МАЛДАГЫ РУМИНАЦИЯ ПРОЦЕССИ ЖЕ ЭМНЕГЕ УЙЛАР "САГЫЗ ЧАЙНАШАТ"?

№1204

Короодогу мал эмнеге “сагыз чайнайт” же болбосо кепшеп турушат деп суроо берип көрдүңүз беле? Өзгөчө көп кепшөө процесси уйларга таандык. Илимде бул процесс руминация деп аталат да, малдын тамак-аш сиңирүүсүндөгү маанилүү кыймыл-аракет болуп саналат. Ветеринарлардын изилдөөсү менен руминациянын маанисин жана ал байкалбай калган учурда эмне болорун билип алган оң.

Руминация

Кепшөө процесси малды курамында көп клетчатка камтылган кесек, катуу тоют менен азыктанууга мүмкүнчүлүк берет: чөп (кесек, майдаланган), саман, бутак жана башка. Руминация – бул тамакты кайра чайноо процесси. "Сагыз чайнаган" малда (уй, кой, эчки) жалпы мүнөздөмө бар, алардын ашказаны 4 бөлүктөн турат.

Кепшеген жаныбарлар алгач алдындагы тоютун көп чайнабай эле жутканга шашышат. Тоют ашказандын 1-2-камерасына барып түшөт, бул 2 камера биригип өзүнө 50-150 литрге чейин батыра алат. Тамак-аш сиңирүү системиндеги миллиондогон микроорганизмдер тоюттагы пайдалуу азыктарды сиңирүүгө жардам беришет. Кепшеген учурда ашказандагы толук майдаланбаган тамак кайра малдын оозуна келет, кайра чайналып, кайра жутулат. Бул учурда шилекей көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат, тоют жакшы майдаланат да, кайра жутулганда оңой сиңет. Мал кепшеген кезде өсүмдүктөгү катуу заттарын чайнап, шилекейдеги ферменттердин жардамы менен аны майдалайт, бул болсо аш болумдуу заттарды максималдуу сиңирүүгө мүмкүндүк берет.

Уйлардын тамак сиңирүүдөгү анатомиялык өзгөчөлүктөрү

Жогоруда уйлардын ашказаны 4 татаал механизмге байланган камералардан турат дедик.

1-камера (рубец). Симбиоздук микроорганизмдердин жардамы менен тоютту алдын ала иштетүүчү негизги бөлүм. Бул жерде орой клетчаткалар эрий баштайт.

2-камера (сетка). Кайра чайноо үчүн ооз көңдөйүнө кайтарылган чоңураак тамак-аш бөлүкчөлөрүн бөлүүгө жооптуу.

3-камера (книжка). Бул бөлүмдө тоют андан ары механикалык майдалоодон өтөт.

4-камера (сычуг). Кадимки ашказан принцибинде иштеген жалгыз бөлүм: бул жерде тамак ашказан ширесинин жардамы менен сиңирилет.

Канча убакытка созулушу керек?

Руминация процесси ар кайсы маалда ар кандай убакытта өтөт. Бирок көбүнчө тоют жаңы берилгенден кийин жана кечкисин орун алат. Мисалы, уйларда руминация тик турган эмес, жаткан учурда орун алат. Андыктан бул процессти үзгүлтүккө учуратпаш үчүн уй кармалган жер кенен, жатканга ылайыктуу болушу шарт. Уйларга күнүнө “сагыз чайноо” процессине 7-8 саат убакыт кетет. Бул процесске көз салып, эгер кепшөө кыймылы аталган убакыттан кескин аз экени байкалса, анда буга бир катар себептер жооп берет.

Руминация бузулганынын себептери

1. Сапатсыз тоют: ашыкча нымдуу, көгөрүп кеткен чөп-чар.

2. Тоютту тандап жегени: көп түрдүү чөп-чар жебейт, шакел көп калтырат, ачка болсо да көңүлүнө жаккан азык берилмейинче тура берет.

3. Башка уйлар менен бир турганда “дедовщина” болуп, кээ бирлерине тоют жетпей калышы мүмкүн.

4. Уйлар көп болуп, жатып “сагыз чайноого” мүмкүнчүлүк жок, малдын туруп кепшөөсү.

5. Кургак тоюттун аздыгы да себеп.

6. Суунун жетишсиздиги.

7. Ден соолугундагы маселелер.

8. Минералдык заттардын, витаминдердин жетишсиздиги.

9. Жылуулук стресси: ысык, нымдуу аба ырайында мал жылуулукту жетиштүү өлчөмдө организмден чыгара албай, зат алмашуу процесси бузулат, табити жоголот, сүтү байыйт же боюнда болуусу кечеңдейт, ар түрдүү ооруларга кабылышы мүмкүн. Бул учурда уйга муздак сууну бат-бат берүү, салкын учурда тоют берүү, шамалдаган жерде кармоо, минерал, витаминдер көп азыктарды берүү керек болот.

Руминация бузулса эмне болот?

“Сагыз чайнагыч” жаныбарлардагы кепшөө процесси анын саламаттыгынан кабар берерин билдиңиз да. Эгер бул кыймыл-аракет бузулса, демек, малда маселе бар. Эң алгач дегенде эле ашказанындагы микрофлора жабыркайт. Адамга кандай зыян келиши мүмкүн? Уй этинен түшөт, сүт аз берип же такыр бербей калат жана башка.

Профилактика

1. Сапаттуу тоют берүү: кургак, жашыл, бүрдүү, түрдүү чөп-чар, жашылча, саман, жем, таза суу.

2. Курамында фосфор камтылган минералдарды, витаминдерди берүү.

3. Турган жайын таза кармоо, кенен жерге жайгаштыруу, абанын температурасына көңүл буруу (жабык, ысык жерде кармоо сунушталбайт).

4. Маал-маалы менен ветеринарга көрсөтүп туруу.

Уй байланган жибин чайнап, үзө берсе...

Кээ бир уйлар чынында эле байланган жибин чайнап, үзүп салган учурлар кездешет. Уй организмине клетчатка жетпегенде, зериккенде же стресске кабылганда, ошондой эле жаман адат катары да жипти чайнай бериши мүмкүн. Мунун кооптуу учурлары да бар: чайнап, жутулган жип бөлүкчөлөрү чогулуп, организмдеги бир жерге туруп калып, маселе жаралышы мүмкүн. Аркандын катуу жерлери ооз көңдөйүн, кызыл өңгөчтү же ашказанды жабыркатат. Ашказанга барган жип сиңбей, катуу оорутуу жаратышы ыктымал. Эмне кылуу керек? Алгач эле арканды башка катуу нерсе (чынжыр) менен алмаштырыңыз. Сапаттуу чөп бериңиз, күнү бою бекер турбай кепшегендей болсун. Анан оорунун белгилери бар-жогуна көз салыңыз: тынчсыздануу, туягы менен жер чапчуу, тердөө, ич көбүү, табити барбы, заңдап жатабы. Эгер аталган белгилер байкалса, ветеринар чакыртуу керек. 

 

Асыл Орозбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо