Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

№1204

(Башы өткөн сандарда)

– Эжеке, мен... Мен баарын жөн гана таштап кете албайм. Баары сиз ойлогондой оңой эмес...- деп гана тим болдум. Чынында мен өзүмдүн жашоомо өзүм көнүп бүттүм. Башка жол менен кете албайм. Баары туура эмес экенин билип турсам да, эч нерсе колумдан келбейт. Мына, мен жашоомдогу эркектеримден кол жуудум дейли? Жашоомдо эч ким жок. Өзүмдү көрөм, кыйналып иштеп жүргөн. А мен иштей аламбы? Иштейм. Бирок ал кыпындай тыйын менин тамак-ашымдан араң ашат. Эрнист ачып берген салон дароо жабылат. Менде азыр кызыма энчилеген үйдөн башка эч нерсем жок. Мен жаңы жашоо баштоо үчүн жок дегенде миллионум болуш керек. Мен өзүмдү жүдөө аял катары көрө албайм. Уфф... Жашап турайынчы, убакыт баарын көрсөтөт. Бирок кызым үчүн мен бардык аракетимди көрөм. Аны өзүмө окшотуп эркектерден көз каранды кылгым келбейт. Анын жаркын келечеги үчүн бүт күчүмдү жумшайм.

 

03.08.ХХХХ. Күндөлүгүм! Унутуп калыптырмын го. Билинбей 2 ай өтүп кетиптир. А мен үчүн сезилген жок. Куду кечээ эле сенин барактарыңды толтургандай болом. Бүгүн кубанычтуу күн! Кызым, Данегим 5 жашка толду! Сүйүнүп алгам. Оштомун. Эжем, жездемдер менен кызымдын туулган күнүн майда бөбөктөрдү чакырып белгилеп бердик. Жаным, ширин кызым менин. Жанында ушундай жакшылыкта атаң болсо кандай сонун болмок. Сенин ар бир туулган күнүң өтчү жылдар, Мансурдун бул дүйнөдөн өтүп кеткенин эстетип турат. Мансурумдун жоктугуна 6 жыл болду. Сүйүктүүм,  жанымда болгондо баары башкача болмок беле? Балким, ар бир эркекке кор болбой, сүйүктүүмдүн коюнунда эркелеп, кызыбызды бирге тарбиялап жылуу уяда отурмакмын. Эх! Башка нерсени жазайынчы... Антпесе дагы ыйлап жиберем. 2 ай ичинде көп нерсе болду. Адилет жанымды койбой ээрчип жүрөт. Үйүндө деле көп болбой калды окшойт. Көп жолукчу болдук. Каршы болсом, салонго барып алат. Алтынбек үйлөнүптүр. Бирөөдөн уктум. Бакыт кааладым. Башка эмне демек элем. Бир гана менде өзгөрүү жок. Баса, Бекзаттын канча каршылыгына карабай, Айсан менен жакын мамиледе болуп калдым. Анан да бир күнү баарыбыз чогулуп, мени аяшы Бекболот менен тааныштырды. Сапсары, чыпыйган муруту бар, арык, Бекалар теңдүү жигит экен. Элдин көзүнчө күлгөнүм менен, ичимден эртерээк үйгө кеткенге шаштым. Бекзат билмексен, аялынын көзүн карап отурат. Кече аяктаган соң мен Бекзатка эч кимге билдирбей кат калтырып кеттим. Эртеси үйгө чакырдым кечинде. Атайын үйгө 3 камера алып келип орноттум. Планды ишке ашырып, өч алуу мезгили келди. Эч бир эркек жылаңач, сулуу келбеттин алдында өзүн кармана албайт. Билем. Бекзат жөн гана келбей коюшу мүмкүн эле. Анын алдын алып СМС жөнөттүм: “Баарын унутам. Болгону ушул түнү мени менен бол. Эч ким билбей калат. Сөз берем. Экинчи силердин жашооңордон жок болуп кетем”. Окуптур. Түнү менен күттүм, жасанып алып келди. Жеңил халат менен тосуп алдым. Суз гана кирип келди. Камера иштеп жатты.

 – Кир. Сенин келериңди билгем,- деп жылмайып тосуп алып, аны кучактадым. Колдорумду өзүнөн акырын алып, ичкери кирбестен, кире бериштеги тумбочкага отуруп:

– Сени канча коркутуп, күч колдонсом да түшүнгөн жоксуң. Мен азыр сага кенен түшүндүрөйүн... Хмм... (оор үшкүрүнүп):

– Мен мурда сендей сулуу аялдын алдында өзүмдү кармана албайт элем. Өмүр бою аялымдын көзүнө чөп салып өтөм го деп ойлочумун. Бирок андай эмес. Мен жубайымды жакшы көрөм. Эгер ал мени башка аялдар менен көз карашып койгонумду эле билсе, кетип калат. Кечирбейт. Түшүнчү мени, мен аны жакшы көрөм. Мен анын көзүнө чөп салган күндө да, мен сүйгөн жандын көзүнө кантип карайм?- деп ордунан туруп:

– Экинчи көрүшпөй эле коёлу. Эгер дагы менин үй-бүлөмө аралашсаң, кийинкиде башкача сүйлөшөм сени менен. Ойлон!- деп эшикти ачып, чыгып кетти. Мен ойлогондой болбосо да, ал менин үйүмө келип, экөөбүздүн кучакташкан жерибиз камерага түшүп калганын көрүп сүйүндүм. Эртеси аны сүрөт кылып чыгарып, анан Айсанга жөнөтмөкмүн.

 

Салам, күндөлүгүм! Түнкү саат 02:02. Уйкум жок. Сага жан дүйнөмдүн сырларын төгөйүн дедим. Бир гана сен мени түшүнүп, айтып берип жатсам унчукпай угасың. Сендей курбум болгондочу?! Кайдан табам андайды? Курбу демекчи, Айымды көрдүм. Байкушум, жүдөп калыптыр. "Жашоом жакшы" дейт. "Бар болгону балам айыгып кетсе экен деп тиленем" дейт. Ал экөөбүз кокустан жол жээгинен жолугуп калдык. Ал оорукананын маңдайындагы дүкөндөн майда-чүйдө алып жатыптыр баласына. Баласынын операция болгонуна бир жума болуптур. "Күйөөң кайда?" десем, “үйдө экинчи баламды карап жатат” дейт. Мурдагы мен билген шайыр кыз жок. Мени менен суз гана учурашты. Аны да түшүндүм. Менде да бала бар. Кызымдын ден соолугу начарласа, мен деле Айымдын кейпин кийсем керек. Экөөбүз коштоштук. Мен Бекзат экөөбүздүн сүрөттөрүбүздү Айсанга жөнөтөм деп жатпадым беле? Болбой калды окшойт. Мен өзүмө-өзүм ишенбей турам. Ал сүрөт жөнөтөр күнү үйгө Адилет келип калып, аны менен алаксып кеттим. Кокустан үйгө келип калды. Кокустук болду. Экөөбүз ал түнү да, күнү да бирге болдук. Менде ой жок. Эрнист келип калса эмне болот деген ой-санаа жок. Адилет өзү кылды. Мен канчалык качсам, ал ошончолук мага тартыла берди. Жанымды койбой өзүнө көңүл бурдурду. Эмне кылайын? Мен дагы аялмын, алсызмын. Анын жанында өзүмдү кармана албай калдым. Болору болду. Өкүнгөндө пайда жок. Менин жүрөгүмдү мыжыгып, боорумду ачыткан Айсан болду. Анын мындай акыбалда экенин билгенде, бул кадамга барбас элем. Айсан кош бойлуу экен. Анан да жүрөк оорусунун өтүшүп кеткен диагнозу менен жүрөт экен. Үч уктасам да түшүмө кирбес эле. Бекзат жубайын эмнеге анчалык аяйт десем, көрсө, кеп мында жаткан тура. Айымдын баласына толтуруп таттууларды алып, көрүп коёюн деп ооруканага баргам. Кокустан Айсанды көрүп калдым. Ал дагы мени. Жанына барып бет маңдай турсам:

– Сен кайдан билесиң?- деди. Мени ал үчүн келди деп ойлоду го. Мен сыр бербей:

– Эмне болду сага?- десем, көзүн жашылдантып:

 – Балаңды түшүрөбүз дейт. Төрөй албайсың деп жатышат. Мен 3 жыл күткөн наристемди алдыра албайм.

– Врачтын айтканын угушуң керек. Бала табылат. Ден соолук табылбайт...

– Бала жытына зармын. Мен ансыз да оорукчанмын. Жанымды Кудайга тапшырдым. Баламды алдырган күндө да бир күнү өлөр күнүм бар. Мен кичинемден даяр келгем бул нерсеге, өлүмдөн коркпойм. Баламды жоготуудан корком.

– Сен жок, балаңа кыйын болот деп ойлобойсуңбу?

– Мен анын жүзүн көрсөм болду. Ыңаалаган үнүн угуп алсам, жанымды деле бергенге даярмын.

– Болду эми ыйлаба. Бул таттуулар сага,- деп пакетимди сундум. Бирок “рахмат, менде азык-түлүк көп, жөн эле бузулат. Алып кете бер. Сенин келгениңе ыраазы болдум” деп пакетти албай койду. Бир топ сүйлөшүп турган соң медайым кыз келип, жетелеп кетти. Айсанга боорум ушунчалык ачыды! Өзүмдүн жашоомо шүгүр кылып кеттим. Себеби мен үчүн баары оңой турат.

Бир убакта кызымды бойдон алдырам деп кесир сүйлөгөнүмө да өкүнүп кеттим. Андан кийин деле канча медикаментоздуу аборт кылдым. Эрнисттен 2 жолу боюмда болуп, алдырганым эсимде. Алардын бирөөсүн уул бала дешкен эле.

 

 

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо