“Аватар: От жана күл”. Франшиза аягына чыктыбы?

№1204

Атактуу режиссёр Жеймс Кэмерондун кезектеги “Аватары”, тагыраагы, франшизанын 3-бөлүмү жарыкка чыкты. Кино тарыхындагы кымбат тасмалардын тизмесинен татыктуу орун алган “Аватар: От жана күл” долбоорундагы кызыктуу фактыларга токтолдук.

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2025-жыл, 19-декабрь

Режиссёру: Жеймс Кэмерон

Сценаристтери: Жеймс Кэмерон, Рик Жаффа, Аманда Сильвер

Жанры: фантастика, драма, боевик, эпикалык фильм

Бюджети: 350-400 миллион доллар

Топтогон каражаты: 1 миллиард 88 миллион доллар (1 айга жетпеген көрсөткүч)

Узактыгы: 3 саат 17 мүнөт

Башкы ролдордо: Сэм Уортингтон, Зои Салдана, Стивен Лэнг, Сигурни Уивер, Кейт Уинслет, Уна Чаплин жана башка

1. “Аватар: От жана күл” тасмасы франшизанын эң узак убакытка созулган бөлүмү болду – 3 саат 17 мүнөт. Эске салсак, биринчи “Аватар” 2 саат 41 мүнөткө созулса, “Аватар: Суунун жолу” аталган 2-бөлүмүнүн узактыгы 3 саат 12 мүнөттү түзгөн. Дээрлик 2 тасманы бириктиргендей убакытты алса да, бул долбоорду жылдап күтүп көргөндөрдүн саны арбын. 2009-жылы чыккан “Аватар” дүйнөлүк прокаттан болжолдуу 2,9 миллиард тапкан деп эсептелинет. Ал эми 2022-жылкы “Аватар: Суунун жолу” болжолдуу 2,3 миллиард доллар топтогон. 3-бөлүмдүн прокатка чыкканына 1 ай болду, алгачкы 2 жумасында эле тапкан каражаты 1 миллиард доллардан ашып, рекордчу аталган. Толук жыйынтык чыга элек, ошентсе да “Аватар” франшизасы кино тарыхында корогон бюджети жана тапкан каражаты тарабынан рекордчулардын тизмесинде.

2. 3-бөлүмдө Пандора планетасы жана анын жашоочулары дагы да кеңейтилген форматта көрсөтүлгөн. Буга чейин на'ви расасы адамдар менен гана күрөшүп келген эмеспи. Жаңы бөлүмдө Варанг аттуу кол башчынын башкаруусунда жаңы оттуу на'ви уруусу менен кагылышуу көрсөтүлөт. Тактап айтканда, Пандоранын жашоочулары бири-бири менен согушат. Абада жашаган “Шамал соодагерлери” көчмөн уруусу менен таанышабыз. Кири аттуу каарманды тааныйсыз да, анын Кудайдын кызы экени ачыкталат. Мына ушул сыяктуу жаңы ачылыштарды көрөбүз жаңы бөлүмдөн.

3. Өмүрүнүн дээрлик 30 жылын дал ушул “Аватар” тасмаларын тартууга арнаган режиссёр Жеймс Кэмерон тасманын 4-5-бөлүмү жарыкка чыгар-чыкпасы түшкөн каражаттан көз каранды дейт. Эгер прокаттан түшкөн каражат (жок дегенде 2 миллиард) ал ойлогон көрсөткүчкө жетсе, анда кийинки бөлүмдөрдү тартуу иштери башталат. Болжолдуу 4-бөлүм 2029-жылы, 5-бөлүм 2031-жылы чыгышы мүмкүн. Эгер белгиленген сумма топтолбой калса, режиссёр франшизаны 3-бөлүм менен токтотуп, башка долбоорлорго өтүүгө даяр экенин билдирди. Тасмадагы ачык калган суроолорго Кэмерон китеп жазуу менен жооп берерин кыйыткан.

4. Кино сынчылардын айтымында, “Аватар: От жана күл” бөлүмү сюжети жактан франшизанын эң “алсызы”. Ал эми спецэффект, визуалдык эффекттер жагынан албетте көз суктандырат. Анын үстүнө тасманы алп режиссёр Кэмерон тартты. Ал ар бир жаңы эмгеги менен кино дүйнөсүнө жаңылык киргизген адам. Андыктан тасма көрүүгө жана баа берүүгө сөзсүз сунушталат. 

5. “Аватардын” 2-3-бөлүмү чогуу тартылган. Тагыраагы, 2017-2020-жылдар аралыгында АКШда, Жаңы Зеландияда өткөн тартуу иштери. 3-бөлүмдүн прокатка чыгар датасы 9 жолу белгиленип, кайра өзгөрүп отуруп, дүйнөлүк премьерасы 2025-жылдын 1-декабрында Голливуддун “Долби” театрында көрсөтүлдү. Ал эми кеңири прокатка 19-декабрда чыкты.

6. Кэмеронду ар бир эпизодду саат, күн, жума, айлап идеалына жеткиче тарткан, монтаждаган перфекционист адам дешет. 3-бөлүмдөгү от, күл аралашкан эпизоддор компьютердик графиканын жардамы менен жасалган спецэффект десеңиз, жаңылышасыз. Мисалы, вулкан атылган аймактар чындыкка дал келиши үчүн атайын табигый декорациялар жасалган. Болгону CGI’дын жардамы менен айрым эффекттер күчөтүлгөн. Чыныгы от жана күлдүн ысык табында тартылышкан актёрлор, албетте, бардык коопсуздук чаралардын сакталуусу менен.

7. Тасмадагы жаңы каарман, болгондо да оттуу на’вилердин башында турган каардуу кол башчы айым Варанганын ролун актриса Уна Чаплин аткарды. Чаплин деген фамилия ким тууралуу кабар берет сизге? Уна Чаплин таланттуу актриса эле эмес, легендарлуу актёр Чарли Чаплиндин небереси.

8. Дагы бир кызыктуу факт. Голливуддун таланттуу актрисасы, 76 жаштагы Сигурни Уивер “Аватар: От жана күл” тасмасында өспүрүм кыз Киранын ролунда болду. Эске салсак, актриса 1-бөлүмдө окумуштуулардын катарында болуп, полковник Майлз Куоричтин колунан каза табат эмеспи. 2-бөлүмдө болсо на’ви бөбөккө айланып, 3-бөлүмдө өспүрүм Киранын образын жаратты. Кэмерон актриса Уивердин талантына жогору баа берген: “Кирага айланганда Сигурни Уивердин 76 жашта экени “өчүп” калгандай болду. Ал жеңил, ачык, эркин, ишенчээк, бир аз олдоксон – кадимки өспүрүмгө айланганы таң калтырды. Актрисаны франшизанын 3 бөлүмүндө тең тартуу туура чечим болонуна ишендим”,- дейт. Ал эми актриса өзү Киранын ролу ал үчүн чоң белек болгонун баса белгилейт: “Тартуу иштерине даярданып жатып өспүрүм курагымды эске салганга аракет кылдым. Өзүмө болгон ишенимсиздик, жашоодон өз ордуңду издөө, бардыгынан күмөн саноо сыяктуу сапаттарды берүү мен үчүн маанилүү болду”. 

 

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо