүндүү маселе чечилет. Октябрда ден соолукка көбүрөөк көңүл буруу кажет. Үй-бүлөлүк жакшылыкты ноябрда белгилейсиздер. Жылдын аягы иште, окууда ийгиликтүү болот.

Бөйөн                                           

Январь же февралдагы күтүлбөгөн кабар пландарыңызды өзгөртөт. Пландалбаган сапарлар, жолугушуулар кызыктуу долбоорго, пайдалуу иштешүүлөргө жол ачмакчы. Андыктан кабарларга кулак түрүп, өз күчүңүзгө ишеним артып даяр туруңуз. Жазында кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, чет элге чыгуу, курулушту бүтүрүү  жаатындагы маселелерди үйдөгүлөр менен чечесиз. Таарынышкан адамдар менен жарашасыз. Жайында чет өлкөгө иш сапары же эс алуу үчүн барышыңыз мүмкүн. Акчаны акыл-эстүүлүк менен коротуу зарыл, өзгөчө август, октябрда. Эмоциянын жетегинде максатсыз коротуп, кейип калбаңыз. Жылдын аягында ички жаңыланууну, жан дүйнөдөгү туруктуулукту сезесиз.

Арстан

Жыл ичинде жетекчиликке жумушту алга жылдыруу, жаңыча иштөө жаатында идея, сунуштарды айта жүрүп, мыкты иштегендер кызматтан көтөрүлүшөт. Тапкандары да көбөйөт. Февралда жумуш же башка иштер боюнча узак жолго чыгуулар күтүлөт. Июнда чогулткан акчаны коротпой, кайра үстүнө кошуп топтой бериңиз. Кышка жакын ага бөлүп төлөө жолу менен автоунаа же башка чоң нерсе сатып аласыз. Августта жакындарыңыздын биринин ийгилигин белгилейсиз. Октябрда үйдө, иште чоң чыр чыкпашы үчүн эмоцияны кармап, майдачыл болбой, элди да уга билүү кажет. Декабрда бирөөнүн көңүлү деп өзүн актабаган ишке аралашып албаңыз. 

Бийкеч

Бизнесте, карьерада жылыштар болот. Өзүңүздү ашыкча сындап, кылган ишиңизден күмөн санай бербей, ишенимдүү болуңуз. Алыстагы жакындарыңыз менен баарлашуу, жол жүрүүлөр ийгиликтүү болот. Билим, тажрыйбаңыз иште, бизнесте көп акча алып келет. Бирөөлөрдүн тукуруусуна кирип таасирдүү адамдарды каралоодон алыс болуңуз, кесепети жаман болот. Маанилүү маселе, документ иштерине февралда киришиңиз. Жайында иштеги өзгөрүүлөрдөн улам толук эс албай калышыңыз мүмкүн. Пландалган курулуш иштери кошумча акчаны талап кылат. Май жана сентябрь кырсыктарга жакын ай, абайлаңыз. Жылдын аягы көп киреше алып келет.  

Тараза

Жылдын башталышында ички туюмуңуз документ көйгөйү, каржыга байланышкан кырдаалдан кантип чыгуу керектигин айтып берет. Ишенимдүү кадам көксөгөн документтерге ээ кылдыруу менен бюджетиңизди толуктай алат. Акчанын болушу эң керектүүлөрдү сатып алууга, сүйүктүүңүз менен жакшы мүнөттөрдү баштан өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Мартта жакындарыңыздын кеңеши керек болот. Апрелде жан дүйнөңүздү аңтар-теңтер кылган кабар угасыз же окуяга туш болосуз. Бул сизди өзгөрүлүүгө түртөт. Жайында инвестиция же сатып алуулар убактылуу каржылык кыйынчылыкты жаратат. Сентябрда жашоо шартты жакшыртуу жаатында ойлонуп, кайсы бир иштерди жасайсыз. Ноябрда ийгиликтер күтүлүүдө. 

Чаян                                              

Өткөн жылы умтулуп, бирок жетпей калган максатыңызга 2026-жылдын алгачкы 2 айында жетесиз. Бул жашоо, иштөө образыңызга өзгөртүү киргизет. Мартта күтүлбөгөн мүмкүнчүлүктөр чыгат, кармап калсаңыз кирешеңиз өсмөкчү. Жайында көбүрөөк акча табуу үчүн жетекчиликтен сунуштарды күтпөй, пайдалуу идеяларды көтөрүңүз. Тааныштар жаңы иш сунушташат, мүмкүн, эмгек өргүү кезинде иштеп, өзүңүздү сынап көрөсүз. Жакындар менен чечүүчү маселе сентябрда чыгат. Ушул эле ай турак-жайды алмаштыруу, башка жакка көчүүгө ылайыктуу. Октябрда пайдалуу жакшы долбоорго илешип калууга аракеттениңиз. Илешсеңиз 1-2 ай ичинде чыныгы жеңиштин даамын татасыз. 

Жаачы

Жылдын башында үй-бүлө, үй, жеке бизнеске тиешелүү маселелерди чечүүгө киришесиз. Сиздин пайдалуу демилге жакшы үзүрүн берет. Кирешелүү да болот. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлк сатуулар, сатып алуулар пайдалуу болмокчу. Жаз пайдалуу баарлашуу, кыска сапарларга бай болуп, активдүү болуп чыга келесиз. Май айында жеке мамилелердеги көйгөйлөрдү чечип алууга шарт түзүлөт. Августка деп пландалган иштер ишке ашпайт. Бирок ушул эле айда таасирдүү адам менен баарлашуу жашооңузду өзгөртүүчү окуя болуп калмакчы. Сентябрда ашыкча тааныштардан кол үзүп, катнаштарды кыскартуу жагын ойлоносуз. Октябрь жагымдуу сюрприздерди тартуулайт.  

Текечер

Аптанын башы баары ойдогудай башталат. Күтүүсүз келген кабар пландарыңызга өзгөртүү, толуктоолорду киргизиши мүмкүн. Кыска аралыкка сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Соода тармагындагылардын иши жакшы нукка түшмөкчү. Жакындарыңыздын “капризин” көтөрүп, жүрөккө жакын кабыл албоо сунушталат. Өзгөртө албаган нерсеге ашыкча нерв коротуунун кереги жок, андан көрө баарын убакытка тапшырыңыз. Ден соолукка көңүл буруңуз, таза абада көп болуу керек.

Суу куяр

Маркетинг, билим берүү, медиа, коммуникация жаатында иштегендер жыл ичинде өздөрүн көрсөтүп, киреше таба алышат. Стандарттуу эмес ойлонууну талап кылган долбоорду колго алуу киреше алып келмекчи. Жылдын алгачкы 2 айы мол акча тартуулайт. Бул керектүүлөрдү сатып алууга, жүрөгүңүзгө жакын адамдар менен жолугушууга  мүмкүндүк берет. Иштер, бизнес алдыга жылат. Июнда көрө албастар үстүңүздөн сөз кылышып, эркиңизди сынашат. Аларга убакыт коротпой өз ишиңизди кыла бериңиз. Августта айрымдар ишкерлерден кошумча кеңеш алып, жеке иштерин башташы мүмкүн. Жетекчилик менен араздашып калууга жетпеңиз. Сентябрда ишенимдүү адам чогуу иштешүүнү сунуштаса, ойлонуп көрүү керек. Кыш жагымдуу сюрприз менен башталат.

Балык

Балыктар алгачкы айды баарлашуу, жол жүрүүлөр менен өткөрүшөт. Чакыруу менен барып кызыктуу, маанилүү окуянын борборунда болосуз. Март, апрелде чөнтөгүңүз калыңдап, үйдө интерьерлерди жаңыртасыз же кыймылсыз мүлк алуу жагын ойлоносуз. Июнда ишке баш-отуңуз менен киришип, айрым жакшылыктарга катыша албай калууңуз мүмкүн. Июлда иште чогулуп калган көйгөйлөр чечилүүгө өтөт. Ашыкча сөздөрүңүз менен жетекчиликтин кыжырына тийбеңиз. Август сыноолору менен эсте кала турган болот. Башкысы өзүңүзгө деген ишенимди жоготпоңуз. Сентябрда күтүлбөгөн чыгашалар чыгат. Октябрда ден соолукка көбүрөөк кам көрүү керек. 

 

Канымжан Усупбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо