Эля Бегалиева, ырчы: “ЖҮРӨГҮМДҮН ЭЭСИНЕ ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ”

№1203

Каарманыбыз – эстрада ырчысы Эля Бегалиева. Азыркы учурда ырчылык жумушу менен бирге музыкалык билим алууну улантып жатканын айтат. Ал эми жеке жашоосу тууралуу “мени түшүнгөн адам менен үй-бүлө куруп, карылыкты бирге тосууну каалайм” деди.

 

– Эля айым, кандайсыз? Ырчылардын табити ар кандай эмеспи, сиз ыр тандоодо кандай критерийлерге таянасыз?

– Жакшы, рахмат! Ыр тандоодо жан дүйнөгө жаккан обону жана маанилүү сөзү таасир берет. Айрым сезимдерди сөз менен айтып берүү кыйын, аны музыка гана жеткире алат. Кээде музыка адамдын жан дүйнөсүнүн абалын сезим аркылуу айтып берет. Анткени ырчылардын гана эмес, ар бир адамдын табити жана музыкага болгон мамилеси ар башка.

– Акыркы убакта сиздин чыгармачылыкты активдүү өнүгүп жатат деп айтсак болобу?

– Аракет кылып келе жатам. Күйөрмандарымдын колдоосу мага чоң күч берет. Кээде чарчаган учурлар болсо да, угармандардын үмүтүн актоо үчүн алдыга умтулууну улантам.

– Ырчы катары сизди колдогон айымдар көп экени байкалат...

– Туура. Мени колдогон айымдар көбүрөөк. Буга жеке жашоомду ачык айтып чыкканым себептир. Балким, жөн гана айым болгонум үчүн. Кандай болсо да айымдар мага күч берет. Социалдык тармактагы баракчама жалаң аялзаты катталган. Алардын жүрөгүнөн орун алганыма кубанам, бул сыймык.

– Сахнанын табияты кандай таасирин тийгизди? Сизди күчтүү кылдыбы же өзгөрткөн жокпу?

– Албетте, сахна мени күчтүү кылды. Анткени сахнага ырдап чыгуу — чоң эрдик. Сахна мага уялчаактыгымды жеңүүгө жардам берди. Сахнада болгондо өзүмдү күчтүү да, бактылуу да сезем. Үч мүнөттүк эле ырды ырдап жатканымда жүрөгүмдү эң сонун сезимдер каптап, чыныгы бакытка бөлөнөм.

– Күйөрмандарыңызга айта албай жүргөн, бирок айткыңыз келген сөздөрүңүз барбы?

– Ооба, бар. Сиздердин колдооңуздарды дайыма сезем дегим келет. Ар бир жакшы сөзүңүздөр, үмүт, ишенимиңиздер мага күч берет. Жанымда эмес болсоңуздар да, жүрөгүмдөсүздөр. Баарыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

– Сахнадагы образыңызга өзүңүздүн көз карашыңыз, бааңыз кандай?

– Азырынча сахнадагы образымды издеп жүрөм десем болот. Бир эле образга байлануу туура эмес. Албетте, элге таанылуу үчүн образ керек, бирок азыр заман өзгөрүп жатат, ошондуктан биз дагы заман менен бирге өзгөрүп, өнүгүп турушубуз керек.

– Күйөрмандарыңыз алдыда сизден кандай жаңылыктарды, чыгармачыл кадамдарды күтүшсө болот?

– Угармандарга үнүмдү, талантымды  тартуулоо – негизги максатым. Азырынча бардык пландарды ачык айтууга эрте. Кыялым – 2026-жылы жеке концерт берүү. Бул мен үчүн жөн гана иш-чара эмес, чыгармачылык жолумдагы маанилүү кадам болот. Ошондо жан дүйнөм бакытка толот болуш керек.

Жүрөгүңүздө дагы кандай кыялдар, ой-тилектер жашайт?

– Кичине кезимде эле ырчы болууну кыялданчумун. Сахнага чыгып, колума гүл алып, элдин кол чабуусун угуу мен үчүн эң чоң бакыттай сезилчү. Концерт берип, ыр аркылуу адамдарга кубаныч тартуулоону самачумун. Убакыт өткөн сайын кыялдарым да өзгөрүп, жашоонун маңызы тереңдей баштады. Жашоодо жүрөгүмдүн ээсине жолугуп, кол кармашып бирге бактылуу өмүр сүргүм келет. Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, кубанычты да, сыйды да чогуу бөлүшүүнү каалайм. Эң чоң тилегим – жакшы көргөн адамым менен ынтымактуу, бактылуу үй-бүлө куруп, карылыкты бирге тосуу.

– Гүл алуу деп калдыңыз. Белекке берилген кайсы гүл эсиңизде калган?

– 30 жашка толгондогу туулган күнүм өзгөчө эсимде калган. Аны кафеде белгилеп, келген коноктордун дээрлик 90 пайызы роза гүлүн алып келишкен. Ошол күндөгү гүлдөрдүн жыты, түсү жана маанайы бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпейт.

– Эгер бүгүн бала курактагы Эляга бир кеңеш берсеңиз, ал кандай кеңеш болмок?

– Таасирдүү суроо экен. Жашоодо кандай гана кыйынчылык болбосун, ар бир сыноонун артында сөзсүз жакшылык турат. Кыйынчылыктар адамды күчтүү кылып, туура жолду табууга жардам берет. Ар дайым позитив менен жаша деп кеңеш бермекмин.

– Акыркы жолу качан жана эмнеден улам өзүңүздү бактылуу сездиңиз?

– Мени чын жүрөктөн бактылуу кылган акыркы учур – өзүмө кайра кайтып, жолумду тапканым болду. Өзүмдү кайра таап, ички дүйнөмдү түшүнгөнүм чоң бакыт. Жараткан менен болгон байланышым, руханий байлыгым мен үчүн өзгөчө маанилүү. Аял үчүн эң чоң бакыт  ички гармонияда. Өзүн сүйүп, сыйлоо, жашоого кубанып жашоо аялдын чыныгы бактысы. Аялдын бактысы башкаларда эмес, биринчи кезекте өзүн сүйүүдө жана тынчтыкта.

– Сиздин эң чоң таянычыңыз, тирегиңиз ким экенин айтсаңыз?

– Апам. Ал мага эч качан катуу сын айткан эмес. Ар дайым колдоп келет. Мен туура эмес кадам жасасам да, апам туура жолду көрсөтүп, керек болсо урушуп, анан сүйүү менен багыт көрсөтөт. Апам менин эң чоң колдоочум жана тирегим. Ал менин ар бир чечимиме макул болот. Катуу сын такпайт жана ар дайым ишенет. Бул мага күч, өзүмдү ишенимдүү сезүүгө жардам берет.

– Өзүңүз эне катары эмнелерге көңүл бурасыз?

– Эне катары балдарымдын эркиндигине көп көңүл бурам. Ашыкча тыюу салбайм, аларды көп угам, ой жүгүртүүсүнө жана билимине маани берем. Балдарымдын өзүн өнүктүрүүсүнө жана туура жолду табышына жардам бергим келет.

– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Тун уулум Ариет, учурда 10 жашта. Мүнөзү токтоо, ак көңүл, чынчыл. Ал мени же атасын бири-бирибизден бөлбөй, бирдей сүйөт. Экинчи балам Бекбол, үйдүн эркеси. Мээримдүү жан. Балдарымды дайым мактап турам. Аларга тарбия берип жатып, биринчи өзүмдү тарбиялайм. Себеби балдар сөздү эмес, ата-энесинин жүрүм-турумун үлгү тутушат. Өзүбүздү тарбиялоо аркылуу гана аларга жакшы үлгү көрсөтө алабыз. Күнүгө кучакташып, “мен силерди жакшы көрөм” деп айтып турам. Мээримге, сүйүүгө бөлөнүп өскөн бала сөзсүз бактылуу болот.

– Кайсы күндү эч качан унутпайсыз?

– Балдарым төрөлгөн күндү. Эне болгондо жоопкерчилик эмне экенин сездим. Эне болгондогу сезимди эч нерсе менен салыштыруу мүмкүн эмес тура.

 

Мээрим Дербишалыева

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо