Шайлоого себепсиз барбагандарга чара көрүлүшү мүмкүн

№1204

Шайлоого себепсиз катышпагандарга чара көрүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Мыйзамда шайлоого активдүү катышкандарга жеңилдиктерди берүү жана алардын арасында лотерея өткөрүү каралган. Ал эми добуш берүүгө катышпагандарды мамлекеттик айрым жеңилдиктерден ажыратуу сунушталат. Мисалы, айып пулдарды төлөөдө, дипломдук иштерде кошумча упайларды, магистратурада бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө, мамлекеттик кызматтарга тандоодо артыкчылыктар каралбайт.

Документте дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдө шайлоого катышпагандарга айып пул салуу мыйзамы бар экени мисал келтирилип, аны колдонуу сунушталган. Ага ылайык, добушун бербегендерге алгач эскертүү берилет жана кайталанса айып пул салынат. Мыйзамда ошондой эле шайлоого 3 жолу себепсиз катышпагандарды 5 жылга чейин шайлануу укугунан ажыратуу каралган.

Мыйзамдын негиздеме-маалымкатында мамлекет шайлоону уюштурууга миллиондогон каражат жумшап жатканы, ал текке кетпеши керектиги жазылган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров шайлоого элдин катышуусу пассивдүү болуп жатканын, аны көбөйтүү үчүн чараларды ойлоп табуу керектигин билдирген эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо