№1204
(Башы өткөн сандарда)
– Макул, киного барса баралы.
Кызык ушул жерден башталды. Мариям кинотеатрга келип, эки жагын карады. Эламан киного чакырарын чакырып алып өзү жок. Күтсө да келбеди. Саатты караса, кирүүгө 15 мүнөт калган экен. Колундагы Эламан таштап кеткен билетти карап коёт. Бир чети киного кирбей эле кетип калгысы келди, бирок колундагы билетти караса “Найди себя” деп жазылып туруптур. Ушул сөз өзүнө тарттыбы же үйгө барганда деле санаа менен алышарын билдиби, кирмей болду. Мыкты тасма экен, аялдын жолдошуна сиңип кеткенин, балдарына болгон сүйүүсү, аларды өзүмчүл жана жалкоо кылып койгону баяндалыптыр. Экрандагы ар бир көз жаш, ар бир кадр Мариям тууралуу айтылып жаткандай сезилди. Көз жашы чууруп жатты. Башка учур болсо өзүн адатынча кармамак. Бул жолу өзүн кармаган жок. Өпкө өпкөсүнө батпай ыйлады, каарман менен чогуу жашап жаткандай болду. Акыры тасма аялдын жеңиши менен аяктаганда “өх” деп отуруп калды. Ал ушул тасмадан өзүн көрдү, эмнени жоготконун, эмнени таба албай жатканын сезди. Өмүр бою ал башкалар үчүн жашаптыр, баарын кучагына катыптыр, коргоптур. Бир гана өзүн четке чыгарып койгон экен. “Өзүңдү тап” деп жатты анын ар бир деми. Эми адам өзүн тапкандай бир жерге түшүрүп алды беле? Дегеле ага коуч-моучтардын “өзүңдү тап” деп айгай салып жатканы жакчу эмес. Бирок бул тасма анын жан дүйнөсүнө бир чоң из салды. Терең ойго чөгүп кафетерийде отурду.
Эламан мунун баарын көрүп жатты. Ал атайы киного чакырып коюп, жанына келбегенинин себеби – Мариямдын жалгыз калуусун каалаган болчу. Качан көрбө, анын жанында бирөө бар, ал бирөөгө камкордук кылып, бирөөнү аяп, сүйлөшүп же тиричилигин кылып жатканын көрчү. Өзү менен өзү калуусун, ойлонушун каалаган эле. Ал дагы Мариям киного киргенде залга кирген. Бир аз алысыраакта отуруп, анын реакциясын байкап жаткан. Анын ыйлап жатканын да, сезимдери менен убара болуп жатканын да көргөн. Убакыт бергиси келди эле. Алыстан карап туруп, бир топтон кийин жанына келди.
– Кандайсың?- деди жумшак гана.
– Жакшы, сен эмне кечигип...
– Билесиң да, мен дайым кечигип эле басып жүрөм. Жашоодо да, тагдырда да...- деди армандуу күлгөн Эламан.
– Тобо, киного чакырып коюп кечигип келет деп ойлогон эмес элем.
– Негизи мен...- деп баратып токтоп калды.
– Ии?
– Кечиккен жокмун, сени жалгыз калсын, тасманы жалгыз көрсүн, таасир алсын дедим.
– Демек, сен эбак эле келдиң беле?
– Ооба, аркаңда эле отурдум.
Мариям кызарып кетти. Чоң эле аялдын тасмага буркурап ыйлаганына уялдыбы же Эламандын аны аяп жатканына арданып кеттиби, белгисиз. Ачуулануу менен уялуунун ортосунда бир сезим чыңалып чыкты. Туруп басып кеткиси келди, бирок ал сабырдуу жана адептүү болчу. Кыйкырып урушса же басып кетсе, ал Мариям болбой калбайбы? Анын ичиндеги бороонду сезип турду Эламан.
– Кечирип кой, сенин канча убактан бери кандай абалда жүргөнүңдү билем. Ошон үчүн өзүңдү бирөөлөрдүн тагдыры менен көрүүң керек эле. Сага жардам бергим келди.
– Хм, көрдүм өзүмдү. Эгерде ошону эле кааласаң...
– Башка эмне каалайт элем?
– Эламан, сен мени айтып коёсуң, бирок сенин жашооң деле меникинен артык эмес. Ушул жашка келип же үй-бүлөң жок, же карьераң жок. Дүйнө кезип эле жүрө бересиң. Мурун го Акбардын колдоосу менен дүйнө кезчү элең. Эми эмне болот?
Аял атайын анын жанын ачыта сүйлөдү. Чындыгында Акбар аны финансылык жактан колдоп турчу. “Досум, мен бул бизнес деген нерсеге буту-колумдан байланып калдым. Бала-чака да бар. А сен эркинсиң. Жер кыдыр, мен үчүн да көр, сенин дүйнө кезгениң – менин дүйнө кезгеним. Анын баарын айтып бересиң” дечү. Азыр ошону кыйытып жаткандагысы. Эламан күлдү, ачууланган жок. Акыйкаттын эмнесине ачуулансын. Бирок Акбардын эле колун карап калган адам эмес эле. Өзү төрт тил билет. Бизнес боюнча окутуу усулу бар. Майда-барат бизнестери бар. Бул бечара аял анын Акбардан да бай экенин кайдан билсин. Болгону атайын жарасына тийип жаткандагысы да. Адам деген макулук өзүн ардантып койгон адамга эки эсе ыза бергиси келет эмеспи. Анын унчукпай күлүп койгону ого бетер Мариямдын жинине тийди.
– Чындык эмеспи?
– Ким билет, чындык ар ким үчүн ар башка...
– Мага жардам бергиң келип жатат го. Аяп... Бирок мен сага караганда бактылуураакмын. Ийгиликсиз болсо да тиккен багым бар. Жалгыз эмесмин мен...- деди ал ага караганда жашоону бекер жашабадым дегенсип...
– Чындыгында баарыбыз жалгызбыз. Кабырга жалгыз киребиз, бул жалгыздык эмеспи?- деди Эламан үшкүрүнө.
– Сен коркоксуң. Тилиң башка сүйлөйт, жүрөгүң башка...
– Жүрөгүм эмне деп жатыптыр?
Эламан Мариямдын жаштуу көздөрүнө тике карады. Көптөн бери биринчи жолу... Ошондо гана ал “жашырып жүрөм” деген чындыкты бул аял эбак эле биле турганын түшүндү. Ага болгон сезимдерин Мариям эбак эле билчү тура. Көздөр бир саамга тиктешип турду. Эламан башын чайкай берди, жүзүн эки колу менен жаап отуруп калды.
– Мен келесоомун...
– Билем.
– Качантан бери билесиң?
– Башынан бери билем.
– Кантип?
– Аялдардын, балким, акылы иштебейт, бирок интуициясы жакшы өөрчүгөн.
– Анан?
– Менин билгеним бир нерсени өзгөртпөйт болчу. Эми да эч нерсени өзгөртпөйт. Акбар мени сүйбөй калса эле, анын досу менен ашыктык оюндарын ойноп кетет десең жаңылышасың.
– Жок, Кудай сактасын. Антип сен тууралуу ойлогон эмесмин.
– Анан эмне деп ойлодуң эле?
Сенин оор абалыңды ойлодум. Чыгаргым келди. Бирок эч кандай жаман оюм болгон эмес. Ооба, сезимдер бар. Болгон, боло берет. Бирок ал өтмүштө калган бир таза сезим. Мурункудай кыйнабайт. Армандатпайт. Сенин бактыңды өзүмдүкүнөн да көбүрөөк тиледим. Сен бактылуу болсоң мага жетишерлик эле. Акбар экөөң мен жете албай калган бакыттын символу элеңер да. Бирок реалдуулукта андай эмес экенин билдим. Таң калдым. Таптакыр эки башка адам, эки башка дүйнө тааным менен жашаган экөөң... Баш кошупсуңар, силер үчүн ата-энеңер чечиптир. Балалуу болупсуңар. Бактылуулуктун сүрөтүн тартыпсыңар. А бирок бакыт өзү силерде жок экен! Анан бир күн бул жип үзүлүп кетиптир. Мен муну көрдүм. Акбар да оор абалда. Сен андан өтүп санаадасың. Кимиңерге жардам береримди билбей калдым. Мариям, сен айтып жатасың “коколой башың эле бар” деп, менин үй-бүлөм силер болчусуңар. Силердин бактыңарды менин бактым деп билгем. Бирок аным да жалган тура.
– Жалган экенин мен да жакында билдим. Пардалар ачылды, бет каптар сыйрылды. Күйөөм десем, анымдын жүрөгү башканыкы экен. Балдарым десем, аларды да туура тарбиялабаптырмын. Досум десем, биринчи сыноодо эле сатып кетти. Дүйнөдө таяна турган, таза дей турган эч кимим калбай калганда, жашоо мага башка тарабын көрсөттү. Болгондо да душманым деген адам аркылуу.
– Ким?
– Айкөл. Мен анын кетерин билгем. Эмнеге кетип жатканын да билгем. Бизди бактылуу болсун деп, өзү сүйүп турса да басып кеткенин көрдүм. Кызык, керек кезде унчукпай басып кетиш керек экенин кызымдай болгон кыздан үйрөндүм. Ошол учурда бул чечим баарыбыз үчүн туурадай сезилди. Ал кетсе Акбар экөөбүздүн мамилебиз ордуна келет дегем. Болбоду. Көрсө, ал жок кезде деле биз бактылуу эмес экенбиз. Болгону ал бизге “жараларыбызды” көрсөтүп кетиптир.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |