№1203
Бул жолу биздин “Рулдагы жылдыз” рубрикабыздын коногу – белгилүү ырчы, тамада Эмил Балтагулов. Буга чейин далай автоунаа алмаштырган ырчы мырза учурда япондордун Subaru үлгүсүндөгү темир тулпарын минип жүрөт. Бул унаанын артыкчылыгы эмнеде?
Үлгүсү – Subaru Outback
Чыгарылган жылы – 2018
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2500 сантиметр куб
Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 240 чакырым
Баасы – 18 000 доллар
– Эмил мырза, бүгүнкүгө чейин бир топ автоунаа алмаштырдыңыз болуш керек. Бул ак тулпарыңыз канчанчысы?
– Бул менин 16-унаам. Ыңгайлуулугу, клиренсинин бийиктиги, жүк көп баткандыгы, ак түсү жана комплектациясы менен жаккан. Америка кошмо штаттарынан алынып келери менен сатып алгам. Кыргызстанда биринчи ээсимин. Айылга, андан тышкары тойго чакыруулар менен ар кайсы аймакка барууга туура келет. Ошого алды тийбегени, таштак жолдордо жүрө алганы керек болот. Ошолоруна да карап алгам. Негизи биз заводдон жаңы чыккан машиналарды сатып ала албайбыз. Ошентсе да биринчи кезекте жакшы жүрөбү, сүзүлбөгөнбү, ошонусуна көңүл бурам.
– Айдаганды канча жашыңызда, кимден үйрөнгөнсүз?
– 2006-жылы автомектептен окугам. Анын үстүнө менде техникага жакындык барбы, айтор, өз алдымча рулга отурганда шыр эле айдап кеткем. Тормоз-газды алмаштырып жаңылган учур деле болгон эмес.
– Азыркы учурда сизди мыкты айдоочу десек жарашабы?
– Чынында көбүнчө шашып жүрөм. Тойго, иш-чараларга шашканда эреже бузам, бирок тобокел кылбай, этияттык менен. Башка унаа жок болсо гана кызылдан өтүшүм мүмкүн.
Мурунку унааларымды да ар кандай кырдаалда, ар кандай жолдо айдадым. Өлкөбүздүн бүт аймактарына гастролдоп баргам. Эң татаал болгон Алайкуунун жолдорун да бир канча ирет басып өткөм. Унаанын радиатор, колодкасын алмаштыра алам. Жыйынтыктап айтканда, жакшы эле айдоочу окшойм.
– Албетте, Кудай кырсыктан алыс кылсын. Ошентсе да жол деген жол, рулда баратып жол кырсыгына учураган учурлар болгонбу?
– Унаа менен сүзүшүп калуудан Кудай сактасын. Бирок алдымдан чыга калган 1 жөжө, 3 итти, анан бир айдоочу туура эмес айдап авариялык абал жаратканда тосмо темирди сүзүп алгам. Мени болсо 3 унаа сүзгөн. Анда ээлери эркекче сүйлөшүп, бүтүрүшкөн. Алыс жолдо жылкы чуркап чыга калып, унаамды капталынан келип сүзгөн да учур болгон.
– Сиздин оюңузча, унаа статустан кабар береби?
– Статустан кабар берерине маани берчү эмесмин. Бир жолу бирөөлөрдүн “Эмил дагы деле Степ минет экен” дешкенин өз кулагым менен угуп калып, дароо lexus 470 сатып алгам. Азыр болсо чоң автоунааларга кызыгуум жоголду. Орточо унааларда (кроссовер) жүргөндү жакшы көрөм.
– Унаа айдап узак жолго чыкканда кандай ырларды угасыз? Унаага байланышкан ырым-жырым колдоносузбу?
– Узак жолдо көбүнчө Бек Борбиев менен Сыймык Бейшекеевдин, анан төкмө акындардын ырларын угам. Ырым-жырым такыр колдонбойм. Анын ордуна дайым сапар дубасын айтам, балдарыма да жаттатып койгом. Унаамда тамадага керек буюмдарым, костюмдарым жүрөт. Азыр бир курулуш компаниясында иштеп жатканым үчүн дайым каска да жүрүп калды.
– Унааңызды келинчегиңиз да айдап калабы?
– Гүлгүнай Хонда Фит унаабызды айдап калчу, башкасына тийбеди.
– Болочок кыялыңыздагы унаа?
– Буюрса, 2026-жылы Subaru Ascent алсам деп пландап турам.
– Жол инспекторлорунун "тузагына" түшүп жатасызбы? Шашканда ылдамдыкты канчага чейин чыгарасыз?
– МАИге түшкөн учурлар болуп турат. Талантымды сыйлап айып пулду жеңилдетип да турушат деп коёюнбу?.. Шашканда ылдамдыкты 120-140ка чыгарып жиберген учурларым болуп калат.
– "Жол азабы – көр азабы” деген сөз бар. Алыс жолдо унааңыз бузулуп калган учур болобу?
– Болгон. Гастролдоп жүрүп Митсубиси Делика деген унаам бузулуп, бир жума кыйналгам. Жакшылап оңдотуп бүткөндө гана санаам тынчыган.
– Негизи, сизге кандай темир тулпарлар жагат?
– Кроссоверлер жагат. Аларды шаарга да, талаа-түзгө да айдасаң болот.
– Унаа көлөмүнө жараша май ичет. Күнүнө бензинге канча акча коротосуз?
– Ар кандай. Ишимдин аз же көптүгүнө, барар жеримдин алыс, жакынына карап дегендей. 1 күндө 100 сомдон 3000 сомго чейин коротом.
– Унааңыздын ичинде эч качан эмнелер болушу мүмкүн эмес?
– Тамеки, арак. Буларды эч жолотпойм.
– Рулдагы айымдарга көз карашыңыз...
– Түз эле көз караштамын. Эрежелерди жакшы билсе айдай беришсин. Башка өлкөлөрдүн айымдарынан биздикилердин эмнеси кем? Бирок айым болгондон кийин бир аз абайлап айдашат эмеспи. Жай айдап алдыңа түшүп алып жүдөтүшөт.
Ошондуктан кээде жолдо ыңгайсыздык жараткан учурлар болот. Андайда эптеп андан ашып өтүп, айым экенин көрүп, анан түшүнөсүң.
– Кичине кезиңизде "мындай унаа айдасам" деген кыял болгонбу?
– Кичине кезимде негедир автобус, КамАЗ айдагым келчү. Сыягы чоңдугуна кызыкчу окшойм. Өткөндө инимдин оор жүк ташуучу машинасын (фура) айдап көрдүм. Көлөмү, салмагына жараша жоопкерчилиги да чоң экен.
– Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар көп деп айтылып жүрөт. Ошол нерсе жолдо жүргөндө байкалабы сизге?
– Аябай эле байкалат. Эрежелерди бузуп айдап жиниңе тийишет. Көптөрдү “нерв” кылышат. Жол кырсыктарын да жаратышат. Жалгыз жүргөндө ал нерседен көп коркпойм. Үй-бүлөм, балдарым менен жүргөндө капталдан чыгып кысып же алдыма келип токтой калышканда өтө сак боло түшөм. Себеби үй-бүлөң үчүн коркот экенсиң. Ошондуктан бардык айдоочуларды мыйзам бузбоого, эрежелерди сактоого чакырам.
– Тааныштарыңыз бир жакка айдап барып келейин десе, унааңызды бересизби?
– Кечээ эле Муктар досум Чоң-Алайга айдап барып келди. Ар кимге эле бере бербейм. Унааны өзүмдөй карап, айдаган, ишенген досума гана беришим мүмкүн.
– Унааңызды дайыма ушундай таза алып жүрөсүзбү же бүгүн сүрөткө түшүү үчүн атайын жуудурдуңузбу?
– Таза жүрсөң өзүңө жакшы да. Гүлгүнай үйдү кандай таза кармаарын көрүп кеткенсиздер. Кимден сурасаңыздар деле унаамдын дайыма таза жүрөрүн айтышат.
– Маегиңизге рахмат! Жолуңуз ар дайым шыдыр болсун!
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |