Эрулан Көкүлов, Жогорку Кеңештин депутаты: “ЖАШООДО КӨП ДЕЛЕ ЖАКШЫ АДАМ ЭМЕСМИН”

№1203

Талкуудан түшпөгөн депутаттардын бири. Анын парламенттеги жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү дайым коомчулуктун көңүлүн бурат. Албетте, колдогондор да, жактырбагандар да бар.

 

– Эрулан мырза, парламентте 5 депутаттык топ түзүлдү, сиз эч бирине кирген жоксуз. Себеби эмнеде?

– Азырынча жалгыз ишмердүүлүк жүргүзүүнү чечтим. Эми буга көп факторлор таасир этти, көп нерсени түшүндүм. Кээ бир кесиптештерим “балык” болушат. Добушту акчага сатып алып парламентке келгендердин тили өзүнөн өзү эле кыскарат экен. Акты ак, караны кара деп айтуу үчүн да депутаттык топторго кирген жокмун.

– Экинчи жолу депутат болуп шайланып келдиңиз. Биринчи шайлоо менен экинчинин айырмасы болдубу?

– Биз буга чейин Жогорку Кеңешке байлардын, чиновниктердин же алардын балдарынын депутат болоруна күбө болуп келе жатканбыз. Менин кайра шайланып келишим – башка да жол бар экенинин далили. Акчам, байланышым, коргогон эч кимим жок жеңишке жеттим. Биринчи жолу “Ынтымак” партиясы менен шайланганымда “бул жигит хайптын аркасынан өтүп кетти” дешкен. Экинчисинде мени жаман көргөндөр “бул эми өтпөйт” дешкен. Өттүм. Келечек муунга айтарым: мына мен  азыр парламентте отурсам, менин ордумда силер да отура аласыңар. Эч кандай добуш сатып албай, миллиондорду коротпой эле элге кызмат кылсаңар, силерди колдоп берет. Бул жолу бир баннер илбей эле депутат болдум, айырмасы ушул. 

– Мурунку чакырылышта кандай иштерди кылдыңыз, бул жолу эмнелерди пландап жатасыз?

– Ушул суроодон качат элем, анткени жүрөктү кысып жиберет. Мага ата-энем “эч качан мактанба, ашыкча сүйлөбө” деп тарбия берген. Ошого көнгөндүктөн ушул суроодон аябай кыйналып кетчүмүн. Бирок сизге жооп берейин. Мисалы, мурунку чакырылышта эң көп жарандарды кабыл алган депутат мен болдум, менин иш бөлмөмө эң көп кат келчү. Иш бөлмөмдө кезек күткөндөр толуп калат. Андан тышкары бул жагы Баткенден баштап, тиги жагы Ысык-Көлгө чейин эл менен жолугушуп турам. Мыйзам долбоорлорун жазуу жагы бар. Анан парламентте отуруп алып сүйлөшүп эмес, “урушуу” керек болот ачыгын айтсам. Анткени менин оюма дал келбеген көп нерселер бар. Иштин көптүгүнөн ата-энемди айлап көрбөй калам. Мындан ары да ушул эле өңүттө ишти улантам.

– Көпчүлүккө “Не сахар” долбоору менен белгилүү болдуңуз эле. Сапатсыз азык-түлүк, талапка жооп бербеген жайлар жаатында мыйзам жазбадыңызбы?

– Адатта бул суроону мени жакалагысы келгендер беришет. “Эмне кылдың?” дешет. Ал долбоорду баштаганда эле  мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр бажыканадан өтөрүн билчүмүн. Эмнеге андан баштаган жокмун? Эмнеге кичине дүкөндөрдөн баштадым? Бирок бул жерде систем бекем курулган, кичинеден баштап барып чоңго өтүү стратегиясы болчу. Мен дароо эле бажыкананы басып киргенимде эмне болмок? Эми бул жагын түшүндүңүз. Ошондуктан баары майдадан башталып, акырындап барып түзөлөт. Албетте, мыйзам долбоорун жаздык. Ачыгын айтсам, биринчи мыйзам долбоору болгон үчүн мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Катачылыктар болсо “тепкилебегиле”.

– 8-чакырылыш мурункулардан күчтүү болот деп айта аласызбы?

– Парламент өзгөрүшү үчүн аны шайлаган эл өзгөрүшү керек. Кимди шайласаңар, кандай шайласаңар, ошолор эле келишет. Акчага сатылган эл болсо, ошондой эле эл өкүлү келет. Конкреттүү түрдө жооп ушул. Мисалы, мен акча коротпой келдим, жаңыча шайлоо үгүт болорун көрсөтүп бердим. Мага 12 000 адам добушун  берди, булар келечегин ойлогон, балдарын ойлогон аң-сезимдүү адамдар. Анткени акчага добушун сатышкан жок.

– Эл өкүлү деген кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Эң биринчиси – акыйкат жол менен келиши керек. Азыр бийликти мактайм, анан кайра “тепкилеп” кетпегиле. Мурун “административдик ресурс иштеп жатпайбы, бизди кыйнады, антти, минтти” дешчү. Бул жолу бийлик тараптан эч бир кийлигишүү болгонун уккан жокмун, билген да жокмун.

– Эми жеке жашооңузга байланышкан талкууга келсек. Мындан үч жыл мурунку маегиңизде эки балаңыз бар экенин, жубайыңыз менен ажырашып кеткениңизди айткансыз. Кайра үйлөнүп, жакында уулдуу болгонуңуз айтылууда. Куттуктай берсек болобу? 

– Менин жеке жашоом талкууга жабык. Анткени ал менин эле эмес, жакын адамдарымдын дагы жашоосу да. Мен айткым келсе да, алар каалабашы мүмкүн. Эми бул мени көрө албай, эмне кыларын билбей калгандардын иши. Эмне деген гана сөз чыгарышкан жок. Бири “миллионер” десе, экинчиси “жетим” дешти. Жыргап отуруп алып, жеке жашоомдо эмне болуп жатса баарын айтып берчү адам эмесмин. Анткени жашоом абдан эле кооптуу. Ошол кооптуу жашоомдо жакындарымды коргошум керек, коомчулукка чыгарбаганым туура. Ал эми менин жеке жашоомду коомдун талкуусуна койгон адамдар жоопко тартылышат. Мен ушундай адаммын, акыры кандай болбосун, эмне болбосун жоопко тарттырам.

– Интервьюда бир нече жолу “мен жаман адаммын” деп кайталадыңыз. Менимче, бул адамдын өзүнө берген эң кызык мүнөздөмөсү... 

– Кимдир бирөөгө ушундай курмандык керек болуп жатса, ошол жаман адам мен болуп бергенге даярмын. Ооба, начармын, этика жок, сүйлөгөндү деле билбейм, урушуп эле басып жүрөм. Ким ушул картинаны каалап жатса, алгыла. Мен ошондоймун!

– Кызуу кандуу экениңизди өзүңүз билесиз да, ээ? 

– Бат деле жиним келбейт, бирок жүгүм көп экенин билем. Жогоруда санап кеткен жумуштарымды жөн айткан жокмун. Элге бул оңой эле угулушу мүмкүн, бирок жоопкерчилик оор нерсе. Мени толук түшүнүү үчүн мен болушуңар керек, ошондо түшүнөсүңөр. Кээде чачым жуулбай калган учурларды да комментарийге жазып кетип жатышпайбы. Менде чач жууганга убакыт болбой калат. Жакындарым бар, аларды карашым керек. Унаам бар, ал бузулат, кээде өзүм “бузулуп” калам. Эл катары ооруп калам, айыгам дегендей... Кээде чарчаганда кадимки эле суроо берилсе деле ойлонуп туруп калам. Жооп берүү кыйын болуп калат. Мээм аябай чарчайт.

– Депрессияга жакын окшойсуз?

– Депрессиябы (күлүп)? Башкалар, балким, ээн-эркин киришет, мен депрессияга кире албайм. Андай мүмкүнчүлүгүм да жок. Ойлонуп, кейип отурганга убакыт жок. Менде көп иш, чоң жүк, жоопкерчилик бар. Арада ар кандай интригалар чыгат. Ошол нерселер менен кир жууган машиненин ичинде айлангандай айлана бересиң.

– Негизи сизди тынчтандырган бир нерсе барбы? Кантип тынч аласыз?

- Чарчап калганда үйдөн эки күн чыкпай эс алам. Ошондо тынчтанып калам. 

- Сизге ийгилик! Элдин ишеничин актаган депутат болуңуз.

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо