7 кереметтин бири – Петра шаары

№1204

“Чөл бермети”, “Күлгүн шаар”, "Жакынкы Чыгыштын сыйкырдуу шаары" аталыштарын алып жүргөн байыркы Петра шаарына саякат жасайлы. Аска боорундагы таштарга чегерилип салынган шаар Иордания мамлекетинин сыймыгы, туристтер көрүүгө дегдеп барган жер. 2007-жылдан бери дүйнөнүн 7 кереметинин жаңы тизмесине кирген шаар тууралуу кызыктуу маалыматка ээ болуңуз, окурман.

Күлгүн шаар

Эмнеге "Күлгүн шаар" деген аталышты алып жүрөт дейсизби? Петрада дээрлик имараттардын баары кумдуу аска боорунда жайгашкан. Күн нурунун тийишине, жарыктын чагылышына жараша кумдуу жер өңүн күлгүн түстөн кочкул кызыл түскө чейин өзгөртүп турат.

Оңою менен жетпейсиң

Ооба, башка шаарларга салыштырмалуу Петрага оңою менен жетүүгө болбойт. Өтө кууш, ичке Сик аттуу капчыгайдан өткөндөн кийин гана шаар босогосун аттай аласың. Петра бир караганда чакан шаар сезилиши мүмкүн. Бирок шаардын 85 пайызы жер алдында жайгашканын унутпаңыз. Учурда Иорданияга жылына жарым миллионго жакын турист дал ушул байыркы шаар Петраны көрүү үчүн келет. 

Тарых барактарында

Тарых барактарында Петра шаары көптөгөн кылымдар бою унутулуп, 1812-жылы швейцариялык изилдөөчү Иоганн Людвиг Буркхардт тарабынан кайрадан ачылган. Ошентсе да байыркы шаар тууралуу маалыматтар сакталып калган. Аларга таянсак, Идумея (Эдома) падышалыгынын борбору болгон, кийин Набатей падышалыгынын карамагына өтүп, Ракму аталышын алып жүргөн.

Учурда Петра заманбап Иорданиянын аймагында, деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте жайгашкан. Учурунда Петра Чыгыш менен Батышты соода жолунда бириктирген шаар болгондуктан, жергиликтүү калктын капчыгы жукарчу эмес, бай адамдар дал ушул калаада жашашчу. Петра байыркы грек тилинен “таш” деп которулат, аталышы бекеринен коюлбаганын байкаса болот.

Туристтик турлар

Петра шаарына Иорданиянын борбору Амман шаарынан же болбосо дагы бир туристтик аймак Акаба аркылуу 170-200 доллардын тегерегиндеги 1 күндүк тур алып барып келсе болот. Андан сырткары Израилден да барса болот. Мисалы, Эйлат, Иерусалим же Тель-Авивде жүргөн болсоңуз, Петра шаарына барып келүү саякаты 250-300 долларга айланышы мүмкүн. Шаардын өзүнө ат, төө, чакан ат арабалар менен кирүү керек. Ал эми шаардын ичинде автобус каттайт, автоунаалар прокатка берилет.

Архитектура

Күлгүн кумдуу аска бооруна чегерилген архитектурасы шаардын байыркы тарыхынан кабар берип турат. Бедуиндер аска бооруна алгач адамдардын жүзүн чегерип көрүшкөн, бара-бара курулуштун туруктуулугу чакан имарат, кийин түрдүү бийик турак жайларды курууга шарт түзүп берген. Бул аскалар баш калкалаган жай гана эле эмес, душмандардан коргогон бекем чеп да болгон. Шаарды түрдүү эл, уруулар ар кандай убакта салгандыктан бир нече элдин маданий мурасын, тарыхын бириктирип турат. Шаардагы ар бир курулуштун 1 сантиметринен бери канчалык оор эмгек менен салынганын билүү керек. Жергиликтүү уруулар жашаган жерин башкалардын көзүнөн оолак сактагандыктан да бул шаар тууралуу маалымат кийинчерээк гана билинген. Шаардын өнүккөн мезгили набатейлердин дооруна туш келет.

Эмнени көрүү керек?

Сик капчыгайы – Иорданиянын дагы бир кызыктуу жайы, Петранын эшиги болгон Сик каньонун көрүү керек. Бул капчыгайдын эң кууш жеринин туурасы 3 метр, ал эми узундугу 1.2 чакырымга созулат.

Шаардын кире беришинде эле аска боорунда 39-40 метр бийиктикте салынган, туурасы 25 метр Аль-Хазне фасады же болбосо “Казыначылыгы” тосуп алат. Бул жайды “Индиана Жонс-3”, "Синдбад жана жолборстун көзү", “Трансформерлер: Кулагандардын өчү” жана башка тасмалардан да көрө алабыз. Байыркы мифологияга ылайык, фасаддын алдында фараондордун казынасы көмүлгөн деген маалымат бар, ошондуктан да “Казыначылык” деп аталып калган.

Аль-Хазнеден чыккандан кийин Жогорку курмандык чалынуучу жайы бар. Бул жайга баргандар Петраны көпкө чейин унутпайт. Жогорку дегендей эле, аталган жайга жетүү үчүн аска бооруна салынган 800дөй тепкич аркылуу жогору чыгуу керек. Бардык адамдын колунан же бутунан келчү иш эмес, кайнаган ысыкта, тепкич аркылуу жогору чыгуу көпчүлүк үчүн оор сыноо. Ал эми чыккандарга аскалуу шаардын панорамалык кооз көрүнүшү белек катары көз алдыга тартылат.

Дамба – набатейлерден калган байыркы архитектура. Суу ташкындарынан коргонуу максатында алар 88 метрлик тоннель курушкан.

Шаар аралап баратып көптөгөн күмбөздөрдү, анан да Башкы храмды көрсө болот.

Ад-Дейр – Петра шаарындагы популярдуулугу жагынан Сик жана Аль-Хазнеден кийин 3-орунда Ад-Дейр чиркөөсү турат. Бул жайга да оңою менен жете албайсың, бирок жеткенде 50 метр бийиктикте салынган кооз архитектурага туш болосуң.

Ад-Дейрден чыккандан кийин шаадын негизги соода көчөсү Колоннадга келесиң. Эмнеге Колоннад? Анткени көчө бойлой бир катар колонналар жайгашкан. Анан да Нимфеум аталган фонтан бар. Ысык аптаптан чарчагандар 450 жылдан ашык өсүп турат делген фисташка дарагынын көлөкөсүндө эс алса болот.

Климаты

Ысык. Жайкы мезгилде +40 градус ысык болот. Чөлдө жайгашкан шаарга байыркы эл кантип суу системин киргизгенине таң каласың. Набатейлер суу ресурстарын кантип башкарууну билишкен. Плотиналардын, жер алдындагы суу резервуарлардын, цистерналардын жана каналдардын комплекстүү системи баалуу сууну чогултуп, башка нукка буруп, калктын бакубат жашоосун камсыз кылып, адам чыдагыс чөлдө бак-дарактардын, жашылча-жемиштердин үзгүлтүксүз өсүүсүн камсыз кылышкан. Мунун баарын ишке ашырган гидроинженерлерге кол чабуу гана керек.

Дүйнөлүк мурас

Петра 1985-жылдан бери
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде. Ал эми 2007-жылы дүйнөнүн 7 кереметинин жаңы тизмесинен орун алган. Шаарда 800дөн ашуун архитектуралык жай бар. Алар Рим архитектурасынын таасиринде салынган. Шаар тургундарынын саны 30 миңден ашат.

 

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо