Гүлнара Калдарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "МАКТООЛОР КӨП БОЛСО ДА КЕМЧИЛИГИМДИ ИЗДЕЙ БЕРЕМ"

№1204

Ырчы Гүлнара Калдарованын кыргыз сахнасында салмактуу орду бар. Бул үчүн “Кыз-Буракта”, кийин жеке ырчы катары көп эмгектенген. Маек учурунда каарманымдын жөнөкөйлүгү, чыгармачылыгына абдан сый мамиле жасагандыгы көңүлүмдү бурду.

 

– Редакцияга куш келипсиз, Гүлнара айым! Алгачкы суроо, өткөн жыл эмнеси менен эсиңизде калды?

– Өткөн 2025-жыл мүчөлүү жылым болчу. Мүчөлүү жыл оор болот деп коюшат го, бирок Кудайга шүгүр, мен үчүн жакшы жыл болду.   Жыл башы  саякат менен башталган, саякат менен бүттү. Башкача айтканда, саякаттоо жылы болду. Январда Бириккен Араб Эмираттарына бардым. Ал жактан Абу-Даби, Дубайды көргөн соң кийинки сапарларым Оман, Катарга багытталды. Баары өтө бай, таза өлкөлөр экен. Кооздугуна, өнүккөнүнө суктандым. Февралда Ташкентте болуп, эс алууга жетиштим. Жазында Түркиянын Анталья курорт шаарын кыдыруу менен катар эс ала алдым десем болот. Саякаттан Орусия өлкөсү жана башка бир топ жактар да четте калган жок. Айтор, таасирлерге бай, эсте каларлык жыл болду. Буюрса, биздин өлкө да өнүгүү жолуна түшүүдө. Канча бир жылдан кийин чет өлкөлүктөр табиятыбызга гана эмес, шаарларыбызга суктанып кетет деп ойлойм.

– Убагында «Кыз-Бурак» тобунан чыккан сизди, Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабылова үчөөңүздөрдү эл «үч мушкетёр» ырчы катары таанычу. Бир тууган эже-сиңдилердей жүрдүңүздөр. Топтун ошол популярдуу болуп турган чагындагы эмнелерди эстеп сагынасыз? Кенже, Айжамал менен жакшы катташасызбы?

– “Кыз-Бурактын” мурдагы жана азыркы кыздарынын баары менен мамилем жакшы. Бирге иштешип калган кыздар менен шеринебиз бар. Чогулуп  чай ичишип турабыз. Бирге өткөргөн күндөрдү эстеп, жаштык кездеги жоруктарыбызды айтып күлүп калабыз. Кыздардын ичинен жан курбум, бир тууганымдай болуп калган Айжамал Кабылова менен тыгыз катташтамын, жакын сырдашмын. Андан тышкары Асел Касымова, Жумагүл Раимжан кызы менен да жакшы байланыштамын.

 Достор, ырчылар менен өзүнчө шеринем бар. Туулган күн, майрам, үй-бүлөлүк жакшылыктарды чогуу белгилеп турабыз. 

– Азыр бардык ырчылар «причёска от...», «одежда от...» деп инстаграмдагы жеке баракчаларына бутик, салондорду белгилеп калышпадыбы. Ушулардан улам көп адамдардан «ырчы эле болсомбу?» деген сөздү угуп калсаңыз керек?

– Элдин адамы болгондон кийин биз инстаграм баракчабызга, өзүбүздүн аудиториябызга жаңылыктарыбызды, тойдо  чыгып ырдагандарыбызды, кайсы жактан кийинерибизди, кыскасы, бардыгы менен бөлүшүп турганга аракет кылабыз. Албетте, кийимдерди да жарнамалайбыз. Анткени бутиктерге барып калганда "кийимдерибизди жарнамалап бериңиз" деп акысына бекер кийим берип калгандар болот. Ошентип иштешип келе жаткандар бар. Сахна, тойлор үчүн сапаттуу, өзгөчө кийимдер керек. Кандай кийим кийбейин "каяктан алдыңыз?" деген суроолор көп келет, алар жообун ошол менин жарнамаларымдан таба алышат.

Кээде, албетте, айрым кыз-келиндер “силердин ишиңер эле жакшы, мен деле ырчы болуп калбапмын” деп айтып калышат. Бирок ырчы болуунун артында канча эмгек, талаптар жатканын биле беришпейт.

– Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү концерт берип эл алдына чыгып турууну самап турса керек?..

– Албетте, ар бир ырчы убагы менен концерт берүүнү самайт, кыялданат. Мен да маалы менен өткөрүп келем. Жакшы деңгээлде өткөн концерттерди көргөнүмдө чынында суктанам. Муну “белая зависть” деп коёт. “Азамат, жакшы уюштуруптур” деп баалап каласың. Бирок жакшы концерт үчүн көп каражат, ошончо күч, энергия, убакыт керек. Ырларды жаздырып, хит ырларды чыгарууң керек. Мен эптеп-септеп концерт бергим келбейт. Азыркы концерттер “мен иштеп жатам” дегенди билгизүү үчүн отчёт сыңары болуп калды. Ушундан уламбы, айтор, кийинки учурларда эл концерттерге көп барбай калды. 

– "Изденүү токтогон кезде чыгармачыл дүйнөдө сен жок болосуң" деген учкул сөз бар. Көп изденесизби?

– Ооба, учкул сөз туура айтылган. Кандай ыр жаздырсам, канткенде эл оозунан түшпөй жүрө алам деп чыгармачыл адамдар дайым изденүүдө жүрөт. Мен да көп изденем. Азыркы тапта да жаңы ырларды жаздыруу жаатында пландарым бар.

– Келбетти бир калыпта кармоо үчүн дайыма диета кармоого туура келеби?

– Сахнага чыгыш үчүн үн гана эмес, келбет да болушу керек. Булар  айкалышып турса сен сахнага, сахна сага жарашат. Убакыт өткөн сайын келбетти бир калыпта кармоо кыйын болуп калат, бирок толуп кетпегенге өзүмдү көзөмөлдөп турам. 

– Айрым ырчылар "хейтерлердин оюна караганда мактагандардын пикири маанилүү" деп калышат. Мактоодон эргүү аласызбы? Балким, сын-пикирлердин деле туура айтылгандарын кабыл алат чыгарсыз?

– Чындыгында мен комплименттерди көп угам. “Мурдагыдай эле татына экенсиз”, “жаш көрүнөт экенсиз” деп калышат. Видео, сүрөт киргизсем көбүнчө позитив комментарийлер жазылат. Анда-санда “бул формаң жарашпай калыптыр”, “бир аз толуп калыпсың”, “бул ырың жакпады” дегендер болуп калат. Негизи негативдердин ичинен ушундай туураларын туура кабыл алып, оңдогонго аракет кылам. Мактоолор көп болсо да кемчилигимди издей берем. Муну бизге устатыбыз Гүлшайыр эже үйрөткөн. “Чыгармачылыкта жүргөндөргө бир гана мактоолор болбойт, сындар да болот. Ар ким өзүнүн кемчилигин сезе билип, аны оңдоого аракет кылуусу керек. Ошондо гана өсүү, өнүгүү болот” дечү. Жеке ырчы катары чыккандардын көбүндө мындай нерсе жок болушу керек.  Туура эмес ырдаса деле жакындары, туугандары көтөрмөлөп, мактап коёт. Кээ бир ырчыларга кичине сын айтып койсоң жаман көрүп кабыл алат, мени көрө албай жатат дегенсип. Жаш ырчыларга болсо ыры, сахнадагы маданияты боюнча оюмду айтсам, бут тосуп жаткандай кабыл алгандары бар. 

Бардык адамга жагышың кыйын, бирок ар бир адамдын ою менен эсептеше билүүбүз керек.

– Балалыктан калган кайсы мүнөзүңүз азыр да бар?

– Көктүгүм деп ойлойм. Бир нерсени кылам, алам десем ошону кылмайын, алмайын жаным тынбайт. Кыскасы, максатыма жетмейинче тынбаган көктүгүм бар. Бул, мүмкүн, жакшы сапаттыр. 

– Бактылуулук сиз үчүн эмне?

– Ал жүрөктөгү тынчтык. Ал тынчтык болбосо, акчаң көп болсо да, мультимиллионер болсоң да бактылуу боло албайсың. Ар бир көз ирмемге бактылуу болуп жашаш керек. Достор менен отуруп бир күлүп коюунун өзү деле бакыт.

– Жашоодон алган чоң сабагым деп эмнени айтар элеңиз?

– Дагы да көптү көрө элекмин дейт элем. Жашоо дагы да билбеген, күтүлбөгөн нерселерди көрсөтө берет го... Ошондуктан жашоодо сабак ала турган жагдайлар улам жаңыланып турат. Баарына шүгүрчүлүк дейм.

– Материалдык байлык топтой алдыңызбы?

– Жашоо жеңил болушу үчүн материалдык байлык керек. Бирок мени материалдык байлыкка караганда руханий байлык кызыктырат. Жан дүйнөсү бай адамды чыныгы бай адам деп эсептейм.

 – Жашоо мүдүрүлтөт, чайпалтат, жыгылтат. Азыр кыйын күндө турган кыз-келиндерге эмне деп кеңеш бермексиз?

– Айым, эркек болобу үй-бүлөдө ар ким өз ордун билиши керек. Эркек – кожоюн, аял – кожойке. Аял жолдошуна, анын туугандарына жакшы мамиле жасашы керек. Аялдар кайсы кесиптин ээси болбойлу, үйгө келгенде биз бир мырзанын жубайы, балдардын энесибиз. Ушул милдетибизди унутпашыбыз керек. Турмушта өйдө-ылдый болот,  эркектерге караганда аялдар сабырдуу болушубуз зарыл. Эгер күйөө зордукчул болсо, ал адамдын оңолбосуна көзүң жетсе, анда башка кеп. 

– Элди кубантып жүрө бериңиз, рахмат маегиңизге!

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо