№1204
Кыргыз эстрадасындагы жаш ырчылардын бири Арген Анарбеков менен тааныштырабыз. Баарлашып отуруп, анын сахнага деген өзгөчө сүйүүсү бар экенин байкадым. Сахнага алгачкы чыккандагы толкундануу, ишеним, үмүт, келечек тууралуу Арген мырзанын ойлорун уктук.
— Арген, саламатсызбы! Адегенде сиз менен жакындан таанышып алалы, кайсы жердин кулуну болосуз?
– Саламатсыздар. Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлүп, балалыгым аталган айылда өттү. Үйдө 5 бир туугандын кенжесимин. Ата-энем чыгармачылыктан алыс адамдар, бирок чоң атам эл алдында жүргөн, чыгармачылыктын “чымындары” бар инсан. Жаш кезинде актёр болгусу келип, бирок турмуш-шартка байланыштуу ал тилегине жетпей калыптыр. Өнөрдүн учкуну мага чоң атамдан өткөн окшойт, бала кезден чыгармачылыкка жакын өстүм. Учурда 23 жаштамын. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин эстрада бөлүмүндө сырттан окуйм. Чыгармачылыктын казанына түшүп, аракет кылып келе жатканыма 7 жылдай болуп калды.
— Ырчылык жолго качан жана кантип түшүп калдыңыз?
– Чынын айтсам, кичинемде “ырчы болом” деп кыялданган эмесмин. Бирок кесип тандоого келгенде жүрөгүм ушул тармакка тартыларын сездим. 16 жашымда Бишкекке келип, аккордеон боюнча сынактарга катышып жүрдүм. Акырындык менен чыгармачылыкка аралашып ырдай баштадым, чөйрө таптым. Албетте, башында татаал болду. Азыр деле “өз жолумду таптым” деп так айта албайм. Изденип, аракет кылып келе жатам. Бир нерсени так түшүндүм: ырчылык – менин жолум экен. Бир-эки күн ырдабай калсам, кадимкидей бук болуп кетем. Сөзсүз атактуу болушум керек деп жулунбайм, ошол эле учурда көптүн бири катары жүрө берүүнү да каалабайм. Ырчылыкта өз изимди калтыргым келет. Кандай болсо да ырчылык – жан дүйнөмдүн каалоосу экени анык.
— Ырчыда эң биринчи эмнелер болушу керек деп ойлойсуз?
– Сөзсүз түрдө талант болушу керек. Анан ырчы мээнеткеч, аракетчил болууга тийиш деп ойлойм. Аракетсиз ийгилик жаратуу кыйын. Финансылык абал да маанилүү, бирок ал кийинки пландардагы нерсе го дейм.
— Алгачкы ырыңыз, чоң сахнага алгачкы жолу чыкканыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Кандай таасир калтырды эле?
— Алгачкы жолу чоң сахнага чыкканда аябай толкундангам. Бишкектеги Спорт Ордосунда студенттер күнүнө арналган концерт болчу. Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков сыяктуу таланттуу агаларыбыз менен бир сахнага чыгып жатам деп абдан толкундануу болгон. Ал концертте мени колдогондор көп болуп, ырдап бүткөнүмдө дуу кол чабышканы эсимде. Бул нерсе биринчи жолу сахнага чыккан жаш ырчы үчүн чоң стимул, дем-күч эмеспи.
— Аргендин ырлары көбүнчө эмне жөнүндө?
— Чыныгы сезимдер жөнүндө. Сүйүү, сагыныч, жашоонун жөнөкөй, бирок маанилүү сүртүмдөрү баяндалат көбүнчө. Угарман чыгармаларымды укканда ырдын сөзүнөн же кайрыктардан өзүн таба ала тургандай ырларды тартуулагым келет. Өзүм обон чыгарам, ырдын текстин жазам, ырдайм дагы. Чыгармачылыктагы кичинекей өзгөчөлүгүм ушул деп ойлойм.
Жакында Жараткандын буйругусуз эч нерсе болбойт деген мааниде “Буйрук” деген ырымды чыгардым. Апам бир аз сыркоолоп калганда атайын апама арнап ыр жараткам. Угуп аябай кубанды. “Кечикпе” деген ырым өз жашоомдон алынган, кечигип калган сүйүүм тууралуу чыгарма. Кыскасы, ырларым жашоодо биз аралашып, көрүп, билип эле жүргөн окуялар, сезимдер жөнүндө.
— Сизге таасир берген ырчылар барбы, болсо кимдер?
— Албетте, бар. Жогоруда айтып өткөндөй, Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Нурлан Насип агаларыбыздын ырларын ырдап чоңойдук. Баары таланттуу, мыкты агалар. Сахна артында кеп-кеңештерин айтып турушат. Бирок эч кимди кумир тутпайм. Башка ырчыларды туурагым келбейт, ар кимдин өз багыты бар. Аргендин да өз үнү, өз стили болушу керек деп эсептейм.
— Ыр тандоодо эмнеге көбүрөөк көңүл бурасыз?
— Ырдын сөзүнө көңүл бурам. Анткени жүрөктөн чыккан сөз гана жүрөккө жетет. Обондорум да элге сиңсе деген тилегим бар. Азыркы тапта автордук 5 обонум бар, интернет желесинен уксаңыздар болот. Даярдалып жаткандары, келечекте жарык көрө тургандары да көп. Убагы келгенде аларды да угасыздар.
— Жогоруда “башында кыйын болду” деп айтып калдыңыз. Ырчылыктан башка эле тармакка кетейин деген учурлар болгон жокпу?
— Болду. Кыйынчылыксыз иш болбойт экен. Бардык жумуштун өзүнө таандык оордугу, кыйынчылыгы бар. Андай кыйын учурларда мени сахнага болгон сүйүүм гана кармап калды окшойт.
— Азыркы кыргыз шоу-бизнесине көз карашыңыз кандай?
— Ылдам өнүгүп жатат. Ким мээнет кылса, ишинин үзүрүн көрөт. Мурун “фортуна жылмайды” деп коюшчу эмес беле? Азыр ийгилик жаратуу көбүнчө бактыга жараша эмес, аракетке жараша болуп калды деп ойлойм.
— Сахнадагы Арген менен кадимки жашоодогу Арген бири-биринен айырмаланабы?
— Сахнада эмоциям көп, энергиям ташып турат. Ал эми жашоодо жөнөкөй, токтоо адаммын. Бирок экөөсүндө тең жасалмалуулук жок. Жаңы таанышкандар үчүн мүнөзүм түнт сезилиши мүмкүн, анткени бирөөгө дароо эле ачылып кетишим кыйын. Ал эми мени жакшы тааныган адамдардын арасында шайырмын.
— Бийкечтерди кызыктырган суроого жооп алып берели, жүрөгүңүз бошпу?
— Бош. Мага келчү сүйүү негедир кечигип жатат (күлүп). Бирок азырынча үйлөнүү планым жок. Азыр иштей турган учурум, чыгармачылыкта баарын бир нукка салып алсам, анан жеке жашоого убакыт арнайм. Убагы келгенде жүрөгүмдүн ээси жолугарына ишенем.
— Жакынкы күндөргө же айларга планыңыз кандай?
— Жаңы ырдын үстүндө иштеп жатам. Клип тартуу планы да бар. Жакын арада угармандарга жана күйөрмандарга сюрприз болот.
— Ырчылык сизди инсан катары өзгөрттүбү?
— Жоопкерчилик күчөдү. Элдин көз алдындабыз, демек, ар бир кадамды этияттап таштап, ар бир сөздү таразалап айтууга тийишпиз.
— Сиз үчүн ийгилик деген эмне?
— Эл ырларымдан өзүнүн жашоосун көрүп, ырларымды ырдап жүрсө – бул мен үчүн ийгилик. Өнөр жолунда мени колдогон, кеп-кеңешин айткан ар бир адамга ыраазычылык билдирем.
— Маегиңиз үчүн рахмат! Сизге ийгилик каалайбыз!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |