Дөөлөт Сыдыков, манасчы: “МАНАСЧЫЛЫК АКЧА, БАЙГЕ МЕНЕН ӨЛЧӨНБӨШҮ КЕРЕК”

№1204

Манас – канча казсаң да сыры түгөнбөгөн улуу дүйнө. Ал дүйнөнүн касиетин даңазалап, муундан-муунга өткөрүп келе жаткан манасчыларга бүгүн коомдун мамилеси кандай? Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков менен улуу эпостун абалы, ага болгон сүйүүсү тууралуу баарлаштык.  

 

– Арыбаңыз, Дөөлөт мырза! Көптөн бери көрүнбөй калдыңыз, учурда эмне иштер менен алек болуп жатасыз?

– Бар болуңуз! Акыркы бир жылда “Атам” деген китепти жазып бүтүрүп, элге тартууладым. Атам он жашында жетим калыптыр. "Манас" айтчу, бирок каралаша турган кишиси жок, эл аралап өнөрүн көрсөтө албай калган. Кудай буюрган экен, 12 бир туугандын ичинен мен эл алдына чыгып "Манас" айтып келе жатам. Манас атанын жүгүн 7-класстан бери көтөрүп жүрөм.

– “Аян болбой баян болбойт” дейт эмеспи, сизге түшкөн аян тууралуу айтып берсеңиз...

– Кичинекей бала элем. Мектепте түшүм майрамы болуп, эжей мага “сен "Манас" айтасың” деп тапшырма берди. Ага чейин угуп жүргөнүм болбосо, өзүм "Манас" айта элек элем. “Атамдан укканымды айтам да” деп ойлогом, бирок линейкада эл алдына чыкканда “ээ-ээй” деген боюнча бир да сөз чыкпай койсо болобу. Ыйлап жибердим. Ошондон бир жума өтпөй түшүмө Саякбай манасчы кирди. Эшек минип алыптыр, дөбөдө ойноп жүргөн көп баланын ичинен мени чакырды. “Балам, "Манасты" минтип айтып жүр” деп айтып үйрөттү. Андан кийин да түшүмө кирип жатты, мындайча айтканда, устаттык кылып жатты. Мени айттырат, өзү айтат, үйрөтөт. Кийин өңүм же түшүм экени билинбей бара жатты. Манас дүйнөсүнө ошентип аралашкам.

– Узак убакытка "Манас" айтып рекорд койгон адамсыз. Бул идеяны сизден кийин башка манасчылар да колдоно башташты. Рекорд жаратуу – манасчылыктын даңазасын арттыруу беле же пиарды көздөгөн иш-чара беле?

– Башкаларды билбейм, бирок мен үчүн идея башкача болгон. Илгери "Манас" күндөп-түндөп тынбай айтылган эмеспи? Бул кайыптан келген өнөр болгон үчүн ага сүңгүп кеткен адам кайра чыга албай калат. Арстанбек Буйлаш уулунун  минтип айтканы бар:

Акылбек "Манас" айтканда

Чагылган түшүп чартылдап

Жердин бети калчылдап

Боз үйлөргө жык толуп

Шамал уруп бук болуп...

... Акылбек манасчы Чоң казатты айтканда 7 күн, 7 түн тынбай айтыптыр, андан кийин ошончо күн ойгонбой уктаган экен. Бул ушундай өзгөчө өнөр. Союз учурунда манасчылык куугунтукталган эмеспи. Мисалы, Уркаш Мамбеталиев "Манас" айтууда эми күч алып баштаганда токтотуп коюшкан учурлар болгон. “5 мүнөт гана айтасыз” деп тыйып коюшчу экен. Элибиз эгемендикти алгандан кийин манасчыларды чектөө,  тыюу токтоду, ошондуктан "Манасты" узакка айтууну жандандырайын дегем. Ошол себептен “Гиннеске" киргизебиз” деген идеяны көтөрүп чыккан элек. Пиар менен ишим болгон эмес.

– Жакында манасчылар ортосунда чыр чыгып, талкуу жаралды. Албетте, манасчылар деле инсан, кемчиликтүү. Ошентсе да улуу өнөрдү алып жүргөн адам катары манасчы кандай болуш керек?  

– Мен ал чыр-чатактын ичинде болгон жокмун, сиздей эле сырттан маалыматым бар. Ал эми манасчылар кандай болуш керек дегенде, биз мурункуларды карашыбыз керек. Манасчылар – олуя болушкан. Таза рух, улуу күчтү алып жүрүшчү. Күчүн мындан билиңиз, илгери Үркүн учурунда Сагымбай манасчынын айылынан кишилер эмес, бир чычкак улак да өлбөптүр. Башка айылдан чыккандар Кытайга жеткиче боо-боо түшүп каза тааптыр. “Саке, кантип аман сакталып келдик?” дешсе, “силер көргөн жоксуңар, Манас атабыз бизди өзү коргоп келди” деген экен. Ушундай касиет болгон манасчыларда. Азыркылар мындай касиет, ыйыктык шыбагасы буюрбаса да, ошол ыйыктыкты сезиши керек эле.

Билишимче, ал окуяда байге үчүн чыр-чатак чыккан. Бирок манасчылык байге, акча менен бааланбайт. Союз учурунда "Манасты" изилдегени орус окумуштуулары келип, Мамбет Чокморов деген манасчыга "Манас" айттырып, пластинкага жаздырып алышат. Саякбай, Сагымбай атабыздан кийин эле ушул киши көлөмдүү жана көрктүү айткан. Анан кийин ага Москвадан гонорар катары бир чемодан акча келиптир. Бирок ал “Манас атам акчага айт деген эмес” деп баш тартат.  Ушундан кийин эле манасчы кандай болуш керектигин билсек болот. 

– Көрүнүктүү манасчылардын көбү Ысык-Көлдөн чыгыптыр. Бул жөн гана дал келүүбү же бир сыры барбы?

– Негизи манасчылар бардык жерден чыгат. Сиз айткандай, классикалык вариантка айланган манасчылардын баары Ысык-Көлдөн экени да факт. Бул мындай айтылат: Манас атабыз Алтайдан келе жатканда Ысык-Көлгө сугу түшкөн экен. Көз жоосун алган жер да. Ошондо “мени даңктагандар ушул жерден көп чыгат” деп атынын туягын ташка чектирип белги кылып таштап кетиптир.

– Жалал-Абад шаары Манас деп өзгөрүлдү, манасчы катары буга кубансаңыз керек?

– Камчыбек Кыдыршаевич менен жолукканда, мен сураныч катары айткам "Бишкек шаарын Манас кылсаңыз жакшы болот эле" деп. "Кыргыздын жүрөгү, тиреги, куту Манас болгондон кийин борборубуз Манас болсо жакшы болмок. Башка ишиңиз бир тең, бул ишиңиз бир тең болот эле" дегем. Ошондо Камчыбек ага “туура, оюмда бар. Бишкек ушул боюнча тура берсин, бирок Жалал-Абадды Манас кылсам деген тилегим бар” деген. Камчыбек Кыдыршаевич ошол айтканын ишке ашырды. Ал үчүн алкыш айтсак жарашат.

– Сиздин устатыңыз ким?

– Башында айткандай, бала кезимде Саякбай атамдан аян алгам. Ошондуктан пирим, устатым деп ошол адамды айтам. Андан кийинкиси өзүмдүн атам. Эстебес Турсуналиев, Уркаш Мамбеталиев, Сейдене эне, Жусуп Мамай, айтор, заманымда көргөн манасчылардын көбүнүн батасын алып, өнөрүн жугуздум.

– Азыр технология заманы, баалуулуктар өзгөрүүдө. Ушундай шартта манасчылыктын касиетин кемитпей сактап калуу кыйынбы?

– Манасчылык доорго ылайыкташып жашай берет. Эл ичинде бир уламыш бар: Манас Чоң казатка аттанып жатканда Бакай атабыз “ушунун баарын катка жазып же ташка чегип калтыралы, урпактарыбызга жетсин” дептир. Манас атабыз “кыргыз эли жер бетинде канча жашаса, ошончо убакыт ооздон оозго, доордон доорго өтүп ансыз да сакталат” деген экен. Андыктан кандай шарт болбосун Манас сөзсүз сакталат деп ишенем.

– Инсан катары башыңызга бир топ сыноолор келди, талкууга түштүңүз. Ошондой кыйын учурда өзүңүздү кантип кармадыңыз?

– Ооба, жашоодо көп нерселер болот экен. Сыноого туруштук берүү үчүн адамда ички өзөк күчтүү болуш керектигин түшүндүм. Мен кандай абал болсо да Манас деп жашаган кишимин. Менден бирөө бир нерсе сураса “Манас атам кандай кылмак бул абалда” деп туруп, ошого жараша кеңеш берем. Манас айкөл болгон да, ичи тар болгон эмес. Менин элге мамилем деле, алардын мамилесинен алган жыйынтыгым деле манасчылык менен өлчөнөт. Кудайдан, арбактан жардам сурайм. “Ушул абалды сен көрүп турасың, оң жагына чечип бер” дейм. Башка таянчу нерсе жок. Бул же тиги жардам берди деп айта албайм.

– Пландарыңыз кандай?

– Учурда Манас атабызды даңктоо боюнча иш-чараларды даярдап жатам. Башталганда өзүңөр күбө болосуңар.

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо