№1204
Куудул, ырчы, тамада... Бир нече өнөрдүн ээси Жеңишбек Айтиев менен жаңырган жылдын башында баарлаштык. “Жасакерленип сүйлөгөн жакпайт, болгонун болгондой айтам” деген Жеңиш мырзадан дагы бир кызыктуу маекти сунуштайбыз, окурман.
– Жеңиш мырза, Жаңы жылды шерине өткөрүү менен тосуп алдыңыз окшойт...
– Туура, шерине өткөрдүм. Мындан 15 жыл мурун болуш керек, Эмил Балтагуловдун “Сезим” тобунун ачылышында сөз сүйлөп, бата бергенбиз. Чыгармачылыктагы достор жолугуп турганга деп шеринелештер тобун түзгөн элек. Жайында Ноокаттын Кара-Кой жайлоосуна, Арстанбапка, Ысык-Көлгө же Сары-Челекке барабыз. Ал эми кышында үйдө өткөрөбүз. Баталар үйдө кабыл болот дешет го, ошого акыркы жылдары шеринени үйдө өткөрүүгө басым жасап калдык.
– Акыркы убактарда ырчылыкка көбүрөөк басым жасап жаткандайсыз?
– Ооба. Тобума Элина Майрамбекова деген ырчы кыз келди, экөөбүз дуэт жаздыруу үстүндөбүз. Бек Борбиевге таандык “Мен сага жакпай койдум” деген ырды жаздырдык. Жакында ырга клип тарттырабыз. Андан ары башка ырларга да киришебиз деп турабыз. Мурун топко тамадалыкка жигиттерди гана алат элем, байкасам, кыздар да бул тармакка кызыгып жаткандай. Элина ырчылыктан тышкары тамада, блогер да болуп чыкканы турат. Ошентип шакирттердин санын өстүрүп жатам.
– Сиздин тамадалыкка келип калышыңызга ким себепкер болгон?
– 2000-жылдары өзүбүздүн Ноокат районунда куудулдар сынагы өтүп, анда 3-орунду ээлегем. Мен тууралуу угуп, ошол кездеги “7 түс” тобунун жетекчиси Ашым Ахметов ага мени үйгө издеп келди. Таанышкан соң бирге иштешүүнү сунуштады. Макул болуп, анын тобуна кошулдум. Ошентип мени алгачкы ирет чоң сахнага чыгарган, тамадалык жолумду ачып берген, устатым ошол адам болду. Кийин куудул Кабыл Бөрүбаевдин колуна барып шакирт катары жүрдүм. Идирегим болгондуктан бат такшалып, тойлордон тышкары концерттерди алып бара баштагам. Той буюртмаларын жазчу калың дептерлеримди жыл аягында анализдеп койчу адатым бар. Болжолдуу айтсам, бүгүнкүгө чейин жалпы 7,5 миңдей той алып бардым.
– Тойдун, концерттин жакшы же начар өтүшүнө тамаданын маанайы таасир этеби?
– Албетте, тойдун кандай өтүшү тамададан көз каранды. Көңүлдүү барсам, анда иштин майын чыгарам. Маанайы суз барсам, элге билинбегени менен, өзүм үчүн оор эле болот. Өзүңдүн маанайың жок болсо, элдикин кантип көтөрөсүң? Ошого өзүмдү “настройка” кылганга аракет кылам.
– Ресторандагы тойлордун баары окшош, тамадаларда өзгөчөлүк жок деген сындар айтылып калат. Бул пикирге кошуласызбы же макул эмессизби?
– Тойлордогу окшоштуктар боюнча айтсам, ар бир тамаданын өз стили болушу зарыл. Жаңы чыгып келе жаткан тамадалар башкаларды туурашы мүмкүн. Тойлор канткенде окшош өтпөй калат жана кызыктуу болот? Качан өз убагында башталганда, сүйлөнүүчү тосттор жоголгондо же абдан азайганда, “пакет” толтурмай, кийит кийгизүү токтогондо. Анткени убакыт көп болот да, аны тамада түрдүү оюн жана башкалар үчүн колдонот. Азыр тойдогу көп убакыт ушул айтылгандарга кетип калат. Анан тамада той ээлеринин айткандарын эске алып, программа түзгөндөн кийин той ээлери кайра кийлигишип аны бузушпаса жакшы болмок.
– Калп айтасызбы? Айтсаңыз кандай учурларда, мисалы...
– Чынын айтсам, намаз окуганга чейин кээде калп айтып койчумун. Башка пенделер деле калп айтышса керек. Негизи кимдин ыйманы болсо, жалган сүйлөп алгандан кийин ичинен азаптанат, бушайман болот, жан дүйнөсү кыйналат. Ыйманы жок, текебер, көк беттер жалган айтса деле, жаман иш кылса деле ичтен кыйналбайт. Өзүнчө “уттум” деп ойлойт, бирок жыйынтыгында утулганын билбейт. Анткени баарын Кудай көрүп турат, кылганына жараша жообун алат. Жашоо – бумеранг. Ошондуктан калп айтып же бирөөнү тилдеп алсам, жан дүйнөм ооруйт, биринчи болуп кечирим сураганга аракет кылам.
– Азыркы эркектер майдаланып кетишти деп калышат. Чындыгы барбы?
– Үй-бүлөдө аял да, эркек да өз ордуларын, милдеттерин билишсе, пайдубал тарбиясы жакшы болсо, анда экөө тең аброюн, жеке чектерин сактайт. Орду алмашып калса же өз ордуларын билбесе, анда чыр-чатакты, майдаланып кетүүнү күтсө болот. Күйөөсүнөн көп таап калган айрым аялдар өздөрүн бийик сезип, күйөөсүн тоготпой башташат. Бул нерсе жакшылыкка алып барбасын билишпейт.
– Досторуңуздун сиз тууралуу “тегирменге салып жиберсең, бүтүн чыгат” дегенин уктум эле. Чын эле ошондойсузбу?
– Дайыма шаңдуу, позитивдүү маанайда жүргөн жанмын. Шакирттерим, досторум, дегеле баары мени ушундай абалымда көргүсү келет. Жамаат, команда менен ынтымакташып иш кылганды жактырам. Сөзмөрмүн, тапанмын. Мага керектүү адам менен тил табыша алам. Ушулардан улам досторум тигиндей сөздү айтышкандыр, балким. Чындыгы бар.
– “Чындык – менин досум” деп айтып келесиз. Чынчылдыктан зыян тарткан учурлар да болобу?
– Сыягы, мен үчүн пайдасынан да зыяны көбүрөөк окшойт. Убакытка так, убадага бекем адаммын. Сөзүнө турбагандарга, сүйлөшүлгөн убакытта келбегендерге капа болом, мунумду ачык айтам. Айтсам, мага капа болушат. Ошондой учурда чындык ушундай болот турбайбы деп калам. Негизи жашоодо ак-кара катар жүрөт деп бекер айтылбайттыр да. Жаман көрүнсөң да чындыкты айтышың керек. Жаман көргөн адам деле акырындап акылына келип, ошондо сенин айтканыңды моюндайт да.
– “Оңой жеткен кыял – кыял эмес” деген пикирге кошуласызбы?
– Кээде оңой эле аткарылып калган кыялдар болот. Бирок андайда мээнет менен жеткен кыялыңдагыдай ырахаттана албайсың. Кыялдарым, Кудайга шүгүр, жакшы эле орундалып келе жатат.
– Кесиптештериңиз саякатка чыгышса, соцтармактагы баракчалары сүрөт, видеого толот. Сизде ушул нерсе байкалбайт, себеби эмнеде?
– Үй-бүлөм менен Ноокаттын тоолоруна көп чыгабыз. Ысык-Көлгө барабыз. Ташкент, Сауд Арабиясына жана башка жактарга баргам... Биз деле саякаттайбыз. Бирок башкалардай болуп мен бул жактамын, тигил жактамын деп шардана кылып, сүрөт жүктөй берчү адатым жок.
– Куудул, тамада, ырчы... Бул өнөрлөрдүн кайсынысынан мыктымын деп ойлойсуз?
– Өзүмдү күчтүү куудул, тамада же ырчымын деп айта албайм. Элдин элегинен өтсөң, эл өзү айтат кандай экениңди. Мен башында куудулдукту тандагам. Анан концерттерди алып бара баштадым, кээде ырчылар сахнага чыгууга жетишпей калышчу. Ошондой учурларда элди күттүрбөй ордуна ырдай калчумун. Кийин бардык жагынан такшалдым.
– Бир атактуу “атым таанылып калгандан кийин статусумду кармайын деп коомдук унаадан баш тартып, таксиге түшө баштадым, кымбат баалуу кийиндим” деген эле...
– Мен алмадан сабак алдым. Алманын бутагы мөмө алган сайын ийилет эмеспи. Өзүмдү эч качан бийик сезбейм. Карапайым, жөнөкөй болгонду жакшы көрөм. Аракет кылсам да бой көтөрө албай койдум (күлүп).
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |