Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

№1203

(Башы өткөн сандарда)

Ал артымдан ээрчип жүрчү. Мен аны караган эмесмин. Экинчи келбе деп кууп жибергем. Кетти айылына,- дедим көзүмдөн жашым токтобой.

– Мм... Ошондой де. Мындан ары жаныңдан бир эркекти көрсөм, союп салам,- деп бетимди кармап мыжыгып, заарын чачыратты. Бул биринчи жолу эмес, далай эле болду. Бирок эртеси баарын унутуп калат да, өзү шыйпаңдап баштайт. Эртеси таңда ошол нерсе кайталанды. Кийинип алып чыгып кетип бара жатып, кайра кайрылып келип, төшөктө жаткан мага кайрылып:

– Кечээ аша чаап кеттим окшойт. Кечирчи. Сенин сулуулугуңду башкаларга ыраа көрбөөрүмдү билесиң го,- дегенде унчукпай артымды карап жатып алдым. Оор үшкүрүнүп:

– Картаны таштадым. Өзүңө бир баалуу нерсе алып ал... Ме, ал, ак көңүлдүгүм кармап жатканда,- деп мени түрткүлөдү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып картаны сунган колунан жулуп алдым. Ал ордунан жылып, үйдөн чыгып кетти. Ал кетери менен ордумдан туруп, кийинип алып салонго бардым. Зериктим. Картадагы акчаны эмнеге коротсом деп ойлодум. Машинамды алмаштырып алайын десем, аша чаап жиберем. Кийим алайын десем, азыр гардеробум толуп жатат. Ойлонуп отуруп, Айсанга чалдым. Билгендей чалыптырмын, ал дүкөн кыдырганы көчөгө  чыгып жаткан экен. Мени дагы кошуп ал десем, макул болду. Бир топ убакыттан соң жолуктук. Алгач түштөнүп алалы деп ашканага кирдик. Кафе же чайхана эмес, эң жөнөкөй ашкана... Айсан алып кирди. Акчаны өзүнөн да ушунча аяйбы деп мурчуйдум.

– Таарынба, ээ? Болгону мен өзүм жалгыз дүкөн кыдырганды жакшы көрөм. Анан... Сен чалып калганыңдан кошуп алдым. Бул жерге тез-тез келип турам. Студент кезде ушул жерден чыкчу эмесмин. Тамагы абдан даамдуу,- деди тамшана. Мен жылмайып гана тим болдум.

–  Аяшым келсин, тааныштырам. Ал азыр чет өлкөдө болуп жатпайбы?- деп күлдү.

– Мен деле эркекке зар эмесмин. Күтүп турабыз,- деп койдум. Анан Айсанга суроо узаттым.

– Бекзат экөөңөр кантип таанышып калдыңар эле?

– Айткан эмеспи? Узак окуя да... Кичинекей кезибизде больницада чогуу дарыланчубуз.

– Больницада? Ооруйбу Бека?

– Жок. Азыр жакшы. Кичинекей кезинде жүрөгүн дарылатып жүрүштү ата-энеси. Айыгып кеткен. Азыр жакшы. Ошондо экөөбүз жакын жайгашкан палаталарда жатчубуз. Мен кыздар менен жатчумун. А Бека өзү жалгыз VIP палатада жатчу. Зериккенде жылыткычты кашык менен ургулап коёт эле. Бизге угулат да. Анан мен да жооп кайтарып, жылыткычты ургулап коём. Ошентип жүрүп тааныш болдук.

– Түшүнгөн жокмун. Экөөңөр ошондон бери жүрөсүңөрбү?

– Жок. Андан кийин Беканы ооруканадан чыгарып кетишти. Мен калгам. Чоңоюп, бой тартып калганда жолугуп калдык. Мен сүрөт тартам го? Анан аянтка алып барып картиналарымды коюп жатсам, Бека мени таанып, учурашып калды. Ошону менен тааныш болуп жүрүп, анан үйлөндүк.

– Мага кызык да. Сүрөт тартсаң, ата-энеңе айтып, тааныштарыңа айтсаң деле алат эле да картиналарды. Аянтка алып чыгып кыйналбай.

– Кайдан? Менин ата-энем жөнөкөй  мугалимдер. Кайдагы бай таанышы болсун,- дегенде бул сөздөрү мени ого бетер түшүнүксүз ойлорго салды.

– Сени бажы кызматкеринин кызы деп уккам. Адашып алсам керек...- деп күлдүм.

– Чынында адашкан жоксуң, бирок алмаштырып алыпсың. Сен Бекзаттын биринчи аялы жөнүндө айтып жатасың.

– Биринчи аялы? Мен уккан эмесмин.

– Бекзаттын биринчи аялы чынында эле бажы кызматкеринин кызы болчу экен. Бирок экөө бир айдан кийин эле ажырашып кетиптир. Мени ойлоп жатсаң керек, ээ, тартып алды деп, балким?

– Жо-ок. Сен андай кыздарга окшобойсуң.

– Ооба. Мен андай арам нерседен корком. Түз жүргөнгө аракет кылам. Бека экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болот жакында. Сүйүшүп жүрүп эле баш коштук,- дегенде гана баарын түшүнүп, ойго баттым. Хм. Карачы? Канча нерсени өткөрүп жибериптирмин го. Азыр отурам үйдө. Күндөлүгүм, сенин барактарыңды толтуруп. Кызыктын баарын сага жазып. Айсан экөөбүз дагы жолугуп турабыз деп сүйлөштүк. Ошону айтам да... Ал байдын кызы үчүн аябай жөнөкөй эле. Аябай эле...

 

30.05 ХХХХ. Алтын, чечек... Келди кечээ түнү. Адамдын жүрөгүн түшүрүп. “Эмнеге келдиң?” десем, "сагындым" дейт. Үйгө киргиздим. Анын абалын көрүп, боорум ачып кетти. Баарын айтып берди. Баарын уккан соң “жиндисиңби?!” деп кыйкырдым. Алтындын бүгүн тою болуп, жаштар “гулянкада” жүргөндө “азыр келем” деген бойдон жылт коюп, Бишкекти көздөй келе бериптир.

– Алтынбек, эмне жаш бала болдуң анча? Кыз эмне болот? Байкуш ыйлагандыр...

– Ыйласа керек. Өзүм дагы эмне кылып жибергениме ишене албай турам. Мен ал кыз менен жашай албасымды сездим бүгүн. Кеч боло электе кетип калайын дедим.

– Сен кетип калган жоксуң. Сен качып кеттиң, Алтын!

– Мени менен кетчи. Азыр алып кетейин. Суранам,- деп чөгөлөп жиберди. Тур десем да болбойт. Ичип алыптыр. Кызга да боорум ооруду. Кандай абалда калды болду экен байкуш. Алтынды ичтен аяп, аны түшүнүп турсам да катуу айтып, кууп чыгайын дедим. Аргасы барбы? Кайра үйүнө барат да. Байкушумду аябай жакшы түшүнүп турдум. Бир кезде мен дагы Мансурду ушунчалык катуу сүйгөм. Сүйгөн адамыңдын алдында өзүңдү жоготуп, баарына даяр болуп каларыңды да жакшы билем.

– Тур өйдө, Алтын! Эшикке чыгып кет. Экинчи келбе!

– Антпечи. Мен сени сүйөм...- деп жалбарып жатканына карабай, аны түртүп ордунан тургузуп, сүйрөп барып эшикке чыгарып, эшикти жаап алдым. Түнү менен ар бир кабатты жаңырта ырдап чыкты. Айттым беле? Бул жакшы ырдайт да. Кошуналар келбесе экен ажылдап деп санаага батып турдум. Бирок аларга жакты бейм. Эч ким тынчымды алган жок. Анын ырдап жаткан ырынын ар бир сабы жүрөккө жетип жатты. “Сагынычка багынып, кыйналып, калдым сызга малыныы-ы-ы-ып...” Жүрөктү эзип жатты. Өзүмдү араң кармап отурдум эшиктин түбүндө. Уктап кетиптирмин ошол жерде. Таң атты. Тынчып калганынан эшикти акырын ачсам, эшик телефонго такалды. Алтындын телефону. Алсам, диктофонго үн жаздырып кетиптир. Өзү жок.  Орду эчак эле сууп калыптыр.

 

17.06. ХХХХ. Ысык-Көлдүн керемет жээгинде эжем, Жантай жана кызым менен отурдум. Ооба, үй-бүлөм менен десем жаңылышпайм. Кызым менен Жантай кумдан ар нерсе жасап, ойноп отурушту. Эжем экөөбүз көпкө баарлаштык.

– Эми эмне кылган жатасың?

– Билбейм, эжеке. Менин жашоом туңгуюк.

– Баары менен мамилеңди үзүп, кызыңдын жанында тынч жашоо баштабайсыңбы? Данек чоңоюп бара жатат. Кечээ менин помадамды алып, боёнуп жаткан жеринен кармап калдым. Чоңойгону ушул да. Турган турпаты сен, барган сайын өтө окшошуп бара жатат. Өзгөчө көздөрүн айт. Ыраматылык апамдын сулуу жүзүн бир сен эле тарттың, сиңдим, калганыбыз атабызга окшошпуз. Данек да сулуу кыз болот... Бирок мүнөзү башкача. Атасына окшош.

– Атасына окшошпу?

– Калп айтканды билбейт. Жантай кээде алдап коёт да, а кызың баарын айтып салат. Ак көңүл. Боорукер. Акылдуу. Ии, баса, анан... Баягыда мотоцикл айдаган бир байке бар, кошунабыз. Ошонун үйүнө барып, "мага да үйрөтүңүзчү" деп чекчеңдептир,- деп күлүп жибергенде менин дагы жүзүмө жылмаюу келди.

– Ошон үчүн кызыңдын чоңойгонун өткөрүп жибербе. Анын таттуу балалыгын көрүшүң керек. Ташта баарын, Эрнистти, башкасын да. Адилетке жолобо. Үй-бүлөсүн буза көрбө. Сени түшүнгөн жөнөкөй адам чыкса, турмушка чык. Сен дагы элдердей болуп толук кандуу жашачы, сиңдим. 

 

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо