№1203
Редакциябызга аялдардын саламаттыгына тийиштүү суроолор менен окурмандар көп кайрылышат. Бул жолу аларга гинеколог Бактыгүл Абдрамановадан жооп алып бердик.
– Учурда 7,5 айлык боюмда бар, экинчи балам. Дарыгерим “жатын миомаңдын көлөмү чоң, 40 миллиметр. Өзүң төрөй албайсың, операция жолу менен төрөтөбүз” деп жатат. Миомасынын көлөмү чоңдор өздөрү төрөй алышпайбы? Мен табигый жол менен төрөсөм дедим эле.
Айкүн, 32 жашта, Ош
– Жатын миомасы 40 миллиметр болсо, албетте, чоң деп саналат. Негизи миомалар жатындын ар кайсы жеринде жайгашуусу мүмкүн, сыртында, ичинде, жатын булчуңдарынын ортосунда, жатын моюнчасында дегендей. Эгер жатын миомасы баланын төрөлүүсүнө тоскоолдук жаратса, анда кесарево жолу менен төрөгөн оң. Миомалар төрөт учурунда баланын башы менен эмес, жамбашы же буту менен келип калуусуна түрткү болот. Ушул учурларды эске алып, дарыгерлер төрөт ыкмасын сунушташат. Операция учурунда баланы алып чыгуу менен бирге миоманы да алып салган кездер көп эле учурайт.
“Кистаны алдыргандан кийин төрөсө болобу?”
– Ооруп, гинекологго текшерилсем “оң тараптагы эн безинин дермоиддүү кистасы” деген диагноз койду. Операция менен алып салуу керек экен. Бул эмне болгон оору? Алдыргандан кийин төрөсө болобу?
Элвира, 22 жашта, Бишкек
– Дермоиддүү киста (барсылдак) бул – тубаса залалсыз шишик. Кыз баланын түйүлдүк кезинде организминде эн бези пайда болуп жаткан учурда анын ичине башка дагы жаралып жаткан нерселер: кемирчек, чач, тырмак, тиш, булчуң май же нерв тканы кирип кетиши мүмкүн. Барсылдак акырындап өсөт. Өспүрүм кезде көлөмү чоңоюп калганда УЗИден билиниши мүмкүн. Өлчөмү көбүнчө 6-7 сантиметр болот, кээде 15 сантиметрге жеткендери да кездешет. Операция жолу менен алынат. Андан кийин врачтын көзөмөлүндө болуп, кеңештерин аткаруу кажет. Ошондо төрөө мүмкүнчүлүгү болот, зыяны тийбейт.
“Ымыркайдан суюктук чыгышы мүмкүнбү”
– Жаңы төрөлгөн кызымды үйгө чыгарып келгенден кийин жыныс кынынан 3 күндөй кызгылтым 5-8 тамчыдай суюктук бөлүнүп чыкты. Бул эмне болгон нерсе? Кызымда оору барбы?
Мээрим, 35 жашта, Ош
– Көп эле апалар сиздегидей көрүнүшкө туш келгенде коркуп “кан келип жатат” деп бизге алып келишет. Бул жыныстык криздин белгиси, коркпой табигый көрүнүш катары кабыл алуу керек. Эч нерсе кылуунун кереги жок, болгону акырын жууп коюу керек. Жыныстык криз – кыздын организминде гормоналдык кайра түзүлүү жүрүп жатканы. Кыз курсакта кезинде гормондор энесинен өтүп турса, туулгандан кийин гормондор канча бир өлчөмдө энесинин сүтү аркылуу берилет. Ага карабай ымыркайда ал жетишсиз болот.
“Кош бойлуумун, бирок жатында бала жок”
– Этек кирим келбей калганда тест менен текшерсем, кош бойлуу экеним билинди. Бирок УЗИге түшкөнүмдө жатында бала жок болуп чыкты. Баланын ордунда “пузырный занос” өсүп жатат дешти. Бул эмне болгон оору, рак эмеспи?
Сезим, 37 жашта, Кант
– Көбүкчөлөрдүн ширендиси (пузырный занос) дарты залалдуу эмес шишик түрүнө кирет. Түшүндүрсөк мындай: Ургаачы жумуртка клеткасын ядросунда ургаачы хромосомасы жок сперматозоид уруктандырат. Башкача айтканда, дефекти бар сперматозоид уруктандырат. Анан эркек хромосомалар ургаачы хромосомалардын ордун толуктоо үчүн көбөйүп, бөлүнүп баштайт. Бирок түйүлдүк жаралбайт да, хориондун бардык түктөрү ичине суюктук толгон көбүкчөлөргө окшоп өсө баштайт. Дарылоодо гормоналдык дарылар берилет. Вакуум-аспирация ыкмасы менен жатындын ичиндеги патологиялык нерседен аздан сордурулуп алынып, гистологиялык анализге жөнөтүлөт. Ал жактан көбүкчөлөрдүн ширендисинин жөнөкөй же ракка айланган түрүбү, аныкталат. Ракка айланган түрүндө химиялык терапия жүргүзүлөт. Жөнөкөй түрүндө вакуум-аспирация ыкмасы менен сордуруп туруп, ордун кырып тазалашат.
“Жатын түтүктөрү бүтөлсө кантип дарылайт?”
– Менин 2 балам бар. Дагы төрөп алайын десем боюмда болбой койду. Текшерилсем гинеколог “жатын түтүктөрүнүн бүтөлүшү” деген диагноз койду. Бул оору эмнеден улам пайда болот? Дарылоого болобу?
Сезимай, 30 жашта.
– Жатын түтүктөрүнүн бүтөлүшү – бир нече себептердин натыйжасында түтүктөрдүн ички бетиндеги терилердин бири-бирине жабышуусу. Жатын түтүктөрүнүн экөөсү тең, айрым учурларда бирөөсү гана бүтөлүшү мүмкүн. Эгер бирөөсү гана бүтөлсө, анда балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар. Дары-дармектер спайка жаңыдан пайда боло баштаган кезде сунушталат. Мындай дарылоо өз жыйынтыгын бербесе, анда жатын түтүктөрүнө лапароскоптун жардамы менен мини-операция жасалып, ачылат. Мында курсак тараптан бир нече көзөнөктөр аркылуу (курсак тешилет) операция жасалат. Операциядан кийин 100 пайыз кепилдик берилбейт. Анткени түтүктөр бир жолу жармашкандан кийин кичине суук өтсө же инфекция кирсе, кайра эле жармашып кала берет.
“Этек кирим келгенде эмчегим ооруйт”
– Этек кирим келерде эмчектерим салаңдап, оорлошуп, оорутат. Суук тийгенби? Эмне кылышым керек? Үйдөн дарыланууга мүмкүнбү?
Айжамал, 34 жашта, Бишкек
– Сиз жазгандай оору белгилери көптөрдө жолугат. Мындай оорутуу фиброздуу-кистоздуу мастопатиянын белгилери болушу мүмкүн. Эгер оорутуу этек кир алдында ай сайын кайталанып жана этек кир токтогондо оорутпай калса, анда гинеколог жана маммологго көрүнүү керек.
“Вагинит деген эмне оору?”
– Жакындан бери жыныс кыным ачышып, суюктук көп бөлүнүп чыга баштаган эле. Врач УЗИден текшерип көрүп “сенде вагинит бар экен” деди. Азыр дарыланып жатам. Айыккандан кийин кайра кармабайбы?
Лира, 25 жашта, Баткен
– Вагинит (кольпит деген ат менен да белгилүү) – аялзатында эң кеңири таралган оору. Дарт жыныстык кында жаралат. Ага туура эмес диета, жеке гигиенаны сактабоо, жыныс кынын өз алдынча спринцовкалай берүү, бойго бүтүрбөөчү спиралды салдыруу, жыныс мүчөнү жууп-күтүүгө арналган гелдерди ашыкча колдонуу жеткизет. А витамининин жетишсиздиги, калкан жана уйку безинин оорулары (гормондор өзгөрөт), иммунитеттин төмөндөшү, антибиотиктерди баш аламан ичүү (антибиотиктен пайдалуу бактериялар да өлүп калуусу мүмкүн) оорунун күчөп кетишин шарттайт.
Вагинит башталганда эле дарыласа оңой. Эгер айыктырбаса микробдор жатынга, жатын түтүкчөлөрүнө (бүтөлүп калат), жатын моюнчасына чейин өтүп кетет да, аял кийин төрөбөй калышы мүмкүн. Эрозия, эндометрит оорулары да жаралат. Жатындан тышкары бойго бүтүп калуу да күтүлөт.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |