№1204
КОЙ
(21.03–20.04)
Кой жылдызы алдында төрөлгөндөрдү бул апта көп жумуш күтөт. Санааркабаңыз, бардык жумушту аткарганга сизде күч да, энергия да жетиштүү. Керекпи катылып жаткан талантыңызды көрсөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачсаңыз жарашат. Финансы жаатында акчаны бир топ үнөмдөгөнгө туура келет, болбосо карыз сурап каласыз. Жеке жашоодо түгөйүңүзгө оюңуздагы нерсени ачык айтпоо сунушталат, болбосо пикир келишпестик жаралышы ыктымал.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Бул аптада эч бир конфликтке аралашпаганга аракет кылыңыз, иш мушташка чейин жетип, укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен бүтүшү мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында күтүүсүз акча колуңузга тийиши ыктымал. Жашооңузга спорт аралаштырып, ден соолукка көңүл бурууга убакыт келди. Жеке жашоодо өжөрлүк, көк беттик сапаттарды алдыңкы планга чыгаруунун кереги жок. Анын ордуна ийилчээк, жумшак жана түшүнүктүү болсоңуз үй-бүлөңүздө гармония орун алат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Аптанын башында бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүдөн сак болуңуз, сүйлөшсөңүз да эч кандай иш алып барбаңыз, жеке маалыматтар менен бөлүшпөңүз, алдамчылардын тузагына түшүү коркунучу бар. Жакындарыңыздын бири сизди таң калтырган сыры менен бөлүшүүсү мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында моюнуңузга жүктөлгөн тапшырмаларды аткарып бүткөнгө аракет кылыңыз, болбосо жетекчи тарабынан жеме угасыз. Дем алыш күндөрү тынч атмосферада өтмөкчү.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Сизге туура эмес маалымат берип, көзүңүздү бурмалоого аракет кылгандар болот. Бул апта олуттуу чечим чыгарбаганга аракет кылыңыз. Жумушта бир убакта бир нече иш менен алек болгонго, тызылдап чуркаганга туура келет. Бойдоктор жаңы адамдарга, жаңы таанышууларга, кездешүүлөргө ачык болгону жакшы. Бейшемби күнү карыз сурагандарга “жок” деген жооп айтыңыз, каржылык ийгилигиңизден кол жууп калышыңыз ыктымал. Жеке жашоодо кызганычка жол бербеңиз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Айдоочулар жолдо жүрүү эрежелерин сактабаса олчойгон айып пул төлөөгө туура келет. Бул аптада суукка урунуп сасык тумоолоп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Андыктан өзгөрмөлүү аба ырайында жылуу кийинип жүрүү сунушталат. Бейшемби, жума күндөрү жагымдуу романтикалык кеч орун алышы мүмкүн. Билим жана чыгармачылык жаатында эмгектенгендерди аптанын соңку күндөрү каржылык пайда күтөт. Дем алыш күндөрү лидерлик позицияңызды түгөйүңүзгө өткөрүп берсеңиз жарашат.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Жумуштагы оор кырдаалдарды чечүүдө майда-чүйдө деталдарга көңүл бурсаңыз, маселенин түйүнүн чече аласыз. Аптада баары жай ыргакта өтүп жаткандай сезилиши мүмкүн, бирок дал ушундай көз ирмемдерде келечекте чоң пайда алып келчү идеяны өткөрүп жибербөө керек. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз. Жакындарыңыздын жакшылыгына күбө болуп кубанасыз. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алып ооруканага барышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү тынч өтөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Тараза жылдызындагыларга бул аптада ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурганга туура келет. Алгач тамактанууңузга көңүл буруңуз, бирок катуу диета кармоо да сунушталбайт. Жумушта башкалардын кеңешине таянбай, өзүңүздүн ички туюмга ишенип чечим чыгарганыңыз туура болот. Көптөн бери самап жүргөн кийим же башка буюм сатып алуу максатыңыз ишке ашат. Дем алыш күндөрү жүрөгү боштордун жакшы адам менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жылдыздар чаяндарга ири суммадагы буюм сатып алуудан алыс болуп, акчаны үнөмдөөнү сунуш кылышат. Аптанын башында маанилүү ишти баштап же кайсы бир келишимге барууга ылайыксыз мезгил. Нерв болуп жатсаңыз, ашыкча эмоцияны спорт аркылуу чыгарганыңыз жакшы. Досторуңуз менен жолугуп, жагымдуу баарлашуу орун алат. Чыгармачыл чаяндарды ийгилик күтөт, талантыңыз жогору бааланмакчы. Дем алышта табият коюнуна чыгып сырдашып келиңиз, жеңилдеп каласыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Финансы тармагына өзгөчө көңүл буруңуз. Пайда түшчү булактарды карап чыгып, коромжунун санын азайтууга аракет кылган жакшы. Айланаңыздагы сизде негативдүү ойлорду жараткан, энергияңызды алган адамдардан арылууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бейшембиде гардеробдо жаңы кийим пайда болушу мүмкүн. Аптанын аягында сүйүктүү адамыңыз менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн, кайгырбаңыз, бул убактылуу кыйынчылык, баары оң жагына чечилет.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Оор, бирок кызыктуу жана пайдалуу күндөр күтөт текечерлерди. Сизге куру кыялданып отуруу жарашпайт. Баарын өз колуңузга алып, аракет кылсаңыз гана ийгиликтин тепкичине көтөрүлөсүз. Баш оорусу тынчыңызды алышы ыктымал. Нервди тынчтандырганга болгон аракетиңизди көрүңүз. Эсеп-кысап иштеринде так болуңуз. Жеке жашоодо финансылык тармакты алдын ала пландап иш кылганыңыз туура болот. Түгөйлөрдүн ортосунда туруктуулук сакталат. Эс алганды унутпаңыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Апта жалпысынан жай ыргакта өтмөкчү. Шаршемби, бейшемби күндөрү эмоционалдык туруктуулуктан чыгып кетпегенге аракет кылганыңыз жакшы. Анан да эмоциянын күчү менен ашыкча сөз сүйлөп, кийин өкүнүп калбагандай болуңуз. Жеке жашоодо эркиндик менен үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштыра албай кыйналасыз. Жума күнү эки тараптуу чечим күтөт, туурасын тандасаңыз келечекте чоң пайда аласыз. Дем алышты өз ыңгайыңызга жараша өткөргөнгө аракет кылыңыз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Аптанын биринчи жарымы кыймылдуу, активдүү өтөт. Баарына жетишкенге аракет кыласыз. Негизгиси өзүңүздүн ички туюмга ишенип кадам жасаңыз. Достордун жардамынан баш тартпаңыз. Жумушта активдүү чечимдерди кабыл албай, көбүрөөк анализге убакыт короткон жакшы. Финансылык жаатта кечиккен, бирок азыр да керектүү акчалай белек алышыңыз күтүлөт. Аптанын соңунда физикалык да, моралдык да жактан күч берген энергия булагын табасыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |